Аймак

КАЙРЫЛУУ

КАЙРЫЛУУ

 2,466 Бардыгы /

Союз курамынан тарта атайын статуска ээ жана бүгүнкү күндө да өз статусун сактап, б.а. элдик тарыхый-маданий мурастарыбызды ыйык сактап келген түштүк чөлкөмүндөгү Ош областтар аралык тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу  жөнүндө Жалал-Абад областтык аймактары боюнча тарыхый-маданий жаатындагы бай мурастарын коргоо жана пайдалануу, алардын сакталуусун камсыз кылуу максаттарда кайра куруу (жаңылануу), эстелик комплекстерин толуктоо, ошол эле багыттарда архивдик маалыматтар аркылуу туризмди өнүктүрүү талаптарынын толукталышын шарттайт. Ошону менен бирге уюштуруу маселелерине байланыштуу болгон чыгымдарды белгилейт.

Кыргызстандын элинин тарыхый-маданий мурастарын таануу боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун өз-ара айкалышкан иши, элдин биримдигин чыңдоого жана мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо алат. Ал экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү, жарандын коопсуздугун камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын комплексинде заманбап коомду жана гүлдөп өнүккөн өлкөнү курууга, жарандык атуулдукту, өлкө үчүн сыймыктануу сезимин калыптандырууга кайсы бир деңгээлде салымдарыбыз болмокчу.

Дүйнөгө таанымал классик жазуучубуз Чыңгыз агабыздын “Манас руху – кыргыз рухунун туу чокусу”, – деген “Манас” эпосунун кириш сөзүндөгү сыйымдуулугу менен баа жеткис, маани-маңызы терең, элибиздин тарыхын жана маданиятын даңазалоо менен улутубуздун улуулугун туюндурган бүтүндөй философиялык-энциклопедиялык маанисин чагылдырган. Ал бүгүнү күндөгү жана келечек муундар аралык байланышын түзүүдө идеологиябыздын башаты болууга тийиш.

XIX кылымдын Россия империялык-тоталитардык мезгили улутка, анын көрөнгөлүү түпкүлүгүнө доо кетирүү максаттарда адегенде үстөмдүк, баскынчылык саясатын жүргүзгөндүгү жашыруун эмес айтсак, жогоруда белгилегендей б.а. 1898-жылдары уюткулуу элибизге кайрат-күч, ар намыс жаратып, маданий мурасыбызды аздектеп элибизге, калайык-калк, жумурай-журтубузга багыт берип туруучу ата-бабабызды өлүм жазасына, “сүргүнгө” мажбур түрүндө айдоо аркылуу элди маңкуртчулукка айландыруу падышачылык Россиянын негизги саясаттарынын бири болгондугу тарыхый далил. Андан соң 1916-жылдагы элибизди куттуу жергебизден ачыктан-ачык куугунтуктаган каргашалуу “Үркүн”.

Улуу Октябрь революциясынын жеңишинен кийинки СССР көп улуттуу элдердин Республикалык курамын түзүүдө 1937-жылдагы мамлекеттүүлүккө жетишүүгө умтулган даанышман аталарыбыздын түпкүлүктүүлүккө болгон аракеттери үчүн канчалары “Репрессияга” б.а. саясий курмандыктарга кабылууга дуушар болушкандыгын саясий өңүттөн алып караганда стратегиялык мааниси тереңде экендигин кыскача корутундуласак жетиштүү.

Эгемендүүлүктүн өзү, бул күн оңой-олтоңго турбастыгын, кылымдардын кыйырындагы кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды, канчалаган азап-тозокторду чыдамкайлык менен жеңип келген. Улутубузга таандык болгон кылымдарды камтыган мурастарыбыздын көп улуттуу жалпы Кыргызстандын, ата-бабаларыбыздын “Азаттык” Улуу майрамы, – деп кабыл алышыбыз абзел.

Кыскача белгилей кетсек, ата-бабаларыбыздын тарыхы, ырдасак көп улуттуу мекенибиздин “Гимни”, көккө көтөрсөк дүйнө элдеринин атаандаштыктарынан калышпай келе жаткан элибизге таандык болгон Туубузду айгинелеп турган тарыхый-маданий мурасыбызды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү мыйзамына таянып, көп улуттуу элибизге таандык болгон баалуулуктарыбызды, мурастарыбызды сактоо багытында “Улуу Дастан” коомдук фондун түзүү аркылуу эл менен ширелишкен биримдикте улам жаңыланууга кадам шилтөөгө мүмкүндүк бермекчи.

Кыскача белгилей кетсек, Сузак районунун айтылуу Көк-Арт өрөөнүндөгү Калмак-Кырчын айылынын тарыхы жеке эле Курманбек баатыр окуясына байланышкан таржымал эмес, баатыр ата-бабаларыбыздын бир нече маанилүү тарыхтын татаал жана катаал окуяларынын күбөсү болгон өрөөн экенин баса белгилемекчибиз. Аны тарыхый далил катары айта турган болсок, – бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн б.а. Анжиян областын камтуу менен түндүк-түштүк аймактарында кадыр-баркы элге сиңип, андагы уруулар ортосундагы талаш-тартыш, чыр-чатактарды, ырк келишпестиктерди биримдикке чакырып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга элди туу көтөрүп, элдин туруктуу ынтымактуулугуна жетишкенде гана түпкүлүктүү көз карандысыз Улуу эл экендигибизди сактап калабыз, – деген нускалуу кеңештерин, акыл-насааттарын, асыл ойлорун жайылтып келишкен. Бирок, падышачылык Россиянын баскынчылык саясатынын куралдуу күчтөрүнө атаандашуудан каргашалуу кан төгүлүү окуясынан элди сактап калуу үчүн даанышмандарыбыз элдин танчтыгы, эртеңки урпактарынын келечеги үчүн ыктыярдуу түрдө сүргүнгө баш кошуп кетүүгө макул болушкандыгы тарыхый далил.

“Улуу Дастан” коомдук фондунун аталышы жөн салды эмес, анын негизги маани-маңызы ушунда турат. Анткени, дүйнөлүк дастандарыбыздын башаты болгон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин ЮНЕСКОго киргизилгендиги элибиз үчүн чоң сыймык.

Эгемендүүлүккө чейин ата-бабаларыбыздын кеменгер даанышмандыктары жөнүндө эскерүү турсун, алар жөнүндө үгүт насаат тескери нукта болуп келгендиги талашсыз.  Демек, бабаларыбыздын айтылбай кеткен армандары океандай түгөнгүс, улуу дарыядай учу-кыйыры жок чексиз бардык баатырдык дастандарыбызды кучагына камтып келет.

Эзелтен эркиндикти эңсеген “Манастын” идеясынын астында көп улуттуу элибизди ынтымакка, бекем биримдикке чакырып, келечек максаттарыбызга жетүүнү көздөмөкчүбүз. Тарыхый-маданий  мурастарыбыздын “Улуу Дастан” коомдук фондунун башатында улуттук аң сезимдин, ар намыстын козголушу, көтөрүлүшү – деген олуттуу маселе бар. Ар намыс өз улутуна, тарых-маданиятына “Манас” баштаган улуу сөз  көркөм-өнөрдүн сырына, кереметине сыймыктануу сезиминен улам курчуйт, өсөт, өнүгөт. Ошол ар намыстын үрөнү кыргыздын даанышмандыгынын,  айкөлдүгүнүн үрөнү нарк-насил, ата-мурасынан көп кылымдап топтогон турмуштук тажрайбасынын кыртышында жетилип олтуруп Манас атабыздын жар таштаган “Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин”, – деген идеясына чейин көтөрүлүп келиши керек.

Технологиялык өсүп-өнүгүү кылымында инсандын кимдигине карабастан ар бирибизде улуттук патриоттуулук үрөнү болмоюн анын келечекке болгон үмүтү жалпы идеялык туруктуулугу бүдөмүк, – десек жаңылыштык эмес.

Кыргызстан көп улуттуу өлкө болгондуктан элибиз эзелтеден бери коңшу жамаатташ элдер менен ынтымакта, достукта жана бир туугандыкта жашап келген. Бул ынтымакты бизге байыртадан Манас бабабыз мурастаган, ушул ата мурасын ыйык тумар катары кастарлап, муундан-муунга алып кетишибиз керек. Ал өнүккөн бакубат Кыргызстанды түзүүдө эгемендүүлүгүбүздү , мамлекетүүлүгүбүздү чыңдоодо негизги куралыбыз, күчүбүз болмокчу.

Улуттук жаңылануу идеясы Республикабыздын Конституциясы негиз болгон тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу жөнүндө  Мыйзамынан кеңири орун алып “Элдин тарыхый” эс-акылын, руханий салт-санаасын, зор интеллектуалдык көрөнгөсүн жана жан дүйнөсүн толугу менен кайра калыбына келтирүү боюнча асыл максаттарын көздөп келет.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жалдарында тарыхый-маданий   мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө кабыл алынган Мыйзамга таянуу менен жаратылыш жан-жаныбарларды коргоо жана экологиялык абалын сактоо багытында тарыхый-маданий   мурас объектилерине киргизүү менен мыйзамдык негизде мамлекеттик эсепке алынган аймак, менчиктештирүү шарапатына жамынып, ээнбаштык менен мыйзам бузуулар каалагандай кулач жайып келди. Бул сыяктуу көрүнүштөр жең ичинен мыйзам бурмаланып келгендиги жашыруун эмес.

Андыктан, ушул сыяктуу терс көрүнүштөрдү жөнгө салуу боюнча өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын алкагында президентибиздин көптөгөн прогораммаларынын алкагында улуттук кайра жаралуу процессин улантуу жөнүндө убадаларын турмушка ашырууну биргелешкен шартта тарыхый-маданий   мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча жаратылыш, экологиялык абалын сактоо, туризмди өнүктүрүү жагын, өнүгүүнүн стратегиялык аймагы катары көңүл буруу учурдун зарыл талабы, – деп белгилемекчибиз.

Белгилей кетсек, ал аймак Жалал-Абад курортунан жогору карай Серүүн кырка тоосу болжолдуу түрдө 100км аралыкка чейин созулуп, Көк-Арт дабанына Кулданбес аркылуу биригет. Союз мезгилинде Серүүн кырка тоосунун орто ченинен эң бийик деп аталган Кайырма тоосунун чокусунан 4-5 км Серүүн кырка тоосун бойлой төмөн жагы Жалал-Абад курорттук зонага караштуу болуп келген. Учурда ал аймак Сузак районунун “Курманбек” айыл өкмөтүнө караштуу болууда. Ал аймактын күңгөй-тескей ортолугунан Көк-Арт дарыясы кесип өтөт. Кайырма тоосуна тушташ күңгөй тарабынын бийиктигинен “Карабек Ата” тоо кыркасы Көк-Арт дабанынын эң бийик чокусу “Ормош Атага” чейинки аралык болжолдуу түрдө 50 км түзөт.

Сөзүбүздүн башында белгилегендей, айтарыбыз Кайырма тоосу менен Абыш жайпанынын ортолугунда ага тушташ күңгөй тарабын тарыхый-маданий мурас объектке караштуу стратегиялык аймак катары, ошондой эле Курманбек  баатырдын күмбөзү турган жайды тарыхый-музей эстелик комплекстерин түзүү улуу акылман, кеменгер даанышмандык менен бабаларыбыздын баатырдык тарыхый окуяларын, алардын көмүскөдө калып келген көйгөйлөрүн түпкүрдө келген элдин таржымалы менен эгемендүү элибиздин бүгүнкү күндөгү өнүгүүбүздү, жетишкендиктерибизди чагылдырган эл аралык маанидеги эстелик комплекстерин куруу, музейлештирүү, муундар аралык байланыштарын түзүү аркылуу экономикалык жана саясий ар тараптуу аракетибиз келечекте үзүрлүү жемиш берет, – деп ишенимдүү түрдө белгилемекчибиз. Билдире турган оюбуздун негизи, тарыхый окуялардын чордону болгон областыбыздын Сузак районунун аймагындагы тарыхый элдик баатыр бабаларыбыздын жергеси Калмак-Кырчын айылы келечекте баатырлар шаары, – деп белгилөө менен алгачкы типтүү долбоорлордун негизинде эң оболу зарыл болгон тейлөө маданиятын заманбап пландаштыруу менен илгерилөөгө умтулганыбыз ишенимдүү кадам көрүнөт.

Балыкчы-Жалал-Абад түндүк-түштүк жол каттамы стратегиялык мааниге өзгөчө ажайып айырмачылыктары бар экендиги ачык айкын байкалат. Андыктан, тарыхый-маданий мурастарын коргоо, туризмди өнүктүрүү, жаратылышка өзгөчө көңүл бөлө турган маселе катары “Өзгөчө экологиялык жагдай аймагы” (ӨЭЖА) табигаттын экологиялык абалына, токой менен жаныбарлардын генетикалык терс таасирин тийгизип жаткандыгына байланыштуу алардын туруктуулугун камсыздоо максатында атайын чечим кабыл алышы учурдун зарыл талабы, – деп белгилемекчибиз.

Ушул орошон ойлорубузду ишке ашырууда ички сырткы ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу менен жалпысынан тегеректеп алганда 50(элүү) млн. сом  талап кылынат. Бул маселе XX кылымда көмүскөдө келген көйгөйлүү элдик арман болуп келсе, Эгемендүүлүктүн чейрек кылымдан ашуун мезгилин басып өтсөк да  өз деңгээлинде маани берилбегендиги өкүнүчтүү. Андыктан, жалпы коомчулуктун атынан кайрылуубуз “Аймактарды өнүктүрүү” жылында, өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын алкагында  тарыхый-маданий мурастарыбызга , жаратылыш,экологиялык абалын сактоо жана туризмди өнүктүрүү багыттарына байланыштуу болгон талабыбыз колдоо табат, – деген терең ишенимибиз, ошону менен эле чектелбестен үй-бүлөлүк, социалдык-укуктук ченемдерге тийиштүү көйгөйлөрдүн чечилиши менен бирге улуттук жаңылануу, кайра жаралуу идеясы өз деңгээлине жетишине зор кайрат-күч, дем берет, – деген терең ишеним, урматтоо менен Жала-Абад областтык көп улуттуу элдин атынан.

Абдыгапар ИСМАИЛОВ, Жалал-Абад областтык тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча укуктук ыйгарымдуу өкүлчүлүгү тарабынан түзүлгөн “Улуу дастан” коомдук фондунун түзүүчүсү

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17