Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,862 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз кийлигишүүсүнөн кийин гана Оштогу жападан жалгыз «Достук» Кыргыз-Өзбек чекара бекетиндеги тоскоолдуктар жана кезек күттүргөн тыгындар биротоло жоюлуп, эки өлкөнүн жарандарынын ары-бери үзгүлтүксүз каттооосуна ыңгайлуу шарт жаратылып олтурат. Абдурахман САБИРОВ, Өзбек Республикасынын Наманган облусунун тургуну, айдоочу: – Өзбекстандын Жаңы-Коргон районуна Кыргызстандан жүк ташыймын. Бул жакка дагы […]
2,863 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз кийлигишүүсүнөн кийин гана Оштогу жападан жалгыз «Достук» Кыргыз-Өзбек чекара бекетиндеги тоскоолдуктар жана кезек күттүргөн тыгындар биротоло жоюлуп, эки өлкөнүн жарандарынын ары-бери үзгүлтүксүз каттооосуна ыңгайлуу шарт жаратылып олтурат. Абдурахман САБИРОВ, Өзбек Республикасынын Наманган облусунун тургуну, айдоочу: – Өзбекстандын Жаңы-Коргон районуна Кыргызстандан жүк ташыймын. Бул жакка дагы […]
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК КАТЫШЫ КАЛЫҢДАДЫ
09.03.2018 / Автор aymak

2,864 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз кийлигишүүсүнөн кийин гана Оштогу жападан жалгыз «Достук» Кыргыз-Өзбек чекара бекетиндеги тоскоолдуктар жана кезек күттүргөн тыгындар биротоло жоюлуп, эки өлкөнүн жарандарынын ары-бери үзгүлтүксүз каттооосуна ыңгайлуу шарт жаратылып олтурат.
Абдурахман САБИРОВ, Өзбек Республикасынын Наманган облусунун тургуну, айдоочу: –


Өзбекстандын Жаңы-Коргон районуна Кыргызстандан жүк ташыймын. Бул жакка дагы бош келбестен, күнүмдүк турмушка керектелүүчү товарларды жеткирип турам. Мурун узун кезек күтүп, анан ар жерден тынбай текшерип, чынында, өлө кыйналчубуз. Анан айлабыз таптакыр куругунда чекарачылар жана бажычылар сурагандарын милдеттүү түрдө берчүбүз. А азыр мындай жосунсуз жоруктар – жемкорлук дээрлик тыйылды. Ары-бери эч тоскоолдуксуз эле каттап жатабыз. Адаттагыдай упузун кезек деле жок.
Зебо НЕМАТЖАНОВА, Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын тургуну:


– Тууган-уруктарыбыздын көпчүлүгү Өзбекстанда азыр да жашашат. Өзүм оштук жигитке турмушка чыккамын. Буга дейре жамандык-жакшылыктарга беймарал катташа алчу эмеспиз. Тескерисинче, телеграмма, же чакыруу кагазы болбосо, дароо эле артка кайтарышчу. Ошентип, маркум тууган-уруктарыбыздын тажиясына катышып, сөөгүнө дагы топурак сала албай калган күндөрдү башыбыздан далай кечирдик. Эң башкысы: мындан ары ылайым бүгүнкүдөй достук мамилебиз эч качан бузулбасын!
Мусбахон МИРЗОЕВА, Өзбек Республикасынын Анжиян шаарынын тургуну, соодагер:


– Биз жакта жаз кадимкидей эле күчүндө. Ош шаарынынын базарларына моминтип көк чөп байма-бай ташып жатабыз. Мурдагыдай кыйынчылыктар жана бейжай тоскоолдуктар дээрлик жокко эсе. Чекарачылар жана бажычылар баары мыйзам чегинде гана иштеп жатышат. Бир сыйра текшеришип, анан күттүрбөстөн эле ары-бери өткөрүп турушат.
Баса, Кыргыз чекара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев «Достук» Кыргыз-Өзбек чекара бекетиндеги күзөттө тургандар жарандардан кадимкидей акча алышат. Анан гана өткөрүшөт. Ошону үчүн кезек күткөндөр арбын» деген маалыматы төгүндөдү.
– Тескерисинче, «Достук» Кыргыз-Өзбек чекара бекетинде кошумча паспорт текшерүүчү жайларды көбөйттүк. Ошондуктан, моминтип кезек күткөндөр дээрлик тыйылды! – деди Кыргыз чекара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев.


– Ал эми биз жөнүндө негизсиз ушактарды жайылтып жатышат. Аларды тараткандардын абийирине гана койдук. Анын үстүнө буларды чычалаганга жана териштиргенге убактыбыз жок! Эл өзү тараза. Кандай иштеп жатканыбызды ошолор айтышсын!








Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
09.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.