Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1,597 Бардыгы / Жакыпбек СУБАКОЖОЕВ Ош облусуна караштуу Кара-Суу районун дээрлик сегиз ай гана жетектеди. Бирок, ал ат тезегин кургатпастан кайрадан эле ушул облустагы Ноокат районунун акимдигине дайындалып олтурат. Өтө кыска аралыкта мындай кызматтык соң секирик жасоонун чоо-жайын жергиликтүү жетекчинин өзүнөн сураштырдык. -Жакыпбек мырза, Сиз 2023-жылдын апрелинен тартып 2023-жылдын декабрына дейре Ош облусунун Кара-Суу районунун жетектедиңиз […]
1,598 Бардыгы / Жакыпбек СУБАКОЖОЕВ Ош облусуна караштуу Кара-Суу районун дээрлик сегиз ай гана жетектеди. Бирок, ал ат тезегин кургатпастан кайрадан эле ушул облустагы Ноокат районунун акимдигине дайындалып олтурат. Өтө кыска аралыкта мындай кызматтык соң секирик жасоонун чоо-жайын жергиликтүү жетекчинин өзүнөн сураштырдык. -Жакыпбек мырза, Сиз 2023-жылдын апрелинен тартып 2023-жылдын декабрына дейре Ош облусунун Кара-Суу районунун жетектедиңиз […]
Жакыпбек СУБАКОЖОЕВ: “ИШИН ЭПТЕЙ АЛЫШПАГАНДАР МЕНЕН, АЛБЕТТЕ, КОШТОШОМ!”
09.01.2024 / Автор anarkan_kg1,599 Бардыгы /
Жакыпбек СУБАКОЖОЕВ Ош облусуна караштуу Кара-Суу районун дээрлик сегиз ай гана жетектеди. Бирок, ал ат тезегин кургатпастан кайрадан эле ушул облустагы Ноокат районунун акимдигине дайындалып олтурат. Өтө кыска аралыкта мындай кызматтык соң секирик жасоонун чоо-жайын жергиликтүү жетекчинин өзүнөн сураштырдык.
-Жакыпбек мырза, Сиз 2023-жылдын апрелинен тартып 2023-жылдын декабрына дейре Ош облусунун Кара-Суу районунун жетектедиңиз эле. Деги бул өтө кыска аралыкта аталган өрөөндө эмне из – айтаарлык иш калтырдыңыз?
-Абдан туура баамдапсыз. Кара-Суу районун мен дээрлик сегиз ай гана жетектедим. Чоң аймак болгону менен райакимчиликтин имараты дээрлик эскирип гана бүтүптүр. Мунун ичи- тышын бүт жаңыладым. Төбөсүнө Кыргыз Туусун дагы орноттурдум.
-Кыйчалыш заманда капиталдык ремонтко жетиштүү каражатты деги каяктан таптыңыз?
-Кара-Суу райондук мамлекеттик акимчилигинин капиталдык ремонтуна баш-аягы беш-алты миллион сомдой короттук. Мунун бүтүндөй чыгымын эки-үч гана ишкер чогуу көтөрүштү. Алардын өздөрүнүн өтүнүчүнө ылайык ысымдарын мен азыр атабаймын.
-Баса , анда эмне себептен Кара-Суу районунун акимдигинен бошотулдуңуз? Айрым ЖМКлар “Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчылыгына диплому жасалма жер адиси Мурат Акимовду дайындаган. Демек, соо эмес! Андан пара алыптыр” деп дагы ийишти. Мунун канчалык чындыгы бар?
-Алишер, мунун баары жалган! Эгерде чын болсо, мен ушул жерде олтурмак белем…
-Кара-Сууда деле үй салуу үчүн жер тилкеси маселеси кендирди куп гана кесип атпады беле?
-Ананчы! Кыргыз Өкмөтүн мен араң ынандырып атып, айыл чарба багытындагы жерди трансформациялоо маселесин дээрлик чечтиргемин. Мындан тышкары 4,1 гектарга Кара-Сууда заманбап Текстиль фабрикасы курулат. Ал эми Кең-Сайга эң мыкты логистикалык борбор тикеленет. Ушулар бүт пайдаланууга тапшырылса, анда дээрлик миңдеген жумуш орундары кошо түзүлөт.
-Анда Сиз эмне себептен Кара-Суу районунун акимдигинен бошотулдуңуз, ыя? Айрым ЖМКлар “Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчылыгына диплому жасалма жер адиси Мурат Акимовду дайындаган. Демек, соо эмес! Андан пара алыптыр” деп дагы ийишти. Мунун канчалык чындыгы бар?
-Буга менин жообум кыска, баары жалган!
-Анда Ноокат жергесиндеги ишиңизди Сиз эмнеден баштадыңыз? Анткени¸ айрым чоңдор келгенде эле командасын жаңылашчу. Сиз антпедиңизби?
-Жо-жок! Өзүңүз көрбөдүңүзбү? Буга чейинки эле команда менен моминтип ийиндеше иштешип жатамын. Анткени, менде негизинен эле команда-соманда деген түшүнүк жана принцип жок! Ким иштин көзүн билсе, аны такай илгерилетсе – мына ошолор менин санаалашым!
-Баса, Сиздердин полномочиеңиздер дагы абдан кеңейди. Иштин көзүн билбеген айыл өкмөт башчылары, райондук деңгээлдеги жетекчилер менен коштошосузбу? Ордуларына кимдерди дайындамакчысыз?
-Ноокатта мен ишти жаңыдан эле баштадым. Айыл Өкмөт башчылары жана райондук деңгээлдеги жетекчилер менен бир жылча сөзсүз иштешем. Ушул кыска аралыкта кимдин кимдиги даана билинет. Ишке мамилеси дагы апачык көрүнөт.
Ооба. Полномочиебиз кыйла кеңейди. Ошого жараша ишин эптей албагандар менен, албетте, мен сөзсүз түрдө коштошом! Менин мындан башка аргам дагы жок! А ордуларына иш билги, мээнеткеч, анан дагы камчы салдырбаган кадрлар дайындалат.
-Жакыпбек мырза, деги Сиз Ноокат районунун болочогун кандайча элестетээр элеңиз?
-Ноокат району – касиеттүү аймак. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Төрөбай Кулатовдун жана Насирдин Исановдун кичи Мекени. Келечегинде кайрадан алманын жана дагы тамекинин (сары алтындын) Мекенине айландырылат деген терең ишеничтемин!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
30.08.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 34 ОБЬЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
18.09.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДА 302 ГЕКТАРДАН 1 177 ТОННА ПАХТА ЖЫЙНАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.