Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
11,367 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине Жалал-Абад ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө караштуу областтык тарыхый-маданият мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча укуктук ыйгарымдуу өкүлчүлүгү “Улуу Дастан” коомдук фонду уюштуруучусу Исмаилов Абдыкадырдан ӨТҮНҮЧ КАТ Менин өтүнүч кат аркылуу кайрылуумдун кыскача мазмуну төмөндөгүчө: 1991.04.05 айынан Ош областы бир министрликте болуу менен бирге өз статусун сактап келет. […]
11,368 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине Жалал-Абад ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө караштуу областтык тарыхый-маданият мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча укуктук ыйгарымдуу өкүлчүлүгү “Улуу Дастан” коомдук фонду уюштуруучусу Исмаилов Абдыкадырдан ӨТҮНҮЧ КАТ Менин өтүнүч кат аркылуу кайрылуумдун кыскача мазмуну төмөндөгүчө: 1991.04.05 айынан Ош областы бир министрликте болуу менен бирге өз статусун сактап келет. […]
ӨТҮНҮЧ КАТ
18.12.2018 / Автор aymak11,369 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине Жалал-Абад ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө караштуу областтык тарыхый-маданият мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча укуктук ыйгарымдуу өкүлчүлүгү “Улуу Дастан” коомдук фонду уюштуруучусу Исмаилов Абдыкадырдан
ӨТҮНҮЧ КАТ
Менин өтүнүч кат аркылуу кайрылуумдун кыскача мазмуну төмөндөгүчө:
1991.04.05 айынан Ош областы бир министрликте болуу менен бирге өз статусун сактап келет.
Жалал-Абад областы өзүнчө бөлүнгөн соң, акыркы убактарда областыбыздын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча үзгүлтүксүз аракеттенип келүүдөмүн. Бул жөнүндө мыйзамдын башкы милдети анын статусун бекемдөө багытында юридикалык жак экендиги жөнүндө тастыктоочу, атап айтканда тарыхый-маданий мурастардын эл үчүн толук сакталышын жана бардык тараптан натыйжалуу пайдаланышын камсыз кылуу максатында алардын коргоо жана пайдалануу жагындагы мыйзам талабын аткаруудагы социалдык-укуктук ченемдерди белгилөө жөнүндө мамилелерин жөнгө салуу нормаларын шарттайт.
1991-2017-жылдарда канчалаган кайрылуу, өтүнүч каттар жолдонгон менен жоопсуз келгендиги бир жагы табышмактуу, бир жагы өкүнүчтүү. Натыйжада социалдык абал оорлошуп, учурда айлык маяна же архивдик маалыматтын жоктугуна байланыштуу миң сом гана жөлөк пул менен келүүдөмүн.
Областыбызда тарыхый-маданий мурастарына байланыштуу болгон ар тараптуу багыттарда иш чараларга катыштыгыбыз болгон менен белгиленген чыгымдардан сыртта болгондуктан бюджетке киргизүү жагы маданият министрлиги тарабынан чечилүүгө тийиш,- деп белгилөөдө.
Андыктан Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамынын статустук негизинде, Жалал-Абад областтык тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча бюджетке киргизүү менен юридикалык тастыктоочу атайын ыйгарымдуу укук берүүңүздү өтүнөт.
Экинчиден социалдык абал, башкача айтканда квартира турак жай маселеси, мамлекет тарабынан көңүл бурулбагандыктан негизги көйгөйлүү, кейиштүү абалда чечилбеген маселе бойдон калып келүүдө. Натыйжада, бөдөнөнүн үйү жок кайда барса быт-былдык, – демекчи учурда өзүм аялым эки балам менен бир мүмкүнчүлүгү чектелген, бардыгыбыз беш жан бирөөнүн үйүндө баш калкалап күн кечирип келүүдөбүз.
Узун сөздүн кыскасы жалпылап айтканда, жогоруда сөзүбүздүн башында белгилегендей тарыхый-маданий мурастарыбызды коргоо жана пайдалануу боюнча Конституциябыз негиз болгон мыйзамда аныкталгандай мамлекетибизге жана жалпы эле коомчулугубузга таандык болгон тарыхый, илимий, көркөмдүк, улуттук асыл-нарк маданий дөөлөттөрүбүздү камтыган бардык баалуулуктарыбыздын башаты болгон ата-мурастарын коргоо “Азаттык таңы” келгендигин айкындоочу, “Улуу Дастан” коомдук фондунун алдындагы негизги максаты жана чоң жоопкерчилик милдети,- деп белгилейт.
Анын негизги багыты эмнеде жана алдыда кандай максаттарды коёт, дегенде анын жалпы жоболору “Улуу Дастан” коомдук фонду коммерциялык эмес мүнөздөгү тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу жагындагы туризмди өнүктүрүү, жаратылыштын экологиялык абалын сактоо, социалдык, кайрымдуулук, адеп-ахлак сыпаттары жана коомдук, мамлекеттик өнүгүшүндө пайдалуу максаттарды көздөгөн юридикалык жак болуп эсептелет ж.б.у.с.
Эгерде ушул көйгөйлүү маселелер кечиктирилгис түрдө канааттандырылса (1991-2018) буга чейинки эмгегиме ыраазы болуу менен юридикалык жагын да талап кылбас элем,- деп белгилемекчимин.
Ушул өтүнүч катка кайдыгер болбосоңуздар буга чейинки алсыз аракетибиз мамлекетибиздин негизги багыты болгон өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын алкагында улуттук кайра жаралуу процессин улантууга ак ниетибиз менен жигердүү аракетибизди мүмкүн болушунча кызмат көрсөтүүгө даярбыз,- деп белгилөө менен бардыгыбыздын көйгөйлүү маселелерибиз көмүскөдө калбай чечилишине, ар бириңиздердин үй-бүлөлүк жана иштериңиздердеги ийгиликтер жарала берүүсүн, мамлекетибизде тынчтык, стабилдүүлүк орношун каалап, келе жаткан 2019-жыл өнүгүүнүн жылы, тилектештигибиз бирге болсун,- деп терең урматтоо менен өтүнүч кат ээси Исмаилов Абдыкадыр.
Сузак району Октябрь айылы Пушкин көч.75
Тел номери: 0773645989.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.