Өлкө аймактары менен кубаттуу
БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕ БЫЙЫЛ ҮЧ СТАДИОН КУРУЛАТ
ОШ ШААРЫНДА ЗАМАНБАП ЖАҢЫ КӨПҮРӨЛӨР КУРУЛАТ
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
2,827 Бардыгы / Ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү бүгүнкү күндүн шартына жараша абдан максатуу жана ыңгайлуу пайдалануу жагынан Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат Айыл Өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери бүтүндөй республикабызга өрнөк болчудай. Ошондуктан, аталган Айыл Өкмөт башчысы Акболуш ТИЛЕНБАЕВди жумуш үстүндө араң кармап, андан ары буйдалтпастан гана кепке тарттык. Акболуш мырза, Сиз жумушуңузга саарлап келип, ал […]
2,828 Бардыгы / Ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү бүгүнкү күндүн шартына жараша абдан максатуу жана ыңгайлуу пайдалануу жагынан Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат Айыл Өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери бүтүндөй республикабызга өрнөк болчудай. Ошондуктан, аталган Айыл Өкмөт башчысы Акболуш ТИЛЕНБАЕВди жумуш үстүндө араң кармап, андан ары буйдалтпастан гана кепке тарттык. Акболуш мырза, Сиз жумушуңузга саарлап келип, ал […]
Акболуш ТИЛЕНБАЕВ: “СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕРИБИЗДИ ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА АТА МЕКЕНДИК УЮМДАР АРКЫЛУУ ЧЕКЕСИНЕН ЖАЙГАРЫП ЖАТАБЫЗ!”
30.10.2023 / Автор anarkan_kg

2,829 Бардыгы /
Ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү бүгүнкү күндүн шартына жараша абдан максатуу жана ыңгайлуу пайдалануу жагынан Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат Айыл Өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери бүтүндөй республикабызга өрнөк болчудай. Ошондуктан, аталган Айыл Өкмөт башчысы Акболуш ТИЛЕНБАЕВди жумуш үстүндө араң кармап, андан ары буйдалтпастан гана кепке тарттык.
- Акболуш мырза, Сиз жумушуңузга саарлап келип,
ал эми үйүңүзгө абдан эле кеч кайтат экенсиз? Эмнеге?
- Күн өткөн сайын түйшүгүм уламдан улам арбып гана
баратпайбы. Мен көйгөйлөрдү үстүмө үйө бербестен, баарын тең өз убагында гана жайгарып турсам, көңүлүм тынч. Эң башкысы: ишим дагы жүрүшөт. Ушуга көнгөмүн.
- Баса, кеңсеңизден адамдардын аягы үзүлбөйт тура?
- Ооба. Бир маселени эми гана чечсең, артынан экинчиси чубалып
чыгып жатпайбы. Ошондуктан, мен булардын ар бирине сергектик жана сабырдуулук менен гана мамиле жасоого көнгөмүн.
- Айып этпесеңиз. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жылдык
бюджети канча сом? А буларды негизинен кандай максаттарга сарптайсыздар?
- Жылдык бюджетибиз 47 миллион 5,5 миң сом болуп бекитилген. А
мунун 28 миллион сому маяна. социалдык төлөмдөргө гана сарпталат. Ал эми калган акчаларды биз ыңгайына жараша өтө олуттуу маселелерибизди чекесинен чечкенге гана жумшайбыз.
- Кол куушуруп олтурбастан ички жана тышкы
мүмкүнчүлүктөрдү дагы таап, ишти илгерилетпей белеңиздер?
- Жамбаштап жаткан жерибиз жок! Катар мамлекетинен 34 миллион
сом инвестиция тарттык. Күңгөй кыштагына мектеп, бала бакча жана ФАП курдурттук. Өмүрүндө таза сууга жарыбыган Жайдал айылына ичилүчүү
сууну жеткирдик. Кызыл-Тейит кыштагына дагы арабдар ФАП салып атышат. Ал эми АРИС программасы аркылуу 8,5 миллион сомго 60-70 орунга ылайыкташтырылган тигүү цехин курдуртуп жатабыз.
Иши кылып орчундуу социалдык маселелерибизди биз Эл аралык жана Ата Мекендик уюмдар аркылуу чекесинен гана жайгарып жатабыз. Мына, “Социалдык контракт” программасына ылайык 54 кишиге 100 миң сомдон колдоо көрсөттүк. Булар тигүү цехтерин ачышып, ийгиликтүү гана иштетип жатышат. Мындан тышкары жаңы заманбап жумуш орундарын ырааттуу түрдө түзүп келе жатышат.
- Акболуш мырза, Сиздер таза сууга жетинбеген айылдарды деги
канттиңиздер?
- Мончок-Дөбө жана Күңгөй кыштактарынын жашоочулары дагыле
таза сууга зар! Ошондуктан, инвестор таап, бул маселени чукул арада жайгарууга батыл кириштик.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Маектешибиз Акболуш ТИЛЕНБАЕВ 2016-2022-жылдар аралыгында Ош облусунун Өзгөн районундагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы, Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин директорунун орун басары, Өзгөн шаарынын вицэ-мэри кызматтарын абийирдүү аркалаган. 2022-жылдын 15-ноябрынан тартып Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын ийгиликтүү гана аткарып келатат.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
08.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕ БЫЙЫЛ ҮЧ СТАДИОН КУРУЛАТ
-
08.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НЕФТЧИ» ОКУУ-МАШЫГУУ ЖАРАЯНЫН ТУРКИЯДА ӨТКӨРӨТ
-
12.02.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАҢЫ МУФТИЙИНЕ АБДУЛАЗИЗ ЗАКИРОВ ШАЙЛАНДЫ
-
-
22.02.2024 / Автор anarkan_kg БЫЙЫЛ ОШ ОБЛУСУНДА ДАГЫ 24 ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛАТ
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.