Аймак

Данияр ТАЖИБАЕВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТҮБҮЗ АЛГАЛАСА, ӨЛКӨБҮЗ ДАГЫ ӨНҮГӨТ!”

Данияр ТАЖИБАЕВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТҮБҮЗ АЛГАЛАСА, ӨЛКӨБҮЗ ДАГЫ ӨНҮГӨТ!”

 642 Бардыгы /

Данияр ТАЖИБАЕВ мурун Ноокат шаарынын вице-мэри эле. 2022-жылдын февраль айында Ош облусунун Ноокат районундагы Токтомат Зулпуев атындагы Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына дайындалган. Кыргызстанда биринчилерден болуп 2023-2026-жылдарда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү Программасын (СЭӨПтү) негиздеп, анын ушул таптуу ырааттуу түрдө жүзөгө дагы ашырып жаткан маалы.

-Данияр мырза. Ноокат районундагы Токтомат Зулпуев атындагы айыл өкмөтүн 2023-2026-жылдаррга карата  социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын түзүүгө эмнелер себеп болду экен?

-Адегенде 2023-жылдын 15-июлунда жумушчу топ түзгөнбүз. Ушуга улай Ноокат районундагы Токтомат Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу ар бир кыштактын көйгөйлөрүн так аныктоо масатында фркус тайпалар дагы уюштурулду. Булардын талкуусу убагында ар бир жаранды дыкаат тыңдап, ой-пикрлерин бекем эске алдык. Буларды атайын планга дагы киргиздик.

Ал эми 2023-эылжын июль айында өзүүнчө коомдук угуу өткөрүлдү. Ошондон кийин гана Токтомат Зулпуев атындагы Айылдык Кеңештин сессиясында кең—кесири иргелип, акырды колдоо дагы тапты. Ошентип 2023-жылдын 22-августунда Ноокат райондук мамлекеттик акимчилигинин жыйындар залында районубуздагы бардык айыл өкмөттөрүнүн алдында долбоорубуздун атайылап тушоосун кеситик.

-Каржы маселеси кашайып кендирди кесип жаткан маалда  долбоорду жүзөгө ашырууда акча маселесин канттиңиздер?

-Туура баамдапсыз. СЕӨПтү ийгиликтүү жүзөгө ашырууда жергиликтүү бюджетибиз чындап жетишсиз. Анткени, бекилген бюджетибиздин 70 пайызы маяна, ммектептерди жана муниципалдыке имараттарды кармоого гана српталып, мындан тышкары Улуттук жана райондук деңгээлде туруктуу каржылык булактарыбыз жокко эсе!

Ошол себептүү биз жергиликтүү бюджетти карап гана олтурбастан, бизнес өнөктөштөрүбүз жана тышкы инвесторлор, мындан тышкары кызыкдар тараптар менен тыгыз иштешүүгө бекем ыктадык. Маселен, АКТЕД Эл аралык уюму аткарып жаткан Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин “Экономикалык өнүгүүнү эффективдүү башкаруу” (ЕВЕД) программасынын алкагында “Борбордук Азия суу экологиясы боюнча Альянсы” коомдук бирикмеси тарабынан “Айылды өнүктүрүү – Өлкөнү өнүктүрүү” Адвокаси долбоору аткарылды. Мындай аракетебиз мундан ары дагы сөзсүз түрдө улантылат.

-Данияр мырза, маселеде жайгарылса эле иш бүттү деп эсептейсизби? Жаңылышкан жоксузбу?

-Жо-жок! Биз көйгөйлөр биринин артынан экинчиси, анан андан ары баары тең чечилгенден кийин деле көңүлүбүздү биротоло тынчытпайбыз. СЕӨП толук кандуу аткарылса дагы токтоп калбайбыз. Андай оюбуз жана адатыбыз дагы жок! Биз айыл өкмөтүбүздүн инфратүзүмүнүн, жашоо-шартынын оңолушуна гана эмес, айыл өкмөтүбүздүн туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүнө гана бекем басым жасайбыз. Буюрса, айыл өкмөт ого бетер алгалап, өлкөбүз бүгүнкүдөн дагы ыкчам жана укмуштуудай өнүгөт деген терең ишеничтемин!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17