Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,890 Бардыгы / 1998-жылы Зайырбек Ажыматов менен айтылуу “Асаба” гезитинде ийиндеше иштешип калдык. Оштон Бишкекке барган сайын укама жолукмайынча дегеле кайтчу эмесмин. Анан калса, экөөбүз черибизди жазганча сүйлөшүп, кепке кызыганда алмак-салмак ыр дагы окучубуз. Бир жолу “Улутпуз-биз!” деген чыгармасын ийнине жеткире өзү аткарганы алигүнчө эсимде. УЛУТПУЗ-БИЗ! Түндүк-түштүк, сай-сай деп чектегениң, Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң. Бийлик үчүн […]
1,891 Бардыгы / 1998-жылы Зайырбек Ажыматов менен айтылуу “Асаба” гезитинде ийиндеше иштешип калдык. Оштон Бишкекке барган сайын укама жолукмайынча дегеле кайтчу эмесмин. Анан калса, экөөбүз черибизди жазганча сүйлөшүп, кепке кызыганда алмак-салмак ыр дагы окучубуз. Бир жолу “Улутпуз-биз!” деген чыгармасын ийнине жеткире өзү аткарганы алигүнчө эсимде. УЛУТПУЗ-БИЗ! Түндүк-түштүк, сай-сай деп чектегениң, Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң. Бийлик үчүн […]
Ырга айланып кеттиң Зайырбек…БАРКЫҢДЫ БИЛГЕНДЕРДИН ЭСИНДЕСИҢ!
04.05.2020 / Автор anarkan_kg

1,892 Бардыгы /
1998-жылы Зайырбек Ажыматов менен айтылуу “Асаба” гезитинде ийиндеше иштешип калдык. Оштон Бишкекке барган сайын укама жолукмайынча дегеле кайтчу эмесмин. Анан калса, экөөбүз черибизди жазганча сүйлөшүп, кепке кызыганда алмак-салмак ыр дагы окучубуз. Бир жолу “Улутпуз-биз!” деген чыгармасын ийнине жеткире өзү аткарганы алигүнчө эсимде.
УЛУТПУЗ-БИЗ!
Түндүк-түштүк, сай-сай
деп чектегениң,
Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң.
Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн,
Биримдигин элиңдин экчебегин!
Бир бүтүнгө айлансак,
Улутпуз-Биз!
Бирикпесек, улутту куруттук биз!
Кыр-кырлардан топтолгон жыйын эмес,
“Кыргыз” деген улутпуз! Улутпуз-Биз!
Өрттөй көрбө быкшытып
өзөгүңдү,
Өлтүрбөгүн өзүңдү, өз элиңди?
Ата-эненден, жарыңдан, балдарыңдан,
Арыгыраак сүй Журтту, Мекениңди!
Өксүбөсүн бир бооруң,
жатыңдашың,
Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын!
Кыргызстандын жеринде сакта Кудай?
Кыргыз каны эч качан чачылбасын!
Зобололуу уул-кызың
чыгаан болсун!
Зор Биримдик Биз үчүн курал болсун!
Кокту-колот, сай-сайга бөлүнбөгөн,
“Кыргыз!” деген бир гана ураан болсун!
… Кырчындай 44 жашында Зайырбек моминтип бизди-жалган дүйнөнү таштап кеткениңди угуп, кабыргам кайышып, жүрөгүм жара-жара тилинип, сыздап турду. Оңбогур коронавирус кесепети тийип, жолдор жабылып, бейитиңе бир ууч топурак сала албай калганыма өксүп-өксүп ыйладым…
Эсимде, мен дагы Зайырбекке
кийинчерээк кезиккенимде: –
Мезгил ылгайт! Ким бечел да? Ким кыйын?
Жүзүм буруп, кыянаттык кылбаса…
“Акынмын!” деп дердейгеним бир тыйын!
Менин ырым мен жыттанып турбаса? -деп агымдан жарылдым эле.
Не демекчимин. Ошентип, өлбөстүккө-ырга айланып кеттиң, Зайырбек! Жер бетинде Кыргыз жашап турганда, Сенин өктөм ырларың дагы ошончо өмүр сүрөөрү шексиз.
Ылайым топурагың торко, жаткан жериң жайлуу болсун, кайран укам!
Алишер акең ТОКСОНБАЕВ,
журналист, акын, Ош шаары
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg ДЕНЕ ТАРБИЯ ДАЯРДЫГЫ БОЮНЧА ЖАҢЫ ТАЛАПТАР ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.