Аймак

ОШ ШААРЫНДАГЫ «АЛТЫН» КАФЕ-РЕСТОРАНЫ КҮЛГӨ АЙЛАНГАН. КЕЛТИРИЛГЕН ЗЫЯН 27 МИЛЛИОН СОМДУ ЧАПЧЫДЫ

ОШ ШААРЫНДАГЫ «АЛТЫН» КАФЕ-РЕСТОРАНЫ КҮЛГӨ АЙЛАНГАН. КЕЛТИРИЛГЕН ЗЫЯН 27 МИЛЛИОН СОМДУ ЧАПЧЫДЫ

 387 Бардыгы /

Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайланышкан «Алтын» кафе-ресторанындагы өрт жайкы ашканадан тутанган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев акыры шардана кылды.

– Акыркы мезгилде атайын комиссия жеринде тынымсыз иштеп, өрттүн келип чыгуу  себептерин жана дагы чыгымдарын кошо аныктады, – деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев. – Өрт өзү жайкы ашканадан гана тутанган. Жалпы жонунан келтирилген чыгым 27 миллион сомду чапчыды. Өрт кафе-ресторанга жанаша жайланышкан эки үйгө дагы жайылып, андан ары үчүнчү үйдүн чатырына дейре жеткен.  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авриялык-куткару бөлүмүнүн башчысы Замирбек Муратовдун баамында, курулуш материалдары абдан тез күйүп, анан узакка чейин өрттөнүп. жалынды өчүрүүгө олуттуу кыйнчылыктарды жаратты. Ал эми «Алтын» кафе-ресторанынын кожоюну Шерзод Закировдун айтымында, коомдук тамактануу жайы эки жыл мурун ишин баштаган. Инвестициянын көлөмү 1,5 миллион доллар эле.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17