Аймак

АРАВАНДА КЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН ЖАНЫБАРДЫ ӨЛТҮРГӨН ЖАРАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

АРАВАНДА КЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН ЖАНЫБАРДЫ ӨЛТҮРГӨН ЖАРАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

 6 Бардыгы /

        Ош облусунун Араван районундагы Күйгөн-Коро айылынын тургуну Кызыл Китепке киргизилген боз эчкемерди мыйзамсыз өлтүргөн. Алынган маалыматтардын негизинде, шектүү жарандын аракети NABU Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобунун кызматкерлери менен аталган райондун аңчы адиси тарабынан аныкталды.

        Ошентип, аталган факт боюнча акт түзүлүп, эчкемер экспертизага жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен бул иш сотко өткөрүлүп, кармалган жаранга тиешелүү мыйзамдарга ылайык, 20 миң сомдун 3 эселенген өлчөмүндөгү айыппул чегерилээри күтүлүүдө. Мындан эки эки жыл башта БУУнун Өнүктүрүү программасынын атайын долбоорунун алкагында, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандагы боз эчкемерлердин жашоо чөйрөсүн изилдешкен. Анын жыйынтыгында, алардын саны акыркы 20 жылдын ичинде эки эсеге кыскарып кеткен деген бүтүм чыгарылган.

        Баса, боз эчкемерлердин санынын азайып кеткендигин – алардын эти менен майы кайсы бир ооруларга дары болот деген туура эмес түшүнүктөн улам, мыйзамсыз аңчылык кылып кармап, айрым учурларда өлкө ичине же чет мамлекеттерге сатуу аракети менен түшүндүрүшкөн. Бул жаныбар Кыргызстандын Кызыл Китебине киргенине 35 жылдан ашты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17