Аймак

АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ

АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селден улам Кара-Жыгач-

Кызыл-Көл унаа жолундагы кыймылга убактылуу чектөө кирди. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, сел суулары жолдун 3 жерин, тактап айтканда 7-11 – чакырымынын аралыктарын каптаган. Жеринде иш алып баруу учун Nº70 езгоче кырдаалдар белумунен 2 куткаруучу, 1 офицер 1 мотопомпа алып чыгып кетишкен. Селдин кесепетинен Бечел-Аюу айылында 120 куб, Чалдыбар 1 тилкесинде 700 куб, Чалдыбар 2 тилкесинде 1400 куб кокту-колоттордон кум-шагылдар ички чарбалык жолго түшкөн. Учурда райондогу Nº12 жол тейлөө ишканасынын техникасы жолду тазалап жатат.

Мындан сырткары аталган райондун Сыны айылында да 1 сарайдын дубалын сел суулары каптап кеткен.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17