Аймак

Жанболот ТУРСУНБАЕВ: “АТААНДАШУУ ЖҮРБӨСӨ, ЖОЖДОР ТАПТАКЫР ӨНҮКПӨЙТ!”

Жанболот ТУРСУНБАЕВ: “АТААНДАШУУ ЖҮРБӨСӨ, ЖОЖДОР ТАПТАКЫР ӨНҮКПӨЙТ!”

 6,334 Бардыгы /

          Өлкөбүздүн тарыхында мындай болгон эмес! Академик Муса АДЫШЕВ атындагы Ош технологиялык университетинин (мындан ары ОшТУнун) ректору кызматына 17 талапкер ат салышты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри булардын арасынан ОшМУнун проректору, техника илимдериниин кандидаты, доцент   Жанболот ТУРСУНБАЕВге өзгөчө ишеним артып, а түгүл ОшТУнун ректорлук кызматына аны атайылап өзү олтургузуп, анан дагы эмгек жамаатына жакындан тааныштырып кайтты.

  • Жанболот мырза, ириде жаңы кызматыңыз кут болсун! Сиз

Билим берүү жана  илим министринин буйругу менен дайындалган Кыргызстандагы алгачкы ректорсуз. Өкмөт мүчөсү Алмазбек Бейшеналиев 17 талапкердин арасынан Сизди гана иргөөдө кайсыл критерийлерге – өңүткө өзгөчө басым жасады деп эсептейсиз?

  • Биринчиден, мен алгачкы эмгек жолумду дал ушул ОшТУдан

баштаганмын.Ошол кезде, чынында, жаман иштебепмин. Артымдан ушак-айың ээрчитпепмин.

Экинчиден,  акыркы эки-үч жылда ОшТУнун эмгек жамаатында моралдык-психологиялык климат абдан эле бузулуп, бири экинчисинин үстүнөн арызданып, укук коргоо органдарына ат тезегин кургатпастн жазышып, буга улай  өз ара соттошуп, дегеле тынчыбай коюшту.

          Үчүнчүдөн, министрибизАлмазбек Бейшеналиев ушундай кыйчалыш кырдаалды секин басаңдатуу жана дагы биротоло жайгаруу максатында ачык сынак жарыялабадыбы. Буга насип буюруп мен дагы катышып, керектүү документтеримди  бүт тапшырдым эле.Акыры акыл калчап олтурушуп, комиссия менин талапкерлигиме гана токтолуптур.  

  • Мындан ары Сиз министриңиздин бул зор ишенимин

актаганга жараар бекенсиз?

  •  ОшТУнун эмгек жамааты менен адеп жолукканымда эле мен

дагы дал ушул маселени кабыргасынан койбодумбу. Биринчиден, “Ич ара ыйкы-тыйкылыгыңарды токтоткула? Мен эч кимиңерге болушпаймын! Бейтарап жана адилет иштеп беремин!” – дедим. Экинчиден, ОшТУнун моралдык-психологиялык климатын ыйкы-тыйкы кылып, атайылап бузуп-жаргандарга арабызда орун жок экендигин, мен мындайларды  аябастыгымды, ошондой эле мындай бузукуларга мыйзам чегинде катаал чараларды көрөөрүмдү дагы бир ирет жар салдым жана дагы катуу эскерттим.

  • Агай, Сиз адепки эмгек жолуңузду ОшТУдан баштагансыз.  

Андан ары ОшМУга жооптуу кызматка которулдуңуз. Мындай дегеним эски билим журтуңузда – ОшМУда деги эмне из – жумуш калтырдыңыз?

  • ОшМУда деле көнгөн адатымча жаман иштеген жокмун.

Камчы салдырбастан мээнеттендим. Андыктан, азыр мактансам, албетте, уят! Менде мындай адат дагы жок! Менин жасаган жумуштарымды эски жамаатым өзү айтсынчы?

  • Эми алдыда кандай изги тилек-максаттарыңыз бар?
  •  ОшТУнун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу

жана бара-бара чыңдоо – менин бүгүнкү эң эле башкы максатым! Албетте, бул аракет олчойгон каражатты дагы талап кылат эмеспи. Андыктан, Эл аралык Донор уюмдар менен тил табышып, иштешүү аракетим күч!

          Экинчиси: ОшТУнун студенттерин чет өлкөлөрдө байма-бай окутмакчыбыз. Буга улай чет өлкөлүктөргө дагы ОшТУда заманбап билим бермекчибиз. Ушул максатта эки дипломдуу келишимге кол коюлат. Биздикилер эки жыл бою чет өлкөлөрдө  окушса, же тескерисинче, чет өлкөлүктөр эки жыл ОшТУда, андан ары өз Мекенинде жогору билим ала алышат. Мындай салт акыры өз жемишин берет деген терең ишеничтемин!

-Жанболот агай, Сиз дасыккан адиссиз. Тажрыйбаңыз деле жетиштүү. Кыргызстандагы ЖОЖдорду кошуу-бириктирүү  реформасына кошуласызбы? Мындай жөрөлгө деги өзүн-өзү актаар бекен?

-Алишер мырза, кечиресиз?Профили, мындайча айтканда, адистиги окшош жогорку окуу жайларын ирилештирүү менен эле маселе чечилбейт! Тескерисинче, бул эми гана араң түптөлгөн конкуренцияны жок кылат. Менимче, ЖОЖдор арасында атаандаштык болмоюнча, алар эч качан өнүкпөйт! Болгону жоопкерчиликти гана күчөтүү абзел! Заман талабына жооп беришпеген ЖОЖдорду жабуу – бул коррупциядан, билимсиз муундан кутулуунун эң ийги жолу!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17