Аймак

КЫТАЙ ЖАРАНЫ «ДОСТУК-АВТОДОРОЖНЫЙ» ЧЕК АРА БЕКЕТИНДЕ 30 601 000 СОМДУ МЫЙАМСЫЗ АЛЫП ӨТКӨРҮҮГӨ АРАКЕТ ЖАСАГАНДА КАРМАЛДЫ

КЫТАЙ ЖАРАНЫ «ДОСТУК-АВТОДОРОЖНЫЙ» ЧЕК АРА БЕКЕТИНДЕ 30 601 000 СОМДУ МЫЙАМСЫЗ АЛЫП ӨТКӨРҮҮГӨ АРАКЕТ ЖАСАГАНДА КАРМАЛДЫ

 318 Бардыгы /

Кыргыз чек арачылары Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Достук-автодорожный» чек ара өткөрүү бекети аркылуу 1971-жылы туулган Кытай жараны  L.D. 30 601 000 сомду мыйзамсыз алып өтүүсүнө бөгөт коюшту. Бул туурасында УКМКнын Мамлекетитк чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 3-июлундаКыргыз чек арачылары Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Достук-автодорожный» чек ара өткөрүү бекетинде шектүү жаранды кармашты. Күмөн туудурган Кытай жараны  L.D. ны тинтишкенде, анын жанынан 30 601 000 сом (350 000 АКШ доллары) табылды. Ал Кыргызстандан Өзбекстанга баратып, саналган акча каражаттарын декларациялаган эмес. Демек, Кыргызстандын Бажы мыйзамдарын одоно түрдө бузган. Ошол себептүү тиешелүү документер толтурулгандан кийин кармалган Кытай жараны  L.D. акчалары менен кошо тиешелүү укук корго органдарына мыйзам чегинде чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Эске салчу жагдай: чет өлкө жарандарына жана алардын резиденттерине 5 000 долар накталай, ал эми Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын резиденттерине10 000доллар накталай      алып жүрүүгө убактылуу чек коюлган. Эгерде бул талаптар аткарылбаса,  Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын резиденттеринен кармалган акча каражатынын 10 пайызы мамлекет төлөм сыңары алынат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17