Аймак

ЛЕЙЛЕКТИК АЛДАМЧЫ БИШКЕКТЕН КАРМАЛДЫ

ЛЕЙЛЕКТИК АЛДАМЧЫ БИШКЕКТЕН КАРМАЛДЫ

 1,422 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда элдин малын алдап алып сатып, анан ушул тапта Бишкек шаарында беймарал изин жашырып жүргөн шылуун акыры кармалды. Бул туурасында Ички иштер минитрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Лейлек районунун тургундары айласы таптакыр куруганда Ички иштер министрине даттанышкан. Анткени, аталган райондун Исхак Раззаков шаарында ушул жылдын октябрь айында Т. К. атуу жердеши алардын ишенимине дароо эле кирип, а түгүл бал тилине дагы салып алдап-соолап, бодо малдарын үстөккө-босток сатып алып турган. Шектүү адегенде алардын акыларын жарым-жартылай колдоруна дагы карматып, анан калганын бербестен биротоло изин сууткан. Мунун негизинде төрт жорук катталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 209-беренси (Алдамчылык) беренеси бобюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектелген адам жапа чеккендерге жалпысынан 350 миң сом зыян келтирилгендиги чындап аныкталды. Ошентип, 49 жаштагы шылуун Т. К. Бишкек шаарынан кармалып, түз эле Лейлекке алып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17