Аймак

АЙМАКТАРДЫН ФОРУМУНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ЖАКШЫРТУУ ЖОЛДОРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

АЙМАКТАРДЫН ФОРУМУНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ЖАКШЫРТУУ ЖОЛДОРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

 1,206 Бардыгы /

          БИШКЕК. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) “Аймактардын форуму 2022 иш-чарасын Кыргызстандын башкалаасында чогуу-чараан өткөрүштү. Жергиликтүү башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу максатында жыл сайын уюштурулчу бул форумга жалпысынан жүздөн ашуун делегат – мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ЖалалАбад, ЫсыкКөл, Нарын жана Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты.

          Ананьево, Жаңы-Арык, Ак-Жар жана Акман муниципалитеттеринин өкүлдөрү катышуучулар менен жергиликтүү ресурстарды, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү пайдаланып, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү, таштандыларды ташып чыгаруу жана калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу өңдөнгөн кызматтарды уюштуруу тажрыйбасы менен өз ара бөлүшүштү. Аталган Айыл Өкмөттөрү жергиликтүү бюджетти жана тарифтерди ачык талкуулоо, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүү жараянына такай мониторинг жүргүзүү аркылуу жарандарды чечим кабыл алуу процессине дагы активдүү тарта алышты.

  • “Күчтүү аймак – күчтүү өлкө” деген ураан бекеринен жаралбаса

керек. Жер-жердеги көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртсак, элдин бийликке болгон ишеними чындап жогорулайт. Мунун негизгинде аймактардагы элибиздин жашоо-турмушу дагы ого бетер жакшырат, – деди Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын уюштуруу жана аймактар менен иштөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Жаныбек Жалалов.

Аталган форум USAIDдин “Ийгиликтүү аймак-2” долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор Кыргызстан боюнча 21 пилоттук муниципалитет менен туруктуу иш алып барып жаткан чагы. Долбоор аларды жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү  уюштуруунун укуктук негиздерине, тарифтерди эсептөөгө, стандарттарды даярдоого, жашоочулардын муктаждыктарын баалоого, жарандарды кызуу талкууга тартууга, мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларына жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга үстөккө-босток үйрөтүп жатат.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс жарандарга кызмат кылууга, алардын муктаждыктарын угуп-тыңдоого жана булардын жашоо-шарттарын жакшыртуу үчүн чогуу-чараан иштөөгө даярдыгы үчүн “Аймактардын форуму – 2022” иш-чарасына катышышкан муниципалитеттердин башчыларына терең ыраазычылыгын билдирди.

  • Жоопкерчиликтүү жана ак ниет башкаруунун маңызы – дал

мына ушунда!  деп агынан жарылды USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс.   

Форумдун алкагында катышуучуларга муниципалитеттер үчүн “Теңден – теңге” өз ара окутуу платформасы, Жергиликтүү Кеңештердин аял депутаттарынын клубу жана муниципалдык кызматчыларды окутуу платформасы өңдөнгөн долбоор тарабынан колдоого алынган тажрыйба алмашуу боюнча башка демилгелер тууралуу дагы кенен-чонон маалыматтар берилди.

          Баса, Аймактардын форуму 2022-жылдан 2025-жылга чейин USAIDдин “Ийгиликтүү аймак-2” долбоорунун алкагында жыл сайы өткүрүлүп турмакчы. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак- 2” долбоору – Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында гана ишке ашырылып жаткан төрт жылдык программа. Ал ЖӨБ (жергиликтүү өз алдынча башкаруу) органдары көрсөтүүчү жергиликтүү кызматтардын сапатын жогорулатуунун эсебинен 50 муниципалитетте жарандардын бакубатчылыгын жакшыртууга гана багытталган.

АлишерТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17