Аймак

ЫЙЛААК КЫЗ АКЫН БОЛЧУ

ЫЙЛААК КЫЗ АКЫН БОЛЧУ

 2,613 Бардыгы /

Сезим мени селкилдетип ойнотту,

Сен өзүңсүз далай таңдар ойготту.

Тагдыр экен арга таппай мен турам,

Гүл эмесмин, кызыл чокмун оттогу.

 

Кызарсам да гүл эмесмин тоодогу,

Капастамын куш сыяктуу тордогу.

Анан кантип мен өзүңө батынам,

Теңебесең мусаапырга жолдогу.

 

Эстеп сени көз жаш агат куюлуп,

Мамилебиз баратты го суюлуп.

Ошондо да байкабай жүрүптүрбүз,

Өмүр, жашоо өтпөчүдөй туюлуп.

 

Кооздук үчүн жасанчы элең бөлүнүп,

Сулууланып, сулуу болуп көрүнүп.

Сулуулукту издеп жүрүп өзүңдөн,

Өзүң кеттиң, өзүң менден бөлүнүп.

 

Кана эми кайгырсак да кайрылбайт,

Калагы жок кайык эми сүзө албайт.

Болду эми мен тагдырга таарындым,

Таарынычым менин эми жазылбайт.

 

Замирбек САДЫРБЕВ, Көк-Жаңгак шаары

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17