Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,444 Бардыгы / Байлаганыңы карачы ай, 20 сомдон эле го мурда, көбүрөөк байлам менен арзан эле сатат элеңер го!… Барчы ай! Кечке маңдайыма туруп алып…кач ары, кач!… Оорунун үстүнөн бизнес жасап жатасыңар да…! – деп дагы бир топ нааразы сөздөрдү бири-бирине ыргыткан сатуучу жана сатып алуучу айымдар адырашмандын айынан Ош базарынын бир бурчунда кер-мур айтышып, чабыша […]
2,445 Бардыгы / Байлаганыңы карачы ай, 20 сомдон эле го мурда, көбүрөөк байлам менен арзан эле сатат элеңер го!… Барчы ай! Кечке маңдайыма туруп алып…кач ары, кач!… Оорунун үстүнөн бизнес жасап жатасыңар да…! – деп дагы бир топ нааразы сөздөрдү бири-бирине ыргыткан сатуучу жана сатып алуучу айымдар адырашмандын айынан Ош базарынын бир бурчунда кер-мур айтышып, чабыша […]
ЧЫК, ЧЫК! БУЛ ЖЕРДЕ ЭМНЕҢ БАР? ЧЫК!
04.05.2020 / Автор anarkan_kg

2,446 Бардыгы /
- Байлаганыңы карачы ай, 20 сомдон эле го мурда, көбүрөөк байлам менен арзан эле сатат элеңер го!…
- Барчы ай! Кечке маңдайыма туруп алып…кач ары, кач!…
- Оорунун үстүнөн бизнес жасап жатасыңар да…! –
деп дагы бир топ нааразы сөздөрдү бири-бирине ыргыткан сатуучу жана сатып алуучу айымдар адырашмандын айынан Ош базарынын бир бурчунда кер-мур айтышып, чабыша кетчүдөй болуп аларды тегеректеп тургандар “ай-үй” дегенге даай алышпаган учурлар болсо дагы бир жерде:
- Оуу, эй, арчаны ушундай кымбаттатып салдыңарбы, бир боосу 35 сом болуп кеттиби?…
- Ооба, кыйын болсоң тоого чыгып көр,- деп дүңүнөн кап-кабы менен сатып жатышкан эле бул илдет биз тарапты дагы кооптондура баштаган да.
Абалга карата адамдардын азык-түлүк менен кошо ушул арча, адырашманды активдүү алып жатканын көрүп, эл катары алыш керек болсо дагы, Ысык-Атадан алып келип жатабыз дегендерин угуп калып, эми экология эмне болот, деп буйшайман боло, дароо сатып алганга колум барган эмес эле. Ошентсе да, кийинчерээк бир байлам арча алып келип түтөтүп жүрдүм деңизчи.
Өткөндө, дагы бир таанышым бул тоонуку, жыты аябай жакшы деп бир-эки сабак бөлүшө калды. Мейли, ушундан да бир түтөтүп көрөйүнчү десем эле, кыйла курган түшкөнбү, айтор,мен отту өчүрө койгуча алоолонуп күйө баштады. Үйлөй койсом эле, күлү сапырылып, бырыксып, тегерек четке жаба жайылып калгыдай.
Бирок, дал ушул ирмемдерде от тууралуу,“Кыргыздар отко сыйынган деген туура эмес, от менен тегерек четти, аураны тазалап, энергия алышкан, “отур эми, от сурагансыбай, от менен ойнобо…, ж.б.” дегендерди, анан дагы белгилүү жазуучу Мырза Гапаровдун сценарийинде тартылган “Өрүкзардагы баян” кыргыз фильминдеги таланттуу актриса энебиз Даркүл Күйүкованын аткаруусундагы ролдо:
“Алас-алас, Ар балаадан калас!
Бул жерде эмнең бар?!
Чык бул үйдөн!
Жердеген жериңе бар!
Эл деген элиңе бар!
Чык, чык бул үйдөн!
Чык, чык, чык! … деп,
кайра-кайра аластап, дагы арчадан алып кел, деп өктөм сүйлөгөндөгү эпизодду эстей кетсем болобу.
Карабайсызбы, анча-мынча жүдөй түшкөндө деле куттуу кыргызымдын алмустактан бери айтылып келе жаткан “ОТ” философиясы, анан дагы, көркөм каражат- жогоруда аталган фильм менен Ата Журтту аздектөөгө болгон чакырык эске түшө калганын…
Аалам алкагында адамзатты буйшайманга салган азыркы балакет-палакат, албетте, эң оболу Жараткандын Кудурети, анан Айкөл Кыргызымдын Ала-Тообуздун арчаларын түтөтүп алып, өзүнө эле эмес, жалпыга карата таза ниеттүү айтылган тилектеринин күчү менен биротоло чыгып кетсе ажеп-ажап эмес…




Зирек АСАНОВА, Бишкек шаары
2020-жыл, 2-май
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
30.07.2024 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУДА МИЛИЦИОНЕР 100 МИҢ СОМ ПАРА АЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
-
05.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна УР-РАА! ЖОЛАМАН ШАРШЕНБЕКОВ ЧЕЙРЕК ФИНАЛГА ЧЫКТЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.