Аймак

Маккамбай ДАМИНОВ: “КАРА-СУУ ЖЕРГЕСИНИН КАЛКЫНЫН САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУГУН ТОЛУК КАНДУУ КАМСЫЗ ЭТИП ЖАТАБЫЗ!”

Маккамбай ДАМИНОВ: “КАРА-СУУ ЖЕРГЕСИНИН КАЛКЫНЫН САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУГУН ТОЛУК КАНДУУ КАМСЫЗ ЭТИП ЖАТАБЫЗ!”

 1,047 Бардыгы /

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын 39 түрү бар. Булар мезгилине жараша гана улам козголуп, айрымдары калкыбыздын саламатчылыгына олуттуу түрдө коркунуч дагы туудуруп келатат. Ошол себептүү Кара-Суу райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Маккамбай ДАМИНОВду дал ушул өңүттө кепке тарттык.

-Маккамбай мырза, өзү бул жарыкчылыкта тез таралуучу сыркоонун деги канча түрү бар?

-Азыр бизде, Кыргызстанда, катталган тез таралуучу оорунун 38 түрү бар. Булардын калк арасында эң эле кеңири таралганы – грипп. А түгүл вакцина алгандар деле бул дарт менен кайрадан эле ооруп калып жатышпайбы. Экинчиси – сарык.  Буга улайбоор,  бөйрөк, сироз,дартына чалдыккандардын катары улам гана калыңдап баратат.

-Ошондуктан, мекемеңиздердин материалдык-техникалык базасын заман талабына жараша гана чыңдап албайт белеңиздер?

-Биздин мекемебиздин материалдык-техникалык базасын чыңдоого атайын эсеп аркылуу 2 миллион 826 миң сом сарптадык. Мынча каражатка заманбап лабораториялык жабдууларды жана дагы реактивдерди сатып алдык. 313 миң 600 сомго вакциналарды сактоочу кампабызга кошумча бөлмө куруп, аны толук кандуу жабдыдык. Аталган  лабораторияга 136 850 сомдук септик курдук. Мындан тышкары мекемебизди оңдоп-түзөөгө жараянынан эле 138 500 сом короттук.

-Биздин баамыбызда, Сиз жетектеген Кара-Суу райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору таптакыр эле эскирип деле бүтүптүр?

-Даана баамдапсыздар. Кара-Суу райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору мындан туптуура бир кылым мурда курулган экен. Ушул тапта, чындыгында, авариялык акыбалда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана дагы Экотехинспекциянын “Имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу!” деген корутундулары дагы бар!

-Эмне, Сиздердин акыбалды жогорку бийликтегилер билишпейби?

-Кантип? Биз чукул арада жапжаңы имаратты куруу жаатында Саламаттыкты сактоо министрлигине, а түгүл Жогорку Кеңеш депутаттарына  дагы бир нече ирет расмий түрдө кайрылганбыз. Тилекке каршы, аракетибиздин акыбети азырынча кайта элек…

-Борбор Азиядагы эң ири Кара-Суу (Туратаалы) базары дал ушул Кара-Суу жергесинде жайланышкан. Баса, заман талабына жараша буга деле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлгөндүр?

-Ананчы! Кара-Суу (Туратаалы) базарында 34 майда базарлар бар. Ошого кирип-чыккагдар өтө эле арбын. А соодагерлер андан беш бетер. Мындайча айтканда, баардыгы башаламан! Ошондуктан, жакынкы жылдарда Борбор Азиядагы бул эң ири базардын алкагында үч кабаттуу ири соода борбору курулмакчы. Ошондо гана буларды тескөө бизге дагы кыйла жеңилдейт.

-Сиздердин талаптарды одоно бузгандарга деги мыйзам чегинде жаза барбы?

-Албетте! Санитардык-эпидемиологиялык талаптар одно бузулса, мунун четтетүүгө мөөнөт – мүмкүнчүлүк чегерилет. Аны дагы аткарышпаса, соодагерлер 3500 сомдон 23 000 сомго чейин айыпка жыгылышат. Аны деле төлөй алышпаса, анда сөзүз жабылат. Башка арга жок!

-Жугуштуу оорулардын айрымдарынан Кара-Суу деле четте турбагандыр?

-Ооба! 39 жугуштуу оорулардын он эки түрү, маселен, ич келте, гепатит, салмонеллез, кутурма, пневмония, теиоринхоз, безгек, кызамык биздин районубузда, кудайга шүгүр, дээрлик катталган жок. Ал эми роколит, ичеги-карын оорулары, бруцеллез, туберкулез, скарлотина, кычыткы, КОВИД-19, аскариоз дээрлик азайып гана баратат.

-Баса, Кара-суу району – Кыргызстандагы айрым облустардан деле чоңураак аймак. Демек, ошого жараша Сиздердин аппаратыңыздар деле көптүр?

-Чындыгында, биз көзөмөлдөгөн аймактар чоң жана дагы обьектилер бүт чачыранды. Ошого карабастан 54 кызматкерибиз Кара-суу районунун бүтүндөй санитардык – эпидемиологиялык коопсуздугун толук кандуу гана камсыз этип келатат. Кесиптештеримдин 19у – жогорку, 23ү-атайын орто билимдүү. Эң башкысы: баары тең – өз ишинин гана устаттары.

-Маккамбай мырза, дегиңкиси ушул тапта Сиз журтташтарыңызга эмне тилээр элеңиз?

-Эң башкы байлык – бул ден соолук! Муну үчүн баарыңар тең такай камкордук көргүлө, айланайындар?

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

          Маектешибиз – Кара-Суу райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Маккамбай ДАМИНОВ 53 жашта. Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун (азыркы Медициналык Академиянын – автор) санитардык-гигиеналык факультетин 1994-жылы аяктаган. Дээрлик 30 жылдан бери бир гана ушул кесипти ийгиликтүү жана дагы абийирдүү аркалап келатат. Беш кыз, бир уулдун атасы.  

     Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17