Аймак

Алмазбек ШАЙМКУЛОВ: “ЭЛЕТТЕ ӨНД/Р/Ш ООЖАЛАТ!”

Алмазбек ШАЙМКУЛОВ: “ЭЛЕТТЕ ӨНД/Р/Ш ООЖАЛАТ!”

 3,141 Бардыгы /

Кокуйлагандан эч кандай пайда жок! Андан көрө баш көтөрбөй мээнеттенип, элет жергесинде эбин таап, орто жана чакан ишканаларды катарынан куруп, анан дагы бул аркылуу жумушсуздук маселесин дагы толук кандуу жайгарса болчудай. Анткени, муну чөлдүү Араван районундагы тоолуу Маңгыт айыл өкмөтүн аралап, андан соң гана Айыл өкмөт башчысы Алмазбек ШАЙМКУЛОВду кепке тартканыбызда биротоло ынандык.

  • Алмазбек мырза, бүгүнкү өтө кыйчалыш заманда жалаң тоолор

менен курчалган Маңгыт айыл өкмөтүнүн калкы кантип жансактап жатты экен?

  • Аралап көрбөдүңүздөрбү. Маңгытта жаш жарышы дээрлик кызыды.

Жердештерибиз негизинен дыйканчылык, мал чарбачылыгы жана дагы фермерлик менен кызуу алектенип жатышкан чагы.

  •   Менин абдан таң калганым, элетте деле өндүрүштү оожалтса

болот экен да?

  • Ананчы! Биз баарда жамбаштап жаткан жерибиз жок. Маңгытта

кыш заводу, пескоблок жана плитка өндүрүүчү цехтер ушул тапта абдан кызуу иштеп жатышат. Буга улай шагыл өндүрүшүн дагы туруктуу нукка салдык. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтарым: кыз заводунан ар ай сайын 600 миң сом, ал эми пескоблок цехинен 100 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетине которулуп турат. Бара-бара шартыбызга жараша биздин климатыбызга бекем ылайыкташкан башка дагы орто жана чакан ишканаларды ачуу аракетибиз абдан күч! Иши кылып соңку тапта элет жергесинде өндүрүштү кыйла эле оожалттык, эй!

  • Антсе дагы, олуттуу көйгөйлөрдөн куру эместирсиздер?
  • Албетте! Маңгыт айыл өкмөтү тоолуу чөлкөмдө гана

жайланышкандыктан, бизде дагыле жер үлүшү өтө тартыш. Жаңыдан үйлөнгөн, же эрезеге жеткен жердештерибизге энчилейли десек, кааап, чек – жер аянты абдан дефицит! Дал ушул көйгөйлөр дагыле башыбызды куп гана оорутуп жаткан маалы…

  • Баса, Маңгыт жергесинде Улуу Ата Мекендик согушка

катышкандар дагыле бардыр, ыя?

  • Жо-жок! Маңгытта Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын

бири дагы тирүү калган жок… Ал эми ошогезде тылда күжүлдөп иштегендердин 32си дагыле арабызда. Мындан тышкары Ооган согушуна катышкандардын он беши бар. Ошондой эле Чернобыль АЭСинин кесепеттерин четтетүүгө аралашкан жердештерибиз, кудайга шүгүр, катарыбызда эсен-аман. Буларга жыл сайын айыл өкмөтүнүн казынасынан 400 миң сом ажыратып, шартыбызга жараша өтө зарыккандарга гана көмөктөшүп турууну кадимки салтыбызга айландырганбыз.

  • Алмазбек мырза, Айыл Өкмөт башчыларынын акимдер

тарабынан дайындалышы өзүн-өзү актап, анан дагы калыстыкты орнотчудайбы

  • Мен, мисалы, Маңгыт айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан

айыл өкмөт башчылыгына төрт жылдык мөөнөткө шайлангамын. Ошондо дагы бир жарым жылдан кийин гана вазийпам аяктайт.

          Ал эми айыл өкмөт башчыларынын район акими тарабынан дайындалышын мен чын дилимден гана кубаттаймын! Анткени, бул, биринчиден, жемкорлукка, тааныш-билишчиликке биротоло чекит койбодубу. Экинчиден, айыл өкмөт башчыларынын аброюн, өз алдынчалыгын жана ошондой эле жоопкерчилигин дагы ого бетер жогорулатты.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Араван районундагы Маңгыт Айыл Өкмөтүнүн башчысы Алмазбек ШАЙМКУЛОВ ОшМУнун юридика факультетин аяктаган.  Эки кыз, бир уулдун атасы. Көзүр туткан саясий ишмерлери – Исхак Раззаков жана Насирдин ИСАНОВ. Адептүүлүктү, адилеттүүлүктү, тазалыкты жана ыймандуулукту бекем карманат.

          Араван районуна караштуу Маңгыт айыл өкмөтүндө 12 187 калк жашайт. Булардын дээрлик 99 пайызы – кыргыздар. Ал эми калгандары – өзбектер, тажиктер, түрктөр. айыл өкмөтү чачыранды беш айылдан куралган.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17