Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,384 Бардыгы / Соңку тапта Ош облусунун Өзгөн районундагы Айыл Өкмөттөрүндө дагы инвестиция тартуу жагы абдан активдештирилди. Бул аракетти биз аталган райондогу Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн мисалынан дагы даана байкадык. Ошондуктан, аталган Аймакка атайын сапарлап, айыл өкмөт башчысы Сүйүнтбек АБДЫКАДЫРОВду кенен-чонон кепке тарттык. Сүйүнтбек мырза. Сиздин атыңызды ким койгон? Эмне үчүн? Дегеним уникалдуу ысым экен? Менин атымды […]
1,385 Бардыгы / Соңку тапта Ош облусунун Өзгөн районундагы Айыл Өкмөттөрүндө дагы инвестиция тартуу жагы абдан активдештирилди. Бул аракетти биз аталган райондогу Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн мисалынан дагы даана байкадык. Ошондуктан, аталган Аймакка атайын сапарлап, айыл өкмөт башчысы Сүйүнтбек АБДЫКАДЫРОВду кенен-чонон кепке тарттык. Сүйүнтбек мырза. Сиздин атыңызды ким койгон? Эмне үчүн? Дегеним уникалдуу ысым экен? Менин атымды […]
Сүйүнтбек АБДЫКАДЫРОВ: “АТАМДЫ КӨРГӨН ӨЛБӨСҮН!”
31.08.2023 / Автор anarkan_kg1,386 Бардыгы /
Соңку тапта Ош облусунун Өзгөн районундагы Айыл Өкмөттөрүндө дагы инвестиция тартуу жагы абдан активдештирилди. Бул аракетти биз аталган райондогу Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн мисалынан дагы даана байкадык. Ошондуктан, аталган Аймакка атайын сапарлап, айыл өкмөт башчысы Сүйүнтбек АБДЫКАДЫРОВду кенен-чонон кепке тарттык.
- Сүйүнтбек мырза. Сиздин атыңызды ким койгон? Эмне үчүн?
Дегеним уникалдуу ысым экен?
- Менин атымды атам Осмон өзү коюптур. Эки уул, алты кыз – бир
тууганбыз. Мен төрт кыздан кийин гана төрөлүпмүн. Ошондуктан, баары тең ыраса сүйнүшүптүр. Анан мага дал ушул ысымды гана биротоло ыроолошуптур.
- Буга эле улай Сиз жетектеген Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн
аталышы дагы зор экен. Анткени менен, бул аймакта дегеле Кызыл-Тоо көрүнбөйт ко?
- Кантип? Айыл өкмөтүбүз кыдырата тоолор, болгондо дагы кызыл
тоолор менен курчалып турбайбы.
- Айтмакчы, айыл өкмөтүңүздөрдүн жылдык бюджети деги
эмнелерден куралат?
- Айыл өкмөтүбүзгө караштуу эки жайдан көмүр кени казылат. Мындан
тышкары бизде транпорт, бонус жана дагы жергиликтүү салыктар бар. Ошентип, жылдык бюджетибиз жалпысынан 9 миллион 531 миң сом жалаң ушулардан гана куралат.
- А мынча каражатты андан ары кантип сарптайсыздар?
- Негизинен инфратүзүмүбүздү жакшыртууга гана коротобуз. Мындан
тышкары ирригация системабыз – Ак-Талаа, Ак-Терек жана Кайналы каналдарын тазалап-кармоого дагы сарптайбыз.
- Кызыл-Тоо жергесинде туулуп-өсүшкөн тың инсандарды ички
инвестор сыңары деле пайдаланбайт белеңиздер?
- Мерчемдүү жерлерге жапжаңы электр чубалгыларын тартып, заманбап
трансформаторлорду орнотуп жатабыз. Буга улай эскирген электр мамылары дагы катарынан алмаштырылууда. Айыл өкмөтүнүн ички жолдоруна шагыл төшөлүп, андан ары асфальт дагы төшөлүп жаткан чагы. Ушул иштердин бардыгы тең Ата Мекендик ички инвесторлордун жардамы аркасында гана жүзөгө ашырылууда.
- Сиз дайымкы жумушуңузда көбүнчө кимди пир (үлгү) тутунасыз?
Көбүнэсе кайсыл макалды көбүрөөк пайдаланасыз?
- Атам Осмон Абдыкадыров айылдык кеңеште иштеген. Анан дагы көп
жылдар бою мектепти дагы ийгиликтүү жетектеди. Бүтүндөй Кызыл-Тоо жергесине үлгү тутчу инсан эле. Ошондуктан. “Атамды көргөн өлбөсүн!” деп тилеп гана келатам.
Анан дагы “Жалгыз аттан чаң чыкпайт!” деген сонун макалды дагы бекем карманам. Анткени, азыркы заман талабына жараша ишенчиликтүү командам болбосо, өзүм жалгыз айыл өкмөтүнүн ишин – жүгүн тартуум дегеле мүмкүн эмес! Ошондуктан, Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн бүгүнкү эмгек жамааты – менин өйдөдө – жөлөгүм, ылдайда – тирегим! Буларсыз мен жогоруда саналган ийгиликтерди багындырып, оор сыноолордон абийирдүү өтө алмак эмесмин!
- Сүйүнтбек мырза, Сиз деги Кызыл-Тоонун келечегин кандайча
элестетээр элеңиз?
- Эң башкысы: таза суу бизден гана башталат. Суу башында биз тегиз
жайланышканбыз. Бара-бара экономикабыз сөзсүз оңолот. Кызыл-Тоонун көйгөйлөрү чекесинен гана чечилет. Инфратүзүмүбүз бүгүнкүдөн беш бетер жакшырат. Анан калса, жаратылышыбыз дагы абдан кооз! Андыктан, эс алуу жайлары дагы курулат. А бул чет өлкөлүк жана ата мекендик туристтердин ажайып жергебизге жылдын бардык мезгилинде тең агылуусуна гана өбөлгө жаратат.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Сүйүнтбек АБДЫДКАДЫРОВ 1988-жылдын 14-августунда Ош облусунун Өзгөн районунран караштуу Кызыл-Тоо кыштагында төрөлгөн. Билим жогорку. Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. Кесиби – экономист. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
-
-
01.06.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД МИЛИЦИЯСЫ БАЛДАР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРДҮ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.