Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
2,119 Бардыгы / Ош облусунун Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгы, мындайча айтканда, ишканасы тээ өткөн кылымда, 1966-жылы ишке киргизилген. Ал ошондон бери эки өрөөндүн (Араван жана Ноокат райондорунун) калкын сугат суу менен үзгүлтүксүз жана дагы толук кандуу гана камсыз этип келатат. Тилекке каршы, быйылкы кургакчылыктын кесепетинен суунун көлөмү абдан […]
2,120 Бардыгы / Ош облусунун Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгы, мындайча айтканда, ишканасы тээ өткөн кылымда, 1966-жылы ишке киргизилген. Ал ошондон бери эки өрөөндүн (Араван жана Ноокат райондорунун) калкын сугат суу менен үзгүлтүксүз жана дагы толук кандуу гана камсыз этип келатат. Тилекке каршы, быйылкы кургакчылыктын кесепетинен суунун көлөмү абдан […]
НАЙМАН СУУ САКТАГЫЧЫ ӨЗҮ ЖАЛГЫЗ АРАВАН ЖАНА НООКАТ РАЙОНДОРУН СУГАТ СУУ МЕНЕН ТОЛУК КАНДУУ КАМСЫЗ КЫЛЫП КЕЛАТАТ
07.08.2023 / Автор anarkan_kg

2,121 Бардыгы /
Ош облусунун Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгы, мындайча айтканда, ишканасы тээ өткөн кылымда, 1966-жылы ишке киргизилген. Ал ошондон бери эки өрөөндүн (Араван жана Ноокат райондорунун) калкын сугат суу менен үзгүлтүксүз жана дагы толук кандуу гана камсыз этип келатат. Тилекке каршы, быйылкы кургакчылыктын кесепетинен суунун көлөмү абдан эле азайып, а түгүл бара-бара соолуп, аталган ишканага гана эмес жергиликтүү калкка дагы оңбогондой кыйынчылыктарды туудуруп гана олтурат.
Дамирбек ТАЙЛАКОВ, Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын башкы бекетинин көзөмөлдөөчүсү:


– Бул жер– Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын башкы суу алуучу курулмасы. Ош облусуна караштуу Араван жана Ноокат райондорунун дыйкан талаалары бүт ушундан гана суу алышат. Тилекке каршы, аталган курулма капиталдык ремонтко өтө эле муктаж! А бул “Плотина” обьектисин оңдоп-түзөө үчүн 1 миллион 92 миң сом керектелет.
Абдиламит ЗУЛПУЕВ, Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын Найман участкасынын (тилкесинин) жетекчиси:


– Бизге караштуубул тилкенин 3,163 чакырымы жалаң ылайга чыланган. Демек, механикалык түрдө тазалоого мажбур! Какаганга – муштаган дегендей, 260 метр тилкебиз дээрлик талкаланган.Ал эми “Жаш” курулмасын сел жууп кеткен. Аны кайрадан калыбына келтирүү үчүн адегенде бул аймакты тегиз бетондоо сөзсүз абзел! Анан ушуга улай тосмолор дагы бүтүндөй жаңыланууга тийиш! А муну үчүн 5 миллион 108 миң 616 сом талап кылынат.
Жумабек КАДЫРОВ, Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын Плотина участкасынын (тилкесинин) бөлүм башчысы:
– Биз аркылуу Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 7 693 гектар аянты тегиз сугарылат. Быйыл кашайып күн таптакыр жаабагандыктан, Кыргыз-Ата, Чили-Сай жана Апшыр-Сай дарыялары дээрлик соолуп калышпадыбы. Демек, булар быйыл жылдагыдай мол түшүм ала алышпайт! А бул дегенкүн сайын керектелүүчү продукцияларга баа көтөрүлөт, жергебизде кымбатчылыкөкүм гана сүрөт дегенди ачык туюндурат.
Бактыбек САТТАРОВ, “Мухаммед Умар” кайтаруу агенттигинин күзөтчүсү:


– Ноокат районундагы Найман суу сактагычын жана дагы суу каналдар тобун биз, алты кызматкер, кезектешип күнү-түнү кайтарабыз. Тартипти орой бузуп, суу уурдашкандар дээрлик жокко эсе. Ошентсе дагы Найман суу сактагычында жана Ноокат райондорунун суу каналдарында быйыл сугат суу дээрлик тартыш!
Бул жолку кыдыруубуздун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстук кызматы мамлекеттик мекемесинин Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычынын жана каналддар тобу башкармалыгынын – ишканасынын жаш жетекчиси Мирлдан ДЫЙКАНБАЙ уулун иш үстүндө гана кепке тарттык.
- Жашырып не. Ишканабыздын техникалык базасы дээрлик
канааттандыраарлык эмес! Ал эми техникаларыбыз дагы бүтүндөй эскирип бүткөн. Бирок, оң эле абалда. Аргасыздан эскилерин эптештирип, кайрадан оңдоп-түзөп, кардарларыбызды – Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорунун тургундарын сугат суу менен үзгүлтүскүз гана камсыздап келатабыз. – деп агынан жарылды Кыргыз Республиксынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстук кызматы мамлекеттик мекемесинин Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычынын жана каналддар тобу башкармалыгынын – ишканасынын жаш жетекчиси Мирлдан ДЫЙКАНБАЙ уулу. – Баса, республикабыздын жетекчилиги бизди мындан ары эң акыркы үлгүдөгү техникалар менен камсыз этет деген өтө терең ишеничтемин! А быйыл Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычынын жана каналддар тобу башкармалыгында суунун көлөмү дээрлик жылдагыдан абдан аз! Бул – кургакчылыктын гана кесепети. Найманда ушул тапта 6 миллион 925 метр куб суу бар. Күн сайын Араван районунун Төө-Моюн анклавына 4,5 метр куб, ал эми Ноокат районунун сугат жерлерине 8,8 метр куб сууну сөзсүз түрдө агызып турабыз.
Албетте, Кыргызстандын Түштүк жергесинин калкы көбүнэсе дыйканчылык менен гана алектенет. Андыктан жазында, жайында жана күзүндө сугат сууга тынымсыз күнү түшүп турушат. А мындайда Ош облусунун Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгы, мындайча айтканда, ишканасы мээнеткечтерди өз маалында жетиштүү сугат суу менен толук кандуу камсыз этишип гана келатышат. А бул мээнетти адилет жана өз убагында баалап, Борбордук бийлик аталган башкармалыкка – ишканага экономикалык автономия берип койсо деле, албетте, мындан баарыбыз тең эле утчудайбыз…


Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
04.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ ЭТ ЖАНА КАРТОШКАГА БОЛГОН БААЛАР КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ
-
01.02.2025 / Автор anarkan_kg Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
-
01.02.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КЫРСЫГЫ БИР ҮЙДҮ ЖАЛМАДЫ
-
06.05.2024 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕН БАКТИЯР КАЛПАЕВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ШАЙЛАНДЫ
-
10.05.2024 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДА 70 ОРУНДУУ ЗАМАНБАП МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.