Аймак

«Алыш» күрөшү жыйынтыкталды

 3,716 Бардыгы /

«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
Спорт-бул ден-соолуктун булагы, ынтымактын элчиси. Чынында эле турнирлерде бири-бирин тааныбаган спортчулар, спорт күйөрмандары таанышышып, бир командадай болуп, биринин билбеген өнөрлөрүн бири билип тажырыйба алмашышат.
Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесин утурлап, Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлигинин жетекчилигинин демилгеси менен «Спорт кылмыштуулукка каршы» ураанынын астында милициянын алгачкы генерал-майору Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналган «Алыш» күрөшү боюнча ИИМнин иш-мерчеминин негизинде, Жалал-Абад ОИИБнын уюштуруусу менен бирге демилге көтөрүшүп, биринчи жолу Жалал-Абад шаарыбызда «Алыш» күрөшүнүн спорттук түрү боюнча ИИМнин чемпионаты 18-сентябрда башталып, 19-сентябрда жогорку денгээлде уюштурулуп аяктады. Спорт-бул ден-соолуктун булагы, ынтымактын элчиси. Чынында эле турнирлерде бири-бирин тааныбаган спортчулар, спорт күйөрмандары таанышышып, бир командадай болуп, биринин билбеген өнөрлөрүн бири билип тажырыйба алмашышат.
Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесин утурлап, Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлигинин жетекчилигинин демилгеси менен «Спорт кылмыштуулукка каршы» ураанынын астында милициянын алгачкы генерал-майору Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналган «Алыш» күрөшү боюнча ИИМнин иш-мерчеминин негизинде, Жалал-Абад ОИИБнын уюштуруусу менен бирге демилге көтөрүшүп, биринчи жолу Жалал-Абад шаарыбызда «Алыш» күрөшүнүн спорттук түрү боюнча ИИМнин чемпионаты 18-сентябрда башталып, 19-сентябрда жогорку денгээлде уюштурулуп аяктады.
Алгач биздин келечегибиз болгон өспүрүмдөрдүн арасынан жаш балбандар куч сынашып, мелдешти баштап беришти.
«Алыш» күрөшүнүн ачылышында КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Нургазы Нармурзаев, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси Жеңиш Жоробеков, УКМКнын облустук башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокаев, облус прокурору Кылычбек Токтогулов, Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров жана генерал Э.Алиевдин неберелери, машыктыруучулар сөз сүйлөшүп, балбандардын ийгиликтерге жетишишине каалоо айтышып, «Алыш» кыргыз күрөшүн түптөгөн Баяман Эркинбаев, Тапанча палвандын арбактарына багышталып куран окулду.
Өткөрүлгөн «Алыш» боюнча күрөштүн максаты кылмыштуулуктун алдын алуу, өздүк курамдын милиция кызматкерлеринин күжүрмөндүүлүк даярдыгын жогорулатуу, кайраттуулукка, тайманбастыкка, ынтымакты чыңдоого багытталып, жаш өспүрүмдөргө үлгү катары аларды мекенчилдикке, патриоттуулукка тарбиялоого үндөө болду.
Мурун белгилегендей, өлкөбүздүн жети дубанынан, Бишкек шаарынан милициянын «Динамо» командаларынан 12 командадан 100дөн ашык спортчулар 60кг, 70кг, 80кг, 90кг, 100кг жана 100кг жогорку салмактарда ат салышышты.
Жалал-Абад ОИИБнын «Динамо» командасынын «Алыш» күрөшү боюнча спортчулары, 60кг салмакта Турдиев Чынгыз 1-орунду камсыз кылса, 70кг салмакта Адылбеков Асылбек 2-орунду камсыз кылды, 80кг салмакта Нарматов Эрмек 3-орунду камсыз кылса, 90кг салмакта Матисаков Бакыт 3-орунду камсыз кылды, 100кг салмакта Акишов Кымбатбек 1-орунду камсыз кылса, 100кг ашык салмакта Көкүмов Кубанычбек 1-орунду камсыз кылышты.
Жалпы командалык орунда Жалал-Абад ОИИБнын спортчулары 1-орунга жетишишип, спорт күйөрмандарын кубандырышты.
Байгелүү орундарга ээ болушкан командаларга кубоктор тапшырылып, утуп байгелүү орундарга чыккан спортчуларга дипломдор, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер ыйгарылды, ошондой эле неберелери генерал Э.Алиев атындагы фондун атынан өз сыйлыктарын тапшырышты.
Жетекчилик белгилегендей биздин эң чоң кубунычыбыз 1-орун эмес, мелдешибиз биздин Жалал-Абад жергесинде өткөрүлгөндүгү жана кыргыз улуттук «Алыш» күрөшүн жалпы Кыргызстанга жайылтылса дейбиз.
Бул өткөрүлгөн чоң спорттук майрамды Жалал-Абад ОИИБнын милиция кызматкерлери жана спорт күйөрмандары кызуу колдошуп, концерттик программалар менен коштолуп жакшы маанай тартууланып, аяктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма-сөз кызматы билдирди
Алгач биздин келечегибиз болгон өспүрүмдөрдүн арасынан жаш балбандар куч сынашып, мелдешти баштап беришти.
«Алыш» күрөшүнүн ачылышында КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Нургазы Нармурзаев, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси Жеңиш Жоробеков, УКМКнын облустук башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокаев, облус прокурору Кылычбек Токтогулов, Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров жана генерал Э.Алиевдин неберелери, машыктыруучулар сөз сүйлөшүп, балбандардын ийгиликтерге жетишишине каалоо айтышып, «Алыш» кыргыз күрөшүн түптөгөн Баяман Эркинбаев, Тапанча палвандын арбактарына багышталып куран окулду.
Өткөрүлгөн «Алыш» боюнча күрөштүн максаты кылмыштуулуктун алдын алуу, өздүк курамдын милиция кызматкерлеринин күжүрмөндүүлүк даярдыгын жогорулатуу, кайраттуулукка, тайманбастыкка, ынтымакты чыңдоого багытталып, жаш өспүрүмдөргө үлгү катары аларды мекенчилдикке, патриоттуулукка тарбиялоого үндөө болду.
Мурун белгилегендей, өлкөбүздүн жети дубанынан, Бишкек шаарынан милициянын «Динамо» командаларынан 12 командадан 100дөн ашык спортчулар 60кг, 70кг, 80кг, 90кг, 100кг жана 100кг жогорку салмактарда ат салышышты.
Жалал-Абад ОИИБнын «Динамо» командасынын «Алыш» күрөшү боюнча спортчулары, 60кг салмакта Турдиев Чынгыз 1-орунду камсыз кылса, 70кг салмакта Адылбеков Асылбек 2-орунду камсыз кылды, 80кг салмакта Нарматов Эрмек 3-орунду камсыз кылса, 90кг салмакта Матисаков Бакыт 3-орунду камсыз кылды, 100кг салмакта Акишов Кымбатбек 1-орунду камсыз кылса, 100кг ашык салмакта Көкүмов Кубанычбек 1-орунду камсыз кылышты.
Жалпы командалык орунда Жалал-Абад ОИИБнын спортчулары 1-орунга жетишишип, спорт күйөрмандарын кубандырышты.
Байгелүү орундарга ээ болушкан командаларга кубоктор тапшырылып, утуп байгелүү орундарга чыккан спортчуларга дипломдор, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер ыйгарылды, ошондой эле неберелери генерал Э.Алиев атындагы фондун атынан өз сыйлыктарын тапшырышты.
Жетекчилик белгилегендей биздин эң чоң кубунычыбыз 1-орун эмес, мелдешибиз биздин Жалал-Абад жергесинде өткөрүлгөндүгү жана кыргыз улуттук «Алыш» күрөшүн жалпы Кыргызстанга жайылтылса дейбиз.
Бул өткөрүлгөн чоң спорттук майрамды Жалал-Абад ОИИБнын милиция кызматкерлери жана спорт күйөрмандары кызуу колдошуп, концерттик программалар менен коштолуп жакшы маанай тартууланып, аяктады.
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды
«Алыш»  күрөшү  жыйынтыкталды

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17