Аймак

Данияр БОРОНБАЕВ: “ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ ЫКТАДЫК!”

Данияр БОРОНБАЕВ: “ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ ЫКТАДЫК!”

 3 Бардыгы /

Эсиңиздедир. 73 жыл бою өкүм сүргөн СССРдин доорунда ДОСААФ улуу империяда негизги жана уютку уюм сыңары сыпатталган. Анткени бул мекеме калкты аскердик патриоттуулукка тарбиялап, а түгүл айдоочуларды жана спортчуларды дагы белендеген. Бүгүнкү ыкчам өзгөргөн заман талабына жараша уюм атылышын дагы өзгөртүп, Билим берүү, спорттук–техникалык коргоо уюмуна (кыскартып айтканда, ОСТОго) айландырылган. Бирок, бул мекеменин бүгүнкү ал-акыбалы деги кантти экен? Дал ушул өңүттө Араван райондук Билим берүү, спорттук–техникалык коргоо уюмунун (ОСТОнун) директору Данияр БОРОНБАЕВди капыл-тапыл кепке тарттык.

-Данияр агай, Сиздер азыркы мезгилде деги кандай кесип ээлерин белендеп жатасыздар?

-Биздин уюмдун (мурунку ДОСААФтын, а азыркы – ОСТОнун) эң эле негизги максаты: жолдо жүрүү эрежелерин такай сактаган, адам өмүрүнө таптакыр залакасы тийбеген, автоунааларды дайыма техникалык жактан оң абалда гана кармаган, эң башкысы мыйзамды бекем сактаган айдоочуларды белендөө.

-Категорияларына жараша окутасыздарбы? Анткени окуу мөөнөттөрү ОСТОДо ар кыл экен?

-Ооба! Категория  “СЕ” – окуу мөөнөтү – 1,5 ай. Категория “ДД1” дагы – окуу мөөнөтү – 1,5 ай. Ал эми “А”, “В”, “Г” категориясындагы тракторчулар, эксковаторчулар, грейдерчилер, жүктөгүчтөр 3 ай окушат. Мындан тышкары автоунаа айдагандар 3 айы  аралыгында машина башкарганды ар тараптуу жана кадимкидей үйрөнүшөт.

-Айтмакчы, курсанттарга татыктуу таалим-тарбия берүү үчүн буларды окутуу шартыңыздар деги ойдогудайбы?

-Биз курсанттарыбызды жалаң гана окутуу менен чектелбейбиз. Практика жүзүндө автоунаа айдаганды дагы кошо үйрөтөбүз. Дал ушул максатта Араван районундагы Санталат Юсупова атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь кыштагында эски “АвтоДром” талаасын кайрадан бүтүндөй жана заманбап жаңыладык. Эми ушага улай “Тир” атып-машыгуучу жана дагы автоунаа жуугуч жайды моминтип өзүбүз эле эптеп куруп таштадык.

-Ал эми окуу каналары бүт заманбап жабдылгандыр?

-Өзүңүз кыдырып жүрүп көрдүңүз го. Эки класста тең заманбап үлгүдөгү 14 даана компьютер жана 10 даана ноутбук, ошондой эле интерактивдүү доска орнотулган. Мындан  тышкары эбак эскирген автопаркыбыздын 50 пайызын өз эсебибизден жана күчүбүз менен толук кандуу жаңыладык. Сабак маалында “Х-Гст”, “Спарк”, “ВАЗ-21-07”, “Х-Портер”, “ГАЗ-53”, “ЗИЛ-130”, “КАВЗ” автобусу, “Спринтер”, “Прицеп”, “Трактор”, “Жүктөгүч” өңдөнгөн техникаларды окутуучуларыбыз байма-бай урунушат.

-А сынакты анан кантесиздер?

-Биздин курсанттарыбыз өзүбүздө эмес, Ош облустук “Унаа” мамлекеттик мекемесинде – Ош шаарында кадимкидей эле экзамен тапшырышат. Албетте, биринчи эле сынакта курсанттарыбыздын 50-60 пайызы сынактан эч кандай кыйынчылыксыз өтүшөт. Ал эми кулап калгандары бизде дагы кайрадан окуусун улантышат. Алар дагы экзамен тапшырышат. Бирок, бул сапар кулашпайт.

-Данияр агай, Сиздердин ОСТО деле ушул заманда көйгөйлөрдөн таптакыр куру эместир?

-Албетте, биз байырлаган имарат тээ өткөн кылымда, тактап айтканда, 1958-жылы ДОСААФ маалында курулган экен. Демек, азыркы курсанттарыбыздын контигентине чындап эле өтө тарлык кылат. Жашырып не. Биз өтө кеңири жана дагы заман талабына толук кандуу жооп берген абдан чоң жана сапаттуу имаратка абдан эле муктажбыз!

Ошентсе дагы, Араван райондук Билим берүү, спорттук–техникалык коргоо уюмунун (ОСТОнун) эмгек жамааты дайыма өз алдынча изденип, заманбап усулдарды жана формаларды такай таап, ар кыл курактагы мекендештерибизди айдоочулук жактан толук кандуу агартууга жана дасыккан гана айлоочуларды окутуп-тарбитялап, ОСТО уясынан учурганга бекем ынтызар!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17