Аймак

Бердибек АБДРАХМАНОВ: “КАТТА ТАЛДЫКТЫ ДОТАЦИЯДАН ЧЫГАРАМ!”

Бердибек АБДРАХМАНОВ: “КАТТА ТАЛДЫКТЫ ДОТАЦИЯДАН ЧЫГАРАМ!”

 3,432 Бардыгы /

Бердибек АБДРАХМАНОВ 2006-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун ийгиликтүү аяктаган. Мектеп директорунун чарба иштери боюнча орун басары, сот аткаруучу кызматтарын абийирдүү аркалаган. Соңку тапта Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында сот системасында абийирдүү эмгектенип жатканда, мамлекеттик кызматкерлердин сынагына катышып, анын жыйынтыгында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына дайындалып олтурат.

Бердибек мырза. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бүгүнкү шартын азыркы ал-акыбалын Сиз мурун билчү белеңиз

-Жо-жок! Мен өзү Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айылынын кулунумун. Мүмкүнчүлүгүмө жараша интернетти миң ирет аңтарып-теңтерсем деле Катта-Талдык Айыл Өкмөтү туурасында дегеле бир дагы маалымат тапппадым.

Анда эми кантесиз? Баса, Сиз алгачкы кадамыңызды деги эмнеден баштадыңыз? Адаттагыдай командаңызды – айыл өкмөт аппаратын жаңылабыдыңызбы?

-Адепки иш күнүмдө эле эмгек жамааты менен чекесинен таанышкамын. Буларга адегенде эле олуттуу талап койдум. Кимде ким жүйөөлүү катачылык кетирсе, же эмгек тартибин одоно түрдө бузса, адегенде эки жолу эскертемин. Үчүнчүсүндө а түгүл сөгүш дагы жарыялаймын. Буга деле таптакыр көнбөгөндөр – менин командам эмес! Кызматынан сөзсүз кол жууйт…

Сиз чукул арада бул катаал аймакты деги кантип дароо көтөрмөкчүсүз? Канетсе дагы, узак жана кыска мөөнөттүү план-программаңыз бардыр?

-Өзү план-программасы жок жумуш болчу беле… Мыкты план- программам бар. Аны мен азырынча ачыктабаймын. Анткени, түшүнүшпөгөндөр мени мактанып жатат деп ойлошпосун! Мунумду чекесинен сөзсүз аткарамын. Ошондо гана иштин жүрүшүндө маалымат жумурай журтка берип олтурам го. А ага дейре сабыр кылып туруңуздарчы?!?Деги Сиздин туу – кумир туткан ишмериңиз бардыр?

-Мен мусулманмын. Ошондуктан, дайыма Кудайга – жападан жалгыз Аллахка гана сыйынам. Анткени, биздин пайгамбарыбыз – Мухаммед саллоху алейхи салам, а биз баарыбыз тең – анын үмөттөрүбүз. Мындайча айтканда, Аллахка гана сыйынам, аны гана туу тутамын!

Баса, айыл өкмөтү канча айылдан куралган? Сиз булардын баарын тегиз кыдырып, а түгүл элдин муң-зарын дыкаат тыңдагандырсыз?

-Катта-Талдык өрөөнүндөгү чачыранды жайланышкан он айылды чекесинен кыдырып, жергиликтүү тургундардын ооош-кыйыштарын жеринде көрүп-билдим.

Демек, өтө олуттуу жана дагы чукул арада гана чечилүүчү көйгөйлөр бар бекен? Алардан мындан ары кантип кутулмакчысыз?

-Кызыл-Ордо, Эшме жана Садирбай айылдарына эмдигиче таза суу жеткириле элек. Муну, албетте, сөзсүз чечебиз. Анан калса башка дагы кыштактарыбыздагы суу түтүктөрү жана чорголору деле дээрлик бүт эскирип бүтүптүр. Буларды дагы чекесинен жаңылайбыз.

Биз билгенден Катта-Талдык айыл өкмөтү дагыле дотацияда олтурат экен?

-Ооба. Бирок, мен мындан ары абдан катуу аракеттенип, анан дагы эптеп жолун таап, айыл өкмөтүбүздү, буюрса, мамлекеттин дотациясынан чыгарамын. А бул өңүттө ЮСАИД, ЮНИСЕФ, БУУнун өнүктрүрүү программасы, Ас-Сафи өңдөнгөн Эл аралык уюмдар жана дагы Ата Мекендик бейөкмөт уюмдар менен абдан тыгыз иштешемин.

Бердибек мырза, Союз маалында Катта-Талдыкта даңазалуу асыл тукум мал чарба бекети бар эле. Мунун тагдыры азыр кантти экен?

-Аталган бекетибиз азыр деле бар. Мында ушул тапта асыл тукум багытындагы 4 миңдей ангор койлору багылат. Булардан тышкары ушул жерде суюк азат өндүрүүчү чакан ишкана дагы ачылып, ырааттуу иштеп жатат. Ошентип, Катта-Талдыкасыл тукум мал чарба бекети бара-бара ар өңүттө кулачын кеңейтет деген аруу тилектебиз.

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ

          Бердибек АБДРАХМАНОВ 1984-жылы 6-октябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Он-Эки-Бел айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Кесиби – юрист. Тутунган принциби: Сабырдын түбү – сары алтын!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17