Аймак

Алмаз АДЫБАЕВ: “АСМАНДАН ТҮШКӨН ЖЕРИМ ЖОК!”

Алмаз АДЫБАЕВ: “АСМАНДАН ТҮШКӨН ЖЕРИМ ЖОК!”

 2,577 Бардыгы /

Бул жолку маектешибиз – Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз АДЫБАЕВ. Баса, биз кепке тарткалы жатканда 7-нобярда бул жергиликтүү жетекчи 53 жашка толуп олтурат. Андыктан сөз учугун дал ушундан эле баштадык.

Алмаз мырза, адегенде туулган күнүңүз кут болсун! Эр ортону элүү

жашты эми гана ашыпсыз…

Чоооң ыракмат! Мен эми гана баралыма толуп, акылым ашып-ташып,

эли-журтума накта кызмат кылаар кез келбедиби…

Сиз биз билгенден Кара-Суу  районундагы бийик толуу, анан дагы

абдан катаал Кызыл-Суу Айыл Өкмөтүнүн башчысы элеңиз. Анан эле жылкы теппей, жылаан чакпай, Кыргызстандагы эң эле бай Сарай Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына дайындалып калдыңыз. Деги мындай кызматтык секирик жасашыңыздын деле сыры бардыр, ыя?

Алишер мырза, Сиз дайыма жумурткадан сөзсүз кыр издегенди жакшы

көрөсүз да. Мен муниципалдык жетекчилердин резервинде элем.  Андыктан, тааныш-паанышсыз эле, анан дагы эч кандай коррупциясыз Сарай Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына мени Кара-Суу районунун акими Жакыпбек Субакожоев өзү сунуш этти. Ал киши деле менин өмүр баянымды узакка дыкаат иликтесе керек. Акырында өзү мени менен ачык-айкын сүйлөшүп, тамырымды дагы тартып көрдү. Ошондон кийин гана бул жооптуу кызматка дайындап олтурат. Демек, Сиздер күмөн санагандай, мен Асмандан түшкөн жерим жок!

          – Мына, босогобузда – кыш. А буга карата деги камылгаңыздар кантти экен?

          – Бюджеттик мекемелерге жалпы жонунан 798 тонна көмүр-отун керектелет. Тендерден кийин булардын баары тең жетиштүү көлөмдө күйүүчү заттар менен камсыз этилет.

          Ал эми элеттик тургундарды арзандатылган отун-көмүр менен чекесинен камсыздап жатабыз. Дал ушул максатта жер-жерлерде муниципалдык көмүр сатуучу жайлар дагы уюштурулду. Ошентип, карапайым калкыбызга 107 тонна  көмүр азырынча килосу 5-5,5 сомдон гана сатылууда. Мындан тышкары жеке демөөрчүлөр менен дагы өз ара сүйлөшүп, алардын деле акыры тилин таптык. Натыйжада 30 тонна көмүр турмуш-шарты өтө нэле ачар 60 үй-бүлөгө жарым тоннадан бекер таратылды. Ушуга улай жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы 110 тонна көмүр сатып алдык эле. Буларды дагы аз камсыз этилген 200 үй-бүлөгө жарым тоннадан бекер гана тараттык. Буюрса, турмуш-шарты абдан начар жердештерибиз быйыл кышындасы үшүшпөйт!

  • Байкашымча, инвестиция тартууну дагы ыраса актидештирген

окшойсуздар?

  • Ушул күнгө карата Айыл Өкмөтүбүзгө жалпы жонунан тыштан 175

миллион 15 миң сом инвестиция тарттык.  Мунун натыйжасында Киров кыштагында бут кийим чыгаруучу “Интизар” ишканасы жана дагы Эркин айылында Аравиянын “Ас-Сафа” коомдук фонду тарабынан заманбап ФАП ишке киргизилди.

          Ал эми БУУнун Азык-Түлүк Программасынын алкагында Айыл Өкмөтүбүздүн инфратүзүмү дагы ого бетер жакшыртылды. Бекерпоз жарандарыбыз убактылуу жумуш менен камсыз этилди. Ошентип, 250 жердешибизге эмгек акысына 37 тонна ун жана 3 тонна өсүмдүк майы таратылды.

  • Калкыбыздын улам өсүшүнө байланыштуу деле Сарай Айыл
  • Өкмөтүнүн аймагында деле жапжаңы конуштар көбөйгөндүр?

Ооба! Айыл Өкмөтүбүздөгү жаңы конуштар  биздин такай

көңүлүбүздүн борборунда гана турат. Сарай Айылдык Кеңешинин депутаттары сессиясында карашып, жергиликтүү бюджеттен жетиштүү каражат деле ажыратты. Жаңы конуштарга таза суу жеткирүү долбоору жана документтери бүт экспертизиден өткөрүлдү. Ушул тапта тендер дагы жарыяланды. Эми уткан ишкана жаңы конуштарды таза суу менен толук кандуу камсыз этмекчи.

  • 2023-жылга бюджетиңиздер канча көлөмдө бекитилди эле?
  • Быйылкы бюджетибиз 135 миллион 249 миң 800 сомго бекитилген.

Ошого гана ылайык Тельман жана Ак-Өргөө айылдарынын негизги жолдоруна асфальт төшөлүп жатат. Ал эми Ош-Кара-Суу автожолдорун бойлото жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарлар дагы урулду. А түгүл айырым айылдар деле бүтүндөй газдаштырылды.

          Миялы айылында бул кыштакка олуттуу коркунуч туудурган селдин нугу башка жакка бурулду. Ал эми Эркин кыштагы жылытуу түйүнүнө биротоло кошулду. Киров кыштагында заманбап бала бакча курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Айтор, бөлүнгөн каражаттар максаттуу гана пайдаланылып келатат. Муну өзүбүз дагы такай көзөмөлдөп турабыз.

  • Алмаз мырза, айыл өкмөт башчыларын шайлаган оң беле? Же

аларды дайындаган туура бекен?

  • Айыл өкмөт башчыларынын айылдык кеңеш депутаттары тарабынан

шайлангандыгын биз өз көзүбүз менен көрбөдүкпү. Ызы-чуудан таптакыр эле башыбыз чыкпастан, анан дагы уруу-урууга, кокту-колотко бөлүнүп, акыры ит эле болбодукпу…

          Менимче, Президентибиз  Садыр Жапаров азыр туптуура багытка бурулду. Айыл Өкмөт башчыларын район акимдери гана иргеп, дайындап жатышат. Бул, биринчиден, жоопкерчиликти ого бетер күчөттү. Экинчиден, мунун сурагы дагы өтө катуу болот! Үчүнчүдөн, аймагыбызда, анан бара-бара өлкөбүздө дагы стабилдүүлүк бекем орнойт. А бул деген экономикабыздын туруктуу гана өнүгүшүнө даңгыр жол ачаары шексиз!

МАЕКТЕШ ЖӨН/НДӨ МААЛЫМАТ

          Алмаз АДЫБАЕВ 1970-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жылкелди айылында төрөлгөн. ОшМУнун педагогика факультетин аяктаган. Кара-Суу райакимчилигинин үй-бүлө, аялдар жана жаштар саясаты комитетинин төрагасы, ушул эле райондун  спорт, туризм жана жаштар башкармалыгынын жетекчиси, Ош облустук жана Кара-Суу райондук акимчиликтеринин бөлүм башчысы сыңары абийирдүү эмгектенген.

          Алмаз АДЫБАЕВ үч уул, эки кыздын сүйүктүү атасы. Жубайы Жамийла АБЫЛОВА “Умка-1” балдар бакчасынын жетекчиси.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17