Аймак

ЭЛИМ ДЕГЕНДИ ЭЛ СҮЙӨТ

ЭЛИМ ДЕГЕНДИ ЭЛ СҮЙӨТ

 3,399 Бардыгы /

Коомубузда мугалим тек гана билим берген, үйрөткөн жана таалим-тарбия берген адам катары таанылбастан, коомдук статусу жогору инсан катары да таанылат.
     Мугалим өзүнүн чөйрөсүндө эзелтен лидер, жол көрсөтүүчү, көйгөй чечүүчү, шыктандыруучу жана бириктирүүчү сыяктуу кызматтарды да аткарып келген. Анын ар бир кыймыл-аракетин коомчулук байкоого алып турган, баскан-турганы өзгөгө өрнөк болсо, ой-пикирлери эл ичинде жаңырык жараткан. Бул кызматтары бүгүнкү күндө да мына ушундай эле уланып келет.
     Эл үчүн жасалган эмгек эч качан эскирбейт, эл адамы болуу сыймык дейт элибизде. Жарыктыкта жашоосунун орчундуу мазмунун коомчулуктун кызыкчылыгы менен өткөргөн, баскан жолу баалуу инсандар бар. Мен кезекте сөз кыла турган асылзат аялзатынын катарын толуктаган -Нажимидинова Астрахан Анарбековна .  Астрахандын  табияты жоопкерчиликтүүлүктү сүйгөн, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон, берилген милдеттенмени өз убагында тездик менен бүтүрмөйүнчө жаны жай албаган өжөр. Топуракка себилген үрөн бир канча мөмө берүү үчүн өзүн садага чапкандай, каарманыбыз да мекендин бейпилдиги, жыргалчылыгы жана келечеги үчүн өз өмүрүн садага чаба алган мугалимдик кесипти аркалап келет. Астрахан алыскы Ала-Бука жергесинин Көк-Серек айылында 1980-жылдын  13-ноябрында үй-бүлөнү кубандырып жарык тааныган. Мектеп жашына чейин “Жеткинчек” балдар бакчасында, ал эми окуучулук курагын  1987-жылы  №24 М. Токтогул атындагы орто  мектебин  ийгиликтүү аяктап,  ошол эле жылы Ош мамлекеттик унверситетинин кыргыз филологиясы факультетинин студенти боло алды. Жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин 2003-жылы өзү окуп, билим алган мектебине мугалим болуп, алгачкы иш сапарын баштаган. Андан кийин №36 Т.Мизираимова башталгыч мектебинде, №25 М.Турсунбеков атындагы орто мектебинде иштеп жүрүп, 2018-жылы №36 Т.Мизираимова башталгыч мектебине жетекчилик кызматына дайындалып, учурда  айылдык кеңештин депутаты. Мектептин жүгүн аркалап келе жаткан үч жылдын ичинде чакан мектебинин өнүгүп-өзгөрүүсүнө бир топ салым кошууда. Кызмат ордуна отурган сааттан баштап, мектептин ремонту, ички жасалгалары, сырткы көйгөйлөрү үчүн бир топ өзгөрүү киргизүүгө жетишти.  Ошондой эле анын  уюштуруучулук  жөндөмү эч кимге окшобойт. Майрам сайын анын мектебинин алды өзгөчө шаңга бөлөнөт: мекен коргоочулары, Ооган ардагерлери, ак элечек апалар,  айылдын ардактуу инсандары менен өткөргөн жолушууулары мактооого татыктуу .  Кол алдында иштеген кызматкерлер эле эмес ,бүтүндөй айыл тургундары сыйлап,  багыт берген жагына шыр турушат.Астрахандын  айыл арасындагы өткөргөн ар бир салтанаттуу оюн-зооктуу кечесинин идеясы  – кыргыздын каада-салтына бай тажрыйбасын чагылдырып,элдик педагогиканын негизиндеги таалим-тарбиядан үлгү алуу, ата-бабанын бай  мурасын кийинки муундарга жеткирүү менен өсүп келе жаткан урпактарга  таасирдүү из калтырууга үндөө.  Андан сырткары мекенчилдик темасына да басым жасап келет. “Нооруз-жаңылануунун башаты”, “Карегимде мекен чеги”, “Мугалим- коомдун күзгүсү”, “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз”, “Керемет окуу” , “Боектор сүйлөйт”, “Сен ооруба,мен ооруюн, Ата Журт!” , “ Аруулуктун башаты-асылзат айым”, Ата салтын унуткан маңкурттуктан ,Ата Журтум, аруулан!” деген темадагы иш-чаралары көргөн көздүн, уккан кулактын моокумун кандырып, жан-дүйнөнү тазалайт.
     Азыркы учурда калеми курчуп, публицистика багытындагы бир топ макалалары газет-журналдардан ордун таап келүүдө .  “Сыр сакталган сүрөт”,  “Жаратылыш жабыркайт” темасындагы макалалары коомчулуктун көңүлүн бурдура алды.
     Жалал-Абад областында Аялдар конгресси тарабынан уюштурулган  “Өнүгүүнүн аянты” аттуу улуттук көргөзмөгө катышып, кол өнөрчүлүктөгү өзгөчөлүгүн көрсөтүүгө жетишти.  Көк-Серек айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн ар кандай иш чараларда коллективи менен катышып, алдына ат салдырбай, байгелүү орунга жетишет. Мекенди коргоо күнүнө карата айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган “Энелер  мээрими”  деген темада  20/30  аскер бөлүгүндө өткөрүлгөн акцияга  айыл апалары менен бирге катышып, жигердүү салым кошту.
   Ал жетектеген тоо койнундагы кичинекей мектепте беш мугалим , төрт техкызматкер эмгектенет.  Окуучулары  мектептер аралык “Жан дүйнө “ көркөм окуу сынагынын райондук турунда байгелүү орундарды ээлеп келет. 2020- жылдагы оор кырдаалга байланыштуу аралыктан окутууда Каримова Замира, Койчуева Жумагүл, Райымкул кызы Айчүрөк, ДЖумабаева Гүлмира эжекелер чеберчилик менен өткөргөн иш-чаралары жана сабактардын иштелмелери соцтармактарга тынымсыз жүктөлүп турду. Ынтымактуу,эмгекчил чакан коллективди жетектөөгө, албетте, каарманыбыздын таасири чоң экени айтпаса да белгилүү. 
  Мен жаштыгымдан бери жакындан билген Астрахандын адамдык сапатындагы адамгерчиликти башкалардан табуу кыйын. Жайдын ысык күндөрүнүн биринде үч жаштагы кызым кокустан жоголуп калды. Бир сутка бою издеп,  энелик жабыркоонун азабында жүргөм.  Үйүнө алып кирип, ысык  чайга набатты салып ,жуттуруп жиберди да:”Азыр үйүңө барып тур.Мен артыңдан барам.Кызың табылат”,-деп жөнөттү. Оозум карышып, бир сутка бою наар албаганымды ошондо билдим. Айтканындай эле үйгө жеткенче кызымдын табылганы жөнүндө жакшы кабар уктум.                        Кандайдыр бир кокустуктан, же кайгыдан азап чеккен адамдан күйпөлөктөп,  жардамын аябаган сапаты бар экен, көрсө.
    Өзү да бирде оор жоготууга учурап калды. Баласын жоготкон эненин зарлаган үнүн эч кимге көрсөтпөсүн. Бирок тоодой кайрат, турмуштун соккусуна муюбаган бекем күч анын дагы бир жолу чыныгы кыргыз аялы экенин агийнелей алды.  Өзү айткандай эл үчүн эмне иш жасаса, анын баары наристе бойдон кеткен  уулу Элдиярдын жаркын элесине  арнап келет.
    Жакшылыктын жарчысы болгон бул айымыбыз куттуу очоктун түтунүн булатып, өзгөчө кооздукка маани берип, гүлдөрдүн түрүн өстүрүүгө кызыгат. Ар дайым позитивдүү көз карашты колдойт. Коомчулуктун, жакындарынын,теңтуштарынын арасында кадыр-баркка ээ. Китепти тез окуп, өзүнүн максаты  боюнча келечекте“Айыл элин китеп дүйнөсү менен сугаруу”,”Т оо койнунан эс алам” деген проектилердин үстүндө иштемекчи. Аталган кызыбыз  айылдын үлгүлүү үй-бүлөлөрүнүн бири атасы- Нажимидинов Анарбек менен апасы-Нажимидинова Буайшанын тарбиясында ушундай ийгиликтерди багынтууга жетишти . Эки эжеси, үч сиңдиси, эки иниси эл кызматында , очор-бачарлуу жашоо улап келишет .Үй-бүлөдө эки кыз, бир уулдун  мээримдүү энеси. Ооган согушунун ардагери, Баткен коогалаңынын катышуучусу, мекен коргоо кызматында көп жыл кызмат өтөп,бир нече орден-медалдардын ээси, чыныгы патриот Мырзабаев Нурсултандын өмүрлүк жары.
     Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча кошкон салымы үчүн “Эл сыймыгынын ээси”  аттуу төш белгисинин ээси . Айыл өкмөтүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук админстрациянын Ардак Громаталарына татыган.
    Элимдин ушундай чыгаан кыздары турганда мамлекетибиздин келечегинен үмүтүбүз чоң.  Пайгамбардын назары түшкөн мугалимдик жөнөкөй ,бирок улуу кесиптин ээси, асыл досум Астрахан, сенден  эл үчүн дагы көптү күтөбүз!

                                       Очерктин автору: Ашыралиева Г.Т. hes

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17