Аймак

МЕКТЕП КӨП УЛУТТУУ ӨКҮЛДӨРДӨН ТУРАТ

 2,560 Бардыгы /

2016-2017- окуу жылында А.Тураббаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын эмгек жамааты үзүрлүү эмгектенишип, жакшы көрсөткүчтөргө жетише алышты.
Жаш келечек ээлерине татыктуу тарбия, сапатуу билим берүүдө өздөрүнүн бай тажрыйбасын, билимин аябай эмгектенишүүдө. Сабактардын ар кандай интерактивдүү усулдарынан, НАНО технологиясынан пайдаланып сабактарды кызыктуу өтүшүүдө.
Мектеп көп тилдүү билим берүү программасы менен эки жылдан бери иш алып барууда. Бул программа окуучулардын тил үйрөнүүсүнө жакшы жол ачып берүүдө. Ошондой эле келечекте жалпы республикалык тестирлөөдө каалаган тилде тест тапшырууга чоң жардам болот.
Окутуу орус, кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Башталгыч класстарда жалпысынан 375 окуучу окуп тарбияланып, 85 окуучу 480 сааттык окуу программасын өздөштүрүп жатышат. Класстык бөлмөлөр заманбап жасалгаланган. Бардык класстар телевизор, DVD жана сабактарга керектүү дисктер менен камсыз болгон.
2016-2017- окуу жылынын башында окуучулар бирдиктүү мектеп формасы менен камсыз болушту. Ата-энелердин жардамы менен класстык бөлмөлөрдүн бардыгына жаңы айнек пардалар илинди. 28000 сомдук идиш аяктар ысык тамак үчүн алынды. Даярдоо класстарына 10000 сомдук килем, 5000 сомдук ар кандай окуу процессине керектүү нерселер, 5000 сомго телевизор, 2500 сомго подставка,6000 сомго жылыткыч,103 000 сомго камкорчулар кеңеши тарабынан интерактивдүү доска алынды. Бул ийгиликтерге жетишүүдө башталгыч класстардын мугалимдери ата-энелер менен тыгыз байланышта иштешти.
Башталгыч класстарында жалпысынан 16 мугалим үзүрлүү эмгектенишүүдө. Бир мугалим” Билим берүүнүн мыктысы”, эки мугалим КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак гамотасынын ээси, калган мугалимдер, мектептин, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Ала-Бука айыл аймагынын, райадминистрациясынын, ошондой эле Жалал-Абад областтык усулдук борборунун Ардак грамоталарынын ээлери. Кыскасы бардык мугалимдер эмгектерине жараша сыйланышкан.
Мектеп көп улуттуу, ошондуктан көп улуттун өкүлдөрү эмгектенишет. Мектеп окуучуларын адептүүлүккө, ыймандуулукка, бирин-бирин сыйлого тарбиялоо биздин негизги милдеттерибиздин бири. Ошондуктан мектепте өткөрүлүүчү ар кандай иш чараларды Көп тилдүү билим берүү долбоорунун негизинде өткөрүлөт.
Тарых жана маданият жылына карата ар кандай класстан тышкаркы иштер, тарбиялык ачык сабактар өткөрүлдү. Атап айтсак Үркүндүн 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш -чара окуучуларды сабырлуу, чыдамкай,ар кандай кырдаалда да жашоо керек экендигин аңдай алышты.Кыргыз элинин башынан өткөргөн кайгылуу күндөрүн аз да болсо жаш өзгөчөлүгүнө жараша билишти. Кыргыз элинин чыгаан уул- кыздары жөнүндө маалымат алышты.
Окуучуларга татыктуу тарбия сапаттуу билим берүүдө мугалимдерибиз: Юсупова Феруза, Кочкоралиева Арзыкан, Баратова Зумрад, Мамыржанова Мафтуна, Дадабаева Фарида, Инамова Фатима, Фарманкулова Мутабар, Наримбаева Нурхан, Журабаева Нилуфар, Эшалиева Паризат, кыргыз тили мугалимдери Нишаналиева Дилхумар, Рахманжанова Махлие дене тарбия мугалимдери Сайфутдинова Шахзода, Төлаева Азада эжекелер чыгармачылык, изденүүчүлүк менен эмгектенишүүдө.
“Бирге окуйбуз”долбоорунун алкагында да көптөгөн иштер аткарылды. ”Окуу лагери” үзгүлтүксүз иштеп жатат. Окуу лагерине даярдоо класстардан баштап 4- класска чейинки окуучулар тартылган. Ата-энелер чогулуштары да долбоордун алкагында өткөрүлүп жатат. Класстык бөлмөлөрдө ар кандай аталыштагы бурчтар уюштурулган.
2016-2017- окуу жылында эмгек жамаатыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып биримдикте иштешти.
Биздин мугалимдерибиздии сабактарынан иштелмелерди сиздерге сунуштайбыз.
Юсупова Феруза, Кочкоралиева Арзыкан эжекелердин сабактарынын иштелмелери көп тилдүү билим берүү долбоорунун негизинде жазылган.

Зубайра МУСАБЕКОВА, башталгыч класстарынын окуу бөлүмүнүн башчысы, Ала-Бука районунун А.Тураббаев атындагы орто мектеби

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17