Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1 Бардыгы / Кечээ, 28-апрелде Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө арналган «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал–Абад электр тармактар ишканасында арналган атайын иш–чара өткөрүлдү. Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган иш-чараКыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин эмгекти коргоо, өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу жана кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча коюлган талаптарын ишке ашыруунун […]
2 Бардыгы / Кечээ, 28-апрелде Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө арналган «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал–Абад электр тармактар ишканасында арналган атайын иш–чара өткөрүлдү. Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган иш-чараКыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин эмгекти коргоо, өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу жана кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча коюлган талаптарын ишке ашыруунун […]
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
29.04.2026 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Кечээ, 28-апрелде Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө арналган «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал–Абад электр тармактар ишканасында арналган атайын иш–чара өткөрүлдү.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган иш-чараКыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин эмгекти коргоо, өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу жана кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча коюлган талаптарын ишке ашыруунун алкагында өттү.
Иш-чаранын негизги максаты – кызматкерлердин эмгек коопсуздугу боюнча билимин жогорулатуу, өндүрүштө коопсуздук эрежелерин так сактоонун маанисин түшүндүрүү, өндүрүштүк жаракаттардын алдын алуу жана эмгекти коргоо маданиятын калыптандыруу болду.
Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Ишенимдүүлүк, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы кызматынын башчысы Алтынбек Болотов баяндама жасап, эмгекти коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптары, кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, ошондой эле өндүрүштө коопсуз иштөөнүн негизги эрежелери тууралуу кеңири маалымат берди.
Ал энергетика тармагында эмгекти коргоонун мааниси өзгөчө экенин белгилеп, ар бир кызматкер коопсуздук талаптарын так сактоого милдеттүү экенин айтып, кызматкерлер атайын коргоочу каражаттар, атайын кийимдер жана зарыл болгон техникалык жабдуулар менен толук камсыздалып жатканын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында өндүрүштөгү тобокелдиктерди алдын алуу, жумуш орундарында коопсуз шарттарды түзүү, өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүү жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоо маселелери кеңири талкууланды.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо энергетика тармагындагы башкы милдеттердин бири экенин ар дайым баса белгилеп келет. Ал ар бир жумушта бардык түзүмдүк бөлүмдөрдө коопсуздук эрежелеринин аткарылышын туруктуу көзөмөлдөп, кызматкерлерден техникалык коопсуздук талаптарын так сактоону талап кылат.
Ошондой эле энергетика тармагында эмгекти коргоо кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоонун негизги кепилдиги боюнча дыкат жумуш жүргүзүлөт.
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg ОШМУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ ЖАНА СТУДЕНТТЕРИ КОМСОМОЛ ЧОКУСУН БАГЫНДЫРЫШТЫ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.