Аймак

Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ: “ЖЫЛАЛДЫДА ҮЙ САЛУУГА ЖЕР ТАРТЫШ!”

Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ: “ЖЫЛАЛДЫДА ҮЙ САЛУУГА ЖЕР ТАРТЫШ!”

 1,224 Бардыгы /

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айыл өкмөтү дээрлик тоолуу Аймакта жайланышкан. Кыш эрте түшүп, ал эми жаз абдан кеч баш багат. Аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде ушул тапта Айыл өкмөтүнүн экономикалык жактан өсүү темпи бара-бара турукташып, негизги көрсөткүчтөр жагынан жетишкендиктер  жаралып жаткандыгын ачыктап, бирок, үй салууга дагыле жер тартыштыгын ачык эле моюндады.

-Улукбек мырза, ошентип, 2023-жылды жыйынтыктадыңыздар. Бирок, бюджетиңиздер бөксөргөн жокпу?

-Жылалды айыл өкмөтүнүн узаган 2023-жылдагы бюджети

21 106,8 миң сомго бекитилген эле. Мунун 7 миллион 804 миң сому – теңдештирүүчү грант, 10 миллион 824,8 миң сому –    жергиликтүү бюджет, ал эми 2 миллион 478 миң сому – атайын каражат. Мунун арасынан эмгек акыга 6 миллион 142,4 миң сом сарпталды. Ал эми СоцФондго 820,3 миң сом төлөндү.

-Ушул тапта Сиздердин башыңыздарды кайсыл көйгөйлөр  дагыле куп гана оорутуп жаткан маалы?

-Жашырып не? Жылалды айыл өкмөтүндө ушул тапта 2280

жаран үй салууга үчүн жер тилкесине дагыле кезекте турушат. Тилекке каршы, буларга үй салганга бизде жер тилкеси өтө эле тартыш!

Албетте, биз бул маселени чукул арада жайгарууга түздөн-түз милдеттүбүз! Ошондуктан дал ушул максатта Айыл чарба багытындагы 400-500 гектар аянт дээрлик трансформацияланып, андан ары документтештирип мыйзам нугуна салуу жараяны, кыскасы, аяктап гана калды. Жердештеребизге, буюрса, жакынкы арада кезеги менен жер тилкелерин ченеп, таратабыз.

-Кыргыз Өкмөтү айласы таптакыр куруганда ээнбаштык менен  көрүнгөн тилкелерге кыдырата үй салгандарга мунапыс жарыялабадыбы. Сиздер деле мындай өзүм билемдик кылгандардан куру эместирсиздер?

-Кыргыз Өкмөтүнүн соңку таптагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Жылалды Айыл Өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз курулган 93 турак жай аныкталды. Булардын картографиялык жана дагы топосьемкалык чиймелери толук бүткөрүлдү. “КыргызМамЖерДолбоор” институтунан, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынан жана дагы башка тиешелүү мекеме-уюмдардан корутундулар алынып, жер мунапысына кирген обьектилердин бүт документтери Өзгөн райондук жер мунапысы боюнча мамлекеттик комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.

-Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” программасына канча үй-бүлө кошулду? Анан дагы булардын натыйжасы канчалык?

-Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” Программасына Жылалды айыл өкмөтүнөн жалпысынан 30 үй-бүлө тартылган. Буларга жөлөк пулдун эсебинен 100 миң сомдон таратылган. Көпчүлүгү чакан ишкердикти ийгиликтүү гана жүргүзүп жатышат. Программанын кандайча аткарылышын биздин атайын кызматкерлерибиз дагы ай сайын тыкыр көзөмөлдөшүп, ошондой эле мониторинг жүргүзүшүп а түгүл кеп-кеңештерин дагы берип атышат.

-Мындан тышкары ички жанга тышкы инвесторлорду байма-бай тартып, турмушуңуздарды жакшыртсаңыздар, анан дагы экономикаңыздарды өйдөлөтсөңүздөр болбойт беле?

-Жамбаштап жаткан жерибиз жок! Республикалык бюджеттин эсебинен 12 милион 500 миң сом ажыраттырып, “Саадат-Эне” балдар бакчасын курдурттук. Мында он эки жараныбыз жумуш менен камсыз этилип, дагы жүздөгөн бөбөктөрүбүз заманбап таалим-тарбия алып жатышат. Прогресс кыштагынын Дубитель тилкесине жеке ишкерибиз Шахаб Сыдыков балык өстүрүүчү көлмө ачты. Жеке ишкер Самат Кочкорбаев пескоблок чыгаруучу цехти иштетүүдө. Ал эми дагы бир жеке ишкерибиз Роза Мурзабекова жеке медициналык клиниканы куруп, калкка ак кызмат көрсөтүүдө. Булардын баарында тең жүздөгөн жердештерибиз эмгектенишип, бул аркылуу ички миграцияны дагы ушинтип жөнгө салып атабыз. Кыскасы, узаган 2023-жылда Жылалды Айыл Өкмөтүнө жалпы жонунан 75 милион 482 миң сом инвестиция тартылды.

-Санариптештирүү деле Сиздерди кыя өтпөгөндүр?

-Ооба. Санариптештирүүнүн натыйжасында бардык тармактагы коррупция жана дагы тааныш-билишчилик балакетинен биротоло кутулдук. Бул жосунсуз жоруктар жергебизде дээрлик тыйылды…

  •  Улукбек мырза, өлкөбүздөгү административдик-аймактык

реформаларга ылайык Айыл Өкмөттөрү бириктирилип, өз ара ирилештирилүүдө. Ошондуктан, Сизде “Мен дагы кызматымдан кол жууйт экенмин!” деген кабатырлануу жокпу?

  • Биз – мамлекеттик кызматкербиз. Демек, Кыргыз Өкмөтүнүн

жоокерибиз! Жетекчилик ишеним көрсөтүп, кайсыл тармакка иштөөгө жөнөтпөсүн, ал жактарда адал жана ак иштөөгө биз түздөн-түз милдеткербиз!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

         Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ 1982-жылдын 22-августунда Ош облусунун Өзгөн районундагы Дубитель айылында төрөлгөн. ЖАМУнун юрипруденция, анан дагы жол коопсуздугу кыймылы адистиктерин аяктаган. 2021-жылдын 17-июнунан тартып Өзгөн районундагы Жылалды айыл өкмөтүн абийирдүү гана башкарып келатат.

     Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17