Аймак

Гульзита БЕКОВА: “КУТУРМА ДАРТЫНА КАБЫЛГАН ЭКИ ЖЕРДЕШИБИЗ ТЕҢ КАЗА ТАПТЫ”

Гульзита БЕКОВА: “КУТУРМА ДАРТЫНА КАБЫЛГАН ЭКИ ЖЕРДЕШИБИЗ ТЕҢ КАЗА ТАПТЫ”

 1,509 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда күйдүргү дартынын дагыле 71 очогу бар. Ал эми кутурма оорусуна кабылган эки факты соңку тапта ашкереленип, эки мекендешибиз тең ооруканада каза табышты. Булар туурасында  Өзгөн райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпимдемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Гульзита БЕКОВА кабарчыбызга курган маегинде шардана кылды.

-Гульзита айым, коомдук тамактануу жайлары Өзгөн жергесинде ыраса көбөйүп кетиптир. Муну неге текшербейсиздер?

-Биз коомдук тамактануу жайларын Кыргыз Өкмөтүнүн жолдомосуна ылайык атайын пландын негезинде айына бир ирет гана текшеребиз. Бул туурасында базага дагы киргизебиз. А биз каалаганда текшергенге мыйзам жол бербейт!

-Биз билгенден Сиздер Өзгөн районун жана Өзгөн шаарын гана туруктуу көзөмөлдөбөйсүздөр да? Туурабы?

-Ооба. Өзгөн району жана Өзгөн шаары, ошондой эле алыскы Кара-Кулжа району дагы биздин толук кандуу көзөмөлүбүздө турат.

-Ош облусунда Өзгөн районунун тургундары күйдүргү дартына көбүрөөк кабылып жатышыптыр го?

-Ооба. Күйдүргү дарты мал-жандыктар жана дагы адамдар арасында соңку тапта көбүрөөк катталып жаткан чагы. Ошондуктан, булар эпизоотикалык жана эпидемиялык мүнөздө өөрчүп кетүү коркунучу дагыле бар. Анткени, Өзгөн району күйдүргү дартынын катталуусу жаагынан Ош облусунда эң алдыңкы орунда турат.

Тактап айтканда, Өзгөн жергесинде эскиден эле күйдүргүнүн 144 чордону – очогу бар. А булардын арасынан табылганы – 103. Мунун дагы 31и көчкү, жол, өнөр жай жана айыл  чарба курулуштарынын астында эле калып кеткен. А ушул тапта районубузда күйдүргүнүн 71 очогу дагыле олуттуу коркунуч туудуруп жаткан чагы.

-Кутурма дарты деле ушул тапта шаштыңыздарды куп гана кетирип жаткан турбайбы?

-Баса, узаган 2023-жылда Өзгөн районунда кутурманын (гидрофабиянын) эки учуру катталды. Маселен, 1985-жылы туулган Өзгөн районундагы Кайрат кыштагынын тургуну Анваржан Кыргызбаевди капысынан ит капкан. Ал Өзгөн райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүндө каза тапты. Ал эми Жакшылык Нурбеков 2013-жылы төрөлгөн. Өзгөн районундагы Мыра-Аке айылынын жашоочусу. Бул Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө көз жумду. Албетте, өкүнүчтүү!

-Ошентсе дагы, дартын кесепеттери менен күрөшпөстөн, Сиздер күйдүргү жана кутурма ооруларынын алдын дагы албайт белеңиздер?

-Өзгөн райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпимдемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери районубуздун айыл-кыштактарын түгөл кыдырып, калк арасында түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын ого бетер күчөттүк. Буга улай Өзгөн райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынан коркунучтуу жан-жаныбарларды – тайрыкча жолбун иттерди көзөмөлгө алууну дагы сурандык.

-Сиздердин талапты аткарышпаган ээнбаш кызматкерлериңиздер деле бардыр?

-Албетте, бар! Районубуздагы Төрт-Көл Айыл Өкмөтүнүн ветеринардык адиси У. Султановго, Ак-Жар Айыл Өкмөтүнүн ветеринардык адиси А, Турдумаматовго, Ийри-Суу Айыл Өкмөтүнүн ветеринардык адиси Б. Төлөшовго, №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун улук медайымы М.  Уринбаевага – 1000 сомдон, ал эми №17-Заргер үй-бүлөлүк дарыгелер бөлүмүнүн клиникалык жетекчиси А. Таникуловага жана Мырза-Аке жалпы дарыгерлер практикалык борборунун хирург-рабиологу А. Сагынблек уулуна 3000 сомдон айып пул салынды.

-Гульзита айым,  буга улай Өзгөндөгү 71 күйдүргү очогу зыянсыздандырылган беле?

-Албетте! Күйдүргү дартынын коркунучтуу 71 очогунун 58инде зыянсыздандыруу жараяны дээрлик жүргүзүлдү. Ал эми 13 очок тээ алыскы жайыттарда гана жайланышкандыктан, аларды оңдоп-түзөө жана дагы залалсыздандыруу дегеле мүмкүн эмес! Ошого карабастан биз айыл өкмөт башчыларына аталган күйдүргү дартынын очокторун чукул арада сөзсүз оңдоп-түзөө жаатында сунуштарды жөнөткөнбүз. Тилекке каршы, биздин бул өтүнүчтөрүбүздүн аткарылышы туурасында азырынча колубузда эч кандай маалымат жок!

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

          Маектешибиз – Өзгөн райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпимдемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Гульзита БЕКОВА 40 жашта. Баатырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл  аралык университетин ийгиликтүү аяктаган. Катардагы санитардык дарыгерликтен башкы дарыгерликке чейинки жолду басканга жетишти. Үй-бүлөлүү. Жалгыз кыздын апасы.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17