Аймак

А.Мамасыдыков, ЭИУнун Биринчи проректору :“ Дос сенин сырдашың да, муңдашың да, колдоочуң да болуш керек”.

 6,988 Бардыгы /

А.Мамасыдыков, ЭИУнун  Биринчи  проректору :“ Дос сенин сырдашың да, муңдашың да, колдоочуң да болуш керек”.

МАМАСЫДЫКОВ АБДИЛБАЕТ АСАНОВИЧ

1971-жылы 11-октябрда Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айлында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Эсеп-экономикалык факультетинин “Чарбалык ишмердүүлүктөгү бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана талдоо” адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.
1994 – жылдан тарта Экономика жана ишкердик университетинде ар кандай кызматтарды аркалап, 2004 – жылдан бери Экономика жана ишкердик университетинин Биринчи проректору болуп эмгектенип келүүдө. 08.00.12 “Бухгалтердик эсеп, статистика” адистиги боюнча аспиранты Воронеж мамлекеттик университетинде кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Аттестациялык Комиссиясы тарабынан “Экономика” багыты боюнча доцент наамы ыйгарылган.
Ал 70 тен ашуун илимий эмгектердин, 3 монографиянын, 3 окуу колдонмонун автору.
2014 – жылдын 30-июнунда экономика илимдеринин 08.00.12 – Бухгалтердик эсеп, статистика жана 08.00.05 – экономика жана эл чарбасын башкаруу адистиктерин айкалыштыруу менен докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактады. Ал “Рух Чабыты” коомдук-кайрымдуулук фондун негиздеген.
“Аймак” газетасы жана “Aymak.kg” сайты окумардардын сунуштарына таянып “Аймактын мыкты инсаны” деп атады. Ошондой эле А.Мамасыдыковду Жалал-Абад телерадиокмпанясы да 2014-жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты” адамды деп атады.


-Абдилбает Асанович, сизди экономика илимдеринин доктору илимий даражасын жактаганыңызды уктук. Куттуктайбыз. Кайсы тема боюнча, кайдан жактадыңыз?

-Мен илимдин доктору даражасын изилденип алуу үчүн илимий ишимди “Инновациялык атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана аны эсептик маалыматтык камсыздоо” деген темада коргодум. Илимий ишимди 2014- жылдын 30- июнунда 08.00.12 – Бухгалтердик эсеп, статистика жана 08.00.05 – экономика адистиктери боюнча Б. Ельцин атындагы Кыргыз- Орус Славян университетинин алдында ачылган илимий советте жактадым.

-Сиздин устатыңыз ким, шакирттериңиз барбы?

-Мен устат катары көп белгилүү, тажрыйбалуу адамдардан сабак алдым. Кадидаттык диссертация жазуу учурунда жана турмушта Л.Т. Гиляровская, Д.А. Ендовицкий, Т. Язган, А.А. Арзыбаев, Вахрушина, Новодворский, Т.К. Камчыбеков жана башкалар. Ошентсе да өзгөчө белгилеп кетчү устаттарым экономика илимдеринин докторлору, профессорлор К.Ш. Токтомаматов, М.И. Исраилов агайлар. Бул агайлар менин илимий ишиме жетекчи болуп, пайдалуу кеңештерин, көп жардамын беришти. Өзүм болсо мага жардам сурап кайрылган ар бир жаш окумуштуудан билимимди аябастан, колдон келишинче көмөк көрсөтүп, колдоп келем. Бүгүнкү күндө 6 аспирант, илим изилдөөчүгө, алардын ичинен 4 изилденүүчү 08.00.12 адистиги, 2 изилденүүчү 08.00.05 адистиги боюнча илимий жетекчи катары иш алып барып жатам.

-Дегеле экономикалык ишкердик университетинде окумуштуулардын курамы кандай?
-Экономика жана ишкердик университетинде окумуштуулардын курамы жыл сайын жакшыры
п барат. Буга далил катары акыркы 3 жыл ичинде өзүбүздүн окутуучулардын ичинен 2 илимдин докторунун, 7 илимдин кандидатынын илимий иштерин жактагандыгын келтирсек болот. Дагы 2 окутуучубуз доктордук, 5 окутуучубуз кандидаттык диссертациясын коргоонун алдында турат.

Сиздердин окуу жай эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

-Биздин окуу жай башка окуу жайлардан бекем материалдык-техникалык базасы, сапаттуу окутуучулар курамы, өзгөчөлөнгөн ынтымактуу жамааты, студенттер үчүн түзүлгөн эн жакшы шарттары менен айырмаланат. Ал гана эмес университеттин девизин да “Сапаттуу билим келечекке айкын жол!”деп тандаганыбыз бекер жерден эмес. Биздин окуу жай жогорку билим берууго укук алгандан кийин (1993 жылдан) 10000 ден ашуун бүтүрүүчүнү чыгарды. Алардын ичинен көпчүлүгү областта, республикада финансы, экономика, банк чөйрөсүндө жана башка эл чарба тармактарында эмгектенишүүдө. Областта, шаарда, дегеле түштүк өрөөнү боюнча биздин бүтүрүүчү эмгектенбеген ишкана жокко эсе десем жаңылышпайм. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн арасында Түркияда, Россияда, Европанын айрым мамлекеттеринде, Америка кошмо штаттарында банк системасында, белдүү фирмаларда менеджерлик кызматтарда иш аркалагандары да бар. Мындан сырткары министрликтерде, Жогорку Кеңеште отурган бүтүрүүчүлөрүбүз жөнүндө да айта кетишибиз керек.

-Окуу жайдын учурда абалы кандай? Кандай жаңы ыкмаларды киргизе алдыңыздар?

-Окуу жайыбыздын учурдагы абалына токтолсок, айтса кулак сүйүнөөр, көрсө көз кубанаар көп иштер жасалды. Окуу жайыбыз кошумча корпустар, кааналар менен толукталды. Заманбап компьютердик класстар көбөйтүлүп, жаңы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыздалды. Студенттердин окуусу, интернет булактарынан кеңири маалымат алуусу үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш- чаралардын алкагында университетте студенттердин билим деңгээлин ачык- айкын баалоо үчүн көз карандысыз тестирлөө борбору түзүлдү. Борборду түзүү аркылуу студент менен окутуучунун бет маңдай, жалгыз отуруп экзамен алуусуна, ар кандай коррупциялык элементтин орун алышына бөгөт койдук. Сынак тапшыруу үчүн келген студент компьютерге отуруп, тандап алган варианты боюнча тапшырмаларга жооп берип жатканда сынак алуучу окутуучудан сырткары, тестирлөө боюнча администратор, окуу-көзөмөл департаментинин өкүлү сөзсүз катышат. Кыскача айтканда бардык шарттар студенттер учун түзүлгөн.

-Алдыдагы келечек пландарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

-Келечекке койгон пландар көп. Алардын баардыгы окуу жайыбызды саны жана сапаты жагынан кеңейтүүгө, жакшыртууга багытталган. рынок экономикасынын, атаандаштыктын шартында бир орунда жылбай отуруп иш алып баруу мүмкүн эмес. Ошондуктан атаандааштардан калбастан, тырышып иштөө, изилденүү керек. Бул багытта окуу жайдын биринчи проректору катары чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезип, аракет кылып жатам.

– Бош учурда эмне менен алек болосуз?

-Бош учурда спорт менен алектенем. Тилекке каршы убакыттын тардыгына байланыштуу спорттун өзүм кызыккан баардык түрлөрү боюнча үзгүлтүксүз машыгып турсам деген тилегим толук орудалбай келет. Мындан сырткары үй- чарбасы менен алектенгенди жактырам. Колум бош боло калса бакчадагы ар кандай иштерди жасап, жаңысын отургузуп, өскөнүн отоо чөптөн арылтып дегендей мээни эс алдырганга аракет кылам.

-Дос деген сиз үчүн кандай мааниге ээ
?

-Дос деген сөзгө өтө маани берип карайм. Азыркы учурда коомдо орун алып калган аш дос, акча дос, бийлик дос деген түшүнүктөр мени көп түйшөлтөт. Мен үчүн дос сенин сырдашың да, муңдашың да, колдоочуң да болуш керек. Досуң кайгырып жатса табалап, кубанып жатса көрө албай турган наадандык болот. Бул илгертен биздин каныбызга сиңген түшүнүк, ата- бабаларыбыздын улуу жолун татыктуу улап, алар калтырып кеткен салтыбызды, наркыбызды унутпашыбыз керек. Достуктун кадырына жете билүү керек деп эсептейм.

– Үй-бүлөңуз жөнүндө да айта кетсеңиз?

Үй- бүлөлүүмүн. Жубайым экөөбүз 3 уулду татыктуу тарбиялап келе жатабыз.

Маектешкен Орозалы Карасартов, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17