Аймак

АЛАЙКУУДА МЫЙЗАМСЫЗ КИЙИК АТКАНДАР КОЛГО ТҮШҮРҮЛДҮ

АЛАЙКУУДА МЫЙЗАМСЫЗ КИЙИК АТКАНДАР КОЛГО ТҮШҮРҮЛДҮ

 6 Бардыгы /

        Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айылындагы Көк-Маңдай жайлоосунан мыйзамсыз кийик аткан төрт жаран акыры кармалды. Тоо текени аткан жарандарды аталган NABU Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобунун жана Экотехинспекциянын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери пландан тышкары биргелешкен рейдинин алкагында колго түшүрүштү.

        ОШентип, мыйзамсыз аңчылыкка шектелген жарандар дароо токтотулуп, текшерүүгө алынган учурда, алардын куржунунан бир кийиктин эти жана төрт даана аңчылык куралы чыкты. Натыйжада жеринде акт түзүлүп, андан ары ишти ар тараптуу териштирүү максатында тиешелүү органдарына өткөрүп берилди. Кошумчалай кетчүү жагдай: ушул жылдын сентябрь айынын башында NABU Кыргызстан уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери дагы Чүй обулсундагы “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш сейил багынын (МЖП) кызматкерлери менен биргеликте Көк-Ойрок участкасынан мыйзамсыз тоо теке аткан жарандарды кармашкан. Бул иш боюнча дагы акт түзүлүп, иш Кемин РИИБсына өткөрүлүп берилген.

        2024-жылдын июль айында Кыргызстандагы жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга салынуучу айып пулдун суммасы жогорулатылган. Мисалы, тоо текени уруксатсыз атканга мурда 100 миң сом айыппул салынса, азыр 300 миң сомго көтөрүдүг. Ал эми мамлекеттик жаратылыш сейил бактарында, же корук зоналарында мыйзамсыз аткандарга бул акчанын эки эселенген суммасы салынат. Мисалы: “Чоң-Кемин” МЖПсында мыйзамсыз тоо теке аткандарга 600 миң сом айып пул салынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17