Өлкө аймактары менен кубаттуу
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
2,013 Бардыгы / Биз, Жалал-Абад облусунун тургундары, 17-декабрда Нарын шаарында Кыргызстанда электроэнергиянын кымбатташына каршы митингке чыккандардын талабын толугу менен колдойбуз.Нарын шаарынын тургундары Атамбаевдик бийликтин электроэнергияны 700 кВт.сааттан ашык пайдалангандарга 2 сом 5 тыйынга, жылуулуктун гигакалориясын 917 сомго кымбаттаткан чечимине каршы атуулдук позициясын ачык билдирип чыгышты. Ошону менен бирге Теңир-Тоолук энелер, аталар, ага-инилер жана эже-карындаштар бийликтен электроэнергиянын […]
2,014 Бардыгы / Биз, Жалал-Абад облусунун тургундары, 17-декабрда Нарын шаарында Кыргызстанда электроэнергиянын кымбатташына каршы митингке чыккандардын талабын толугу менен колдойбуз.Нарын шаарынын тургундары Атамбаевдик бийликтин электроэнергияны 700 кВт.сааттан ашык пайдалангандарга 2 сом 5 тыйынга, жылуулуктун гигакалориясын 917 сомго кымбаттаткан чечимине каршы атуулдук позициясын ачык билдирип чыгышты. Ошону менен бирге Теңир-Тоолук энелер, аталар, ага-инилер жана эже-карындаштар бийликтен электроэнергиянын […]
Жалал-Абад облусунун тургундарынын 17-декабрда Нарындагы электроэнергиянын кымбатташына каршы митингди колдогон билдирүүсү
18.12.2014 / Автор Orozaly2,015 Бардыгы /
Биз, Жалал-Абад облусунун тургундары, 17-декабрда Нарын шаарында Кыргызстанда электроэнергиянын кымбатташына каршы митингке чыккандардын талабын толугу менен колдойбуз.
Нарын шаарынын тургундары Атамбаевдик бийликтин электроэнергияны 700 кВт.сааттан ашык пайдалангандарга 2 сом 5 тыйынга, жылуулуктун гигакалориясын 917 сомго кымбаттаткан чечимине каршы атуулдук позициясын ачык билдирип чыгышты. Ошону менен бирге Теңир-Тоолук энелер, аталар, ага-инилер жана эже-карындаштар бийликтен электроэнергиянын баасын кымбаттатпоону талап кылып, 22-декабрга чейин Өкмөткө мөөнөт беришти. Биз Теңир-Тоолук туугандардын бул адилет талабын толугу менен колдойбуз жана бүгүнкү оор кырдаалда чындык үчүн чыркырап, кыштын суугуна кайыл болуп, башын тобокелчиликке салган патриоттор менен бирге экенибизди билдиребиз.
Бүгүнкү бийлик «ширшовдук-артыкбаевдик» коррупциялык схемаларды жоё албай, энергетикадагы коммерциялык жана өндүрүштүк жоготууларды токтоткон эффективдүү менеджмент киргизе албагандын айынан улуттук энергетика тармагы оор кризиске батып отурат. Президент Атамбаевдин балдарына тийешелүү ОсОО “Автомаш-энерго” компаниясы улуттук электроэнергетика тармагында ортомчулук кылып, светтин баасын кескин кымбаттатып жиберүүдө. Бул 2010-жылы бакиевдик авторитардык бийликке, электроэнергиянын кымбатташына каршы күрөштө курман болгондордун арбагын тебелегендик болуп саналат.
2010-жылкы элдик революциянын бешиги болгон Нарын жергеси бул ирет да адилетсиз, коррупциялашкан бийликтин чечимине каршы биринчилерден болуп өздөрүнүн акыйкат пикирин билдирип отурат. Биз Конституциялык жарандык укугубуздан пайдаланып, электроэнергияга, күйүүчү майга жана азык-түлүктөргө баанын кымбатташына каршы Нарындык туугандардын талаптарын колдоп, нааразычылык митингке чыкканга даярбыз!
Жалал-Абад облусунун тургундары
Автор Orozaly
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.