Аймак

Ош Көйгөйлүү эстакадалык көпүрө: негизги курулуш башталды

 4,919 Бардыгы /

Ош Көйгөйлүү эстакадалык көпүрө: негизги курулуш  башталды

Жакында Ош шаарында калаа башчысы А.Кадырбаев, шаардык Кеңештин төрагасы У. Примов жана бир катар депутаттар, эмгек ардагерлери жана коомчулуктун катышуусу менен Навои көчөсүндөгү узундугу 265, туурасы 23,9 метрди түзгөн эстакадалык көпүрөнүн негизги курулушун баштоого арналган салтанат болуп өттү.
Анын катышуучулары тарабынан бул эстакадалык көпүрө келечек муун үчүн кызмат кылган акжолтой – ынтымактын, биримдиктин көпүрөсү болсун- деген каалоо тилектер айтылып, атайын капсула коюлду. Ошондой эле бул көпүрөнүн курулушунун убактылуу токтотулуп калгандыгы жана анын айланасындагы азыркыга чейин токтобой келе жаткан айрым суроолорго түшүндүрмө берилди.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин билдирүүсүнө караганда бул көпүрөнүн курулушу шаардын мурдагы жетекчилигинин өзүм билемдигинин айынан каржы маселеси чечилбей туруп, долбоорлоо, каржылоо жана курулуш ишканаларын тандоо маселелери бир катар мыйзам бузууларга жол берүү менен башталган. Долбоорлоо иштери кытайлык «Гуйсюэ» компаниясы тарабынан жүргүзүлүп, ал тиешелүү экспертизадан өткөрүлгөн эмес жана субподряддык келишимдин негизинде Оштогу «АрхТБ» долбоорлоо ишканасына кошумча 4 млн. 320,0 миң сом акча каражаты төлөнүп берилген.
Көпүрөнүн курулушун мыйзам талабына ылайыктоо үчүн анын курулушу белгилүү бир убакытка токтотулуп турулган. Анын долбоорлоо-сметалык документтери мыйзамга жооп бербегендиктен бүтүндөй инженердик коммуникацияларын кайрадан курууга туура келген.
Ош шаарынын мэри эстакадалык көпүрөнүн негизги курулушун куруу, долбоорлоо иши белгиленген тартипте, мыйзам жолунда жүргүзүлгөндүгүн, экспертизадан өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү жана колдоосу менен көпүрөнүн курулушуна каражат табылгандыгын баса белгилеп өттү.
Мындан тышкары, акча каражатын үнөмдөө максатында көпүрөнү куруунун альтернативдүү варианты тандалып алынган. Мурдагы варианттын сметалык баасы 597 млн. сом болсо, адистердин тыкыр эсептөөлөрүнөн кийин түзүлгөн кийинкисинде бул сумма 320 млн сомду түзүп, 277 млн. сомду үнөмдөлгөн. Курулуштун 2-этабынын курулушуна да калыс тендер өткөрүлүп, аны “Сафари” курулуш компаниясы утуп алган.
Мэрдин айтуусунда шаардагы автоууна тыгыны эстакадалык көпүрөнү куруу менен эле чечилбейт. Келечекте /ч-Көчө аркылуу Масалиев жана Ленин көчөлөрүн бириктирүүчү дагы бир чоң көпүрөнү куруунун аракеттери көрүлө баштайт. Бул көпүрөнүн курулушу шаардын көчөлөрүн, айрыкча борбордук көчөлөрдү кайрадан кеңейтип куруу, айланма жолдорду салуу сыяктуу иш-аракеттер менен коштолот. Ошондо гана Ош шаарында автоууна тыгынын жоюуга шарт түзүлөт.
Мэр коомчулукту мындай самаалыктарга күбө болчу күндөр да алыс эмес экендигине ишендирди.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
Ош шаары.

Ош Көйгөйлүү эстакадалык көпүрө: негизги курулуш  башталды
Ош Көйгөйлүү эстакадалык көпүрө: негизги курулуш  башталды
Ош Көйгөйлүү эстакадалык көпүрө: негизги курулуш  башталды
Ош Көйгөйлүү эстакадалык көпүрө: негизги курулуш  башталды

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17