Аймак

Куттубай ИРИСАЛИЕВ: “КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮНӨ ТУРУШТУК БЕРҮҮ МАКСАТЫНДА МЫНДАН АРЫ СУУ ЧАРБА ТАРМАГЫ ОГО БЕТЕР ЖАКШЫРТЫЛАТ!”

Куттубай ИРИСАЛИЕВ: “КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮНӨ ТУРУШТУК БЕРҮҮ МАКСАТЫНДА МЫНДАН АРЫ СУУ ЧАРБА ТАРМАГЫ ОГО БЕТЕР ЖАКШЫРТЫЛАТ!”

 1,539 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Кара-Суу району – Кыргызстандагы эң чоң Аймак. Ушуга жараша суу каналдары дагы абдан көп. Бирок, аларды кайрадан калыбына келтирүү олчойгон каражаттарды гана талап кылып жаткан маалы. Бул өңүттө деги аракет барбы? Мунун чоо-жайын Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Куттубай ИРИСАЛИЕВден кенен-чонон сураштырдык

Куттубай мырза, Сиздердин ишкана Ош шаарына ирегелеш Кара-Суу районунун Төлөйкөн кыштагында жайланышканы менен өтө чачыранды аянттарды тейлейт турбайсыздарбы?

-Ооба. Абдан туура баамдапсыздар. Биздин башкармалык Ак-Буура+Папан, Куршап, Кара-Дарыя, Мады-Булак жана Талдык суу сактагычтарынан гана куралган. Демек, абдан эле чачыранды жайгашкан. Ага жараша тейлөө тармагыбыз дагы өтө кеңири.

Анан жоопкерчилигиңиздер дагы күч экен. Ошого жараша техникалык базаңыздар деле чыңдалгандыр?

-Ананчы! Кыргызстанда биздин суу чарба тармагына 2022- жылдан тартып гана жетиштүү көңүл бурулуп баштады десем мен эч жаңылышпаймын. Ошондон кийин гана бюджетибиз бара-бара көбөйбөдүбү.  Мисалы, республикалык бюждеттин эсебинен эки заманбап техника сатып алдык. Ал эми Түрк гранты аркылуу мыкты жүктөгүчтү ишке түшүрдүк. Буга чейинки техникаларыбызды ремонттоп, аларды деле куп гана пайдаланып келатабыз.

Биздин баамыбызда, суу бекетиңиздер деле менимче, дээрлик эскирип бүтүптүр?

-Ананчы! Башкармалыкка караштуу Эшме, Мады жана Чоң-Сай (Төлөйкөн) суу бекеттери бар. Буларды жыл сайын планыбызга киргизип, улам катарынан гана жаңылап жатабыз. Мисалы, 2022-жылы Мады, ал эми 2023-жылы Эшме суу бекетин заман талабына жараша  оңдоп-түзөдүк. Албетте, ремонттун баары тең республикалык бюджеттин эсебинен гана жүргүзүлдү. Эми минтип Чоң-Сай (Төлөйкөн) суу бекетин мыктылап алсак, буюрса, мындан ары сугат сууга таптакыр зарыкпайбыз.

Заманыбызга жараша климатыбыз дагы ашкере   катаалдашып, анан дагы ыкчам гана өзгөрүп, а түгүл шаштыбызды гана кетирип жатпайбы. Мындайда эскилиги жеткен суу каналдарын калыбына келтирүү аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко?

-Кантип? Дүйнөлүк банк каржылаган “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоору 2022-жылдын 21-сентябрында ратификацияланган. Мунун алкагында Куршап-Сай дарыя системасын, Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр чарбалык суу каналын пайдаланып, 13000 гектарды жана дагы Өзгөн районундагы Кочкор-Ата чарбалык каналынын жардамы аркасында 600 гектар аянттагы сугат тармагын толук кандуу калыбына келтирүүгө 26 миллион доллар каралды. Ушул тапта тендер ийгиликтүү өткөрүлүп, Түркиянын “Суу-Япи” консульитациялык компаниясы долбоордун сметалык документациясын белендөө менен алек.

        Ал эми Европа Өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы каржылаган 18,5 миллион еврого Араван-Ак-Буура райондор аралык каналы кошулду. Буга ылайык “КыргызСууДолбоор” ишканасы Араван-Ак-Буура каналын толук бойдон реконтрукцияламакчы. Ошондо Араван жана Кара-Суу райондорунун 21 918 гектар жери сугат суу менен толук кандуу камсыз этилет. Акырында Ош шаары аркылуу агып, Араван-Сай каналына куят.

        Кара-Суу районундагы Талдык башкы суу курулмасы жана каналы дагы дээрлик реконструкцияланат. Тендерди “Бек-Суу-Долбоор” ЖЧКсы утуп, 1980 миллион сомдук смета долбоорунун иш кагаздарын белендөө менен алек. Кара-Суу районундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн сугат жерлерин сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо иретинде капиталдык салымдар беренеси аркылуу 15000 миң сомдук тендер жарыяланып, мунун иш-кагаздары дагы дээрлик бүткөрүлүү алдында турат.

Куттубай мырза, Сиздин кесиптештериңиздин маяна- шарты шаман талабына шайкеш бекен?

-Жо-жок! Элдики көбөйсө дагы, биздики – суу  чарба кызматкерлериники, тилекке каршы, эч көбөйгөн жок! Ошондуктан, байкагандарсыз, биздин ишканабызга жаштар дээрлик жолошпойт. Эски жана дагы дасыккан адистерибиз менен эле ийиндеше иштешип гана келатабыз,эй!

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

        Маектешибиз – Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Куттубай ИРИСАЛИЕВ 1965-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай Айыл Өкмөтүнүн Кыдырша кыштагында төрөлгөн. Совет доорунда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы К. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун (азыркы Айыл чарба Академиясынын) инженер-гидротехник адистигин аяктаган. Ошондон бери ушул тармакта гана үзүрлүү эмгектенип келатат. Келинчеги Гүлнара ЧОЛПОНБАЕВА экөөлөп бир уулду, бир кызды тарбиялап-өстүрүштү. Алты неберелүү.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17