Аймак

МЕКТЕП-ЛИЦЕЙГЕ КОШУМЧА ЖАҢЫ 4 КАБАТТУУ ОКУУ КОРПУСУ КУРУЛАТ

МЕКТЕП-ЛИЦЕЙГЕ КОШУМЧА ЖАҢЫ 4 КАБАТТУУ ОКУУ КОРПУСУ КУРУЛАТ

 6 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы №14 инновациялык мектеп-лицейине жаңы 4 кабаттуу окуу корпусу жана спорт зал, спорт аянтчасы курулат. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган мектептин абалы менен таанышып, мектеп жамааты менен жолуккан учурда билдирди.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

шаардагы №14 инновациялык мектеп-лицейиндеучурда 2570 окуучу билим алат. Бирок аталган мектеп-лицей 520 балага гана ылайыкташкан. Ал эми спорт залы, жыйындар залы жана ашканасы жок. Мындан сырткары спорт аянтчасы дагы каралган эмес.

Камчыбек Ташиев мугалимдер жамааты менен жеринде маселени көргөн соң, тийиштүү жетекчилерге, аталган мектептеги муктаждыктарды толугу менен жоюуну тапшырды. Ага ылайык, мектепке кошумча жаңы 4 кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана спорт аянтчасы куруларын, бул билим уясына заманбап шарттарды тузүү тапшырмасы Президент Садыр Жапаровдун талабына ылайык жүргүзүлүп жатканын жана көзмөлдөө жагы өзүнө жүктөлгөнүн белгиледи.

Жогорудагы курулуштар УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган 50 сотых жер тилкеге курулат. Ал жер аянты кезинде жеке тараптарга өтүп кеткен.

УКМКнын төрагасынын тапшырмасына ылайык, курулуш иштери жакынкы аралыкта башталып, келээрки жылдын аягына бүткөрүлмөкчү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17