Аймак

БАШКЫ ПРОКУРОР БИР КАТАР ОБЛАСТТАРДЫН ПРОКУРОРЛОРУН ДАЙЫНДАДЫ

БАШКЫ ПРОКУРОР БИР КАТАР ОБЛАСТТАРДЫН ПРОКУРОРЛОРУН ДАЙЫНДАДЫ

 171 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.Асаналиевдин буйругунун негизинде айрым областтардын прокурорлору жаңыдан дайындады. Бул тууралуу КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

  1. Шукурбеков Азизбек Шарипович – Чүй областынын прокурору
  1. Каримов Эмирбек Каримович – Ысык-Көл областынын прокурору
  1. Молдокматов Абай Молдокматович – Баткен областынын прокурору
  1. Кубатидинов Абдирашит Кубатидинович – Нарын областынын прокурору
  1. Расулов Мирбек Алишерович – Талас областынын прокурору
  1. Уркунбаев Эмилбек Жолдошалиевич – Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокурору кызмат ордуларына дайындалышты.

Башкы прокурор М.Асаналиев жаңы дайындалган жетекчилерге мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруу талабын коюу менен бирге, жооптуу кызматтарында албан ийгиликтерди каалады.

Аталган жетекчилер эмгек жамааттарына тааныштырылып, өз милдеттерин аткарууга киришишти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17