Аймак

МЕЙКИНДИКТИ КЕӉЕЙТИП, АЯЛДАР КАНТИП БИЗНЕСТЕ ЖАӉЫ БИЙИКТИКТЕРДИ БАГЫНТТЫ

МЕЙКИНДИКТИ КЕӉЕЙТИП, АЯЛДАР КАНТИП БИЗНЕСТЕ ЖАӉЫ БИЙИКТИКТЕРДИ БАГЫНТТЫ

 282 Бардыгы /

Кыргызстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «Чери Блэр» аялдар ишкерлигин колдоо фонду менен өнөктөштүктө ишке ашырып жаткан «Бизнестеги аялдар» ментордук программасынын үчүнчү фазасы жыйынтыкталды.

Кыргызстандык 30 ишкер айым бул сезондун катышуучусу болду. Алар жети ай аралыгында өздөрүнүн бизнесин өнүктүрдү, жергиликтүү жана Европа, Азия жана Африка мамлекеттеринен келген чет элдик менторлор менен өзүн өнүктүрүү боюнча иш жүргүзүштү. 

«Быйыл бул программа бүткүл дүйнө жүзү боюнча ишкер-аялдарга колдоо көрсөтүүчү Cherie Blair Foundation for Women фонду менен бирге өнөктөштүктө ишке ашырылды. Сезондун дагы бир өзгөчөлүгү, бул жолу катышууга алда канча тажрыйбалуу, анын ичинде, эл аралык рынокторго чыгууну көздөгөн ишкер аялдар тандалып алынгандыгы болду. Биздин катышуучулар Кыргызстандын компаниялары европалык рынокторго кантип чыга аларын билген, байланыштарды кантип кеӊейтүүнү жана кантипжаӊы продуктарды түзүүнү түшүнгөн чет элдик менторлордон консультация алышты. Аралыкка жана ар кандай убакыт алкактарына карабай, устат жана шакирт түгөйлөр натыйжалуу иштешти жана жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Ушул сезондук бардык окуялары бизди кубандырат жана шыктандырат», – деди ЕРӨБдүн Кыргызстандагы «Чакан бизнес үчүн консультациялар» программасынын башкы менеджери Бакай Жунушов.

Программанын жыйынтыгы боюнча, кыргызстандык ишкер аялдардын жарымынан көбү жаӊы рынокторго чыкты, 70% продукция ассортиментин кеӊейтти, ал эми 87% бизнестин кирешелүүлүгүн көбөйттү. Ушул аралыкта кошумча 114 жумушчу орун түзүлдү. Мындан тышкары, катышуучулардын 43% бизнес-процесстерди автоматташтырды же андай иштин жүрүшүн жакшыртты, 47% инновацияларды колдонууга киргизди. Ошону менен бирге 93% программа жекече өсүүгө жардам бергенин белгиледи. Алты ишкер айым 95% жогору жалпы жетишкендик көрсөткүчү менен артыкчылык сертификатын алышты. Чет элдик үч бизнес-консультантты кошуп алганда алардын насаатчылары«сезондун мыкты менторлору» деп табылды. 

«Бул үйрөнүүгө жана окуганга даяр дем-күчтүү, кызыктуу жана ачык адамдарды өз ара байланыштырган эӊ сонун демилге болду. Түз мааниде алганда бул билим жана тапшырма берген мектеп эмес, мындай айтканда, теӊ укуктуу өнөктөштүк, программа аяктагандан кийин да өз ара байланышын үзбөй турган адамдар ортосундагы маанилүү диалог», – деп белгиледи сезондун мыкты менторлорунун бири Владислав Ливенцев.

Анын шакирти Карина Джантаева, Балдарды өнүктүрүү академиясынын (БӨА) жетекчиси, бизнестин масштабын кеӊейтүү жана өз убактысын ылайыктоо жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн операциялык ишмердиктен чыгуу талабы менен программага келген. Ал ойлогон максатын ишке ашыра алды. Эми Каринада балдар бакчасынан тышкары башталгыч мектеби жана өзүн өнүктүрүү жана стратегиялык милдеттерди чечүүгө көбүрөөк убактысы бар. 

«Кыргыз Туризм» компаниясынын директоружана негиздөөчүлөрүнүн бири Айша Мамбеталиева«Бизнестеги аялдар» программасына эки сезон удаакатышууда, бул жолу ал менти катары келген.

«Бул дагы абдан пайдалуу жана маанилүү тажрыйба. Белгилүү «Чери Блэр» платформасында эл аралык эксперттер менен иштешүү кызыктуу болду – бул жаӊы бийиктиктер жана стандарттар, башка нетворкинг жана келечектин элеси. Эл аралык ментор мага жаӊы горизонтторду ачты, керектүү билим жана бизнес-чечимдерди берди», – деп кошумчалады Айша Мамбеталиева.

Өткөн сезондор сыяктуу эле, психологдор жана коучтар өткөнтренингдер жана сессиялар, онлайн жана офлайн форматтарда ЕРӨБдүн жетектөөчү консультанттары менен жолугушуулар, ири ишканаларга таанышуу экскурсиялары жана өндүрүшкө мониторинг визиттери, бизнес-таӊкы тамак, кросс-менторинг жана трансформациялык оюндар программанын маанилүүбөлүгү болуп калды.

«Ментор катары маселеге кесипкөй карайсыӊ, сенден эксперттик колдоону жана кеӊештерди күтөт. Ал эми коуч адамдын ички энергиясы менен иштей алат, аны жаӊы өзгөрүүлөргө даярдайт. Адамдардын ички ресурстарын ишке киргизүү менен таланттарды ачууга жардам берүү эӊ сонун иш», – дейт ментордук жана коучинг ишин айкалыштыруу үчүн«Өзгөрүүлөргө шыктандыргыч-2023» номинациясы боюнча ардак грамота алган бизнес-консультант жана ICF уюмунун сертификатталган коюучу Эльдияр Джетишиков программадагы иши жөнүндө.

Үчүнчү сезондо дагы санариптештирүүгө жана жашыл технологияларга эксперттерди жана конок спикерлерди тартуу менен басым жасалды. Айтсак ментор Вадим Хасанов бизнес-процесстерге жасалма акыл-эсти киргизүү боюнчамастер-класстарды өткөрдү. Ал эми жашыл технологиялар боюнча эксперт, Tazar.kgбасылмасынын негиздөөчүсү Айнура Сагын ишкер аялдар менен ЕРӨБ командасынын жолугушуусунда бет ачар жасады. Сезондун башында уюштуруучулар бөтөнчө эксперимент баштаган – алар ар бир катышуучуга үрөн салынган кутусу бар кадимки карандаш тартуулашкан. Ишкер аялдар программанын аягына карата ал үрөндөн бөлмө өсүмдүктөрүн өстүрүштү, бул алардын бизнесинин өнүгүүсүнүн, гүлдөп өсүшүнүн символу болуп калды. 

ЕРӨБдүн «Бизнестеги аялдар» ментордук программасы Cherie Blair Foundation for Women уюму менен өнөктөштүктө Ишкер-аялдар үчүн финансылык демилгелери #WeFi жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосунда ЕРӨБдүн Чакан бизнеске көмөктөшүү фонду аркылуу ишке ашырылууда (Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, ЕБРР жана АКШ ТайванБизнес-Фондтехникалык кызматташуусу).

Команда  Бюро  коммуникаций ТАГС

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17