Аймак

Арстанбек АБДУЛЛАЕВ: “ПЕНСИОНЕРЛЕРГЕ МАМЛЕКЕТТИК КАМКОРДУК МЫНДАН АРЫ ОГО БЕТЕР КҮЧӨТҮЛӨТ!”

Арстанбек АБДУЛЛАЕВ:  “ПЕНСИОНЕРЛЕРГЕ МАМЛЕКЕТТИК КАМКОРДУК МЫНДАН АРЫ ОГО БЕТЕР КҮЧӨТҮЛӨТ!”

 3 Бардыгы /

Кыргыздар бекеринен “Карысы бардын – ырысы бар!” дешпейт. Президент Садыр Жапаровдун акылман саясатына ылайык пенсионерлерге карата мамлекеттик камордук улам күчөтүлүп жана дагы абдан активдешип гана баратат. Бул жышаанды кабарчыбызга курган маегинде Ош шаардык Социалдык Фонд башкармалыгынын жетекчиси Арстанбек АБДУЛЛАЕВ деле танган жок!

-Арстанбек мырза, өлкөбүздө абдан кызуу жүрүп жаткан аймактык-административдик реформага ылайык Ош шаарына ирегелеш жайланышкан Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн айыл өкмөттөрү Кыргызстандын Түштүк башкалаасына биротоло кошулбадыбы. Ошондуктан, Сиздердин түйшүгүңүдөр деле ого бетер көбөйгөндүр?

-Ананчы! аймактык-административдик реформанын натыйжасында пенсионерлерибиздин дагы катары ого бетер калыңдап, ушул тапта 36 387 кишини чапчыды. Албетте, ошого жараша биздин түйшүгүбүз деле абдан эле көбөйдү.

-Баса, Кыргыз Өкмөтү экономикалык дараметине жараша пенсияны деле бара-бара көбөйтүп жатпайбы?

-Абдан туура баамдапсыз. Былтыр пенсияга 38 пайыз кошулган эле. Ал эми андан мурунку 2022-жылы бул көрсөткүч 33 пайызды чапчыган. А быйыл 18 пайызга жогорулатылып олтурат. Демек, инфиляцияга жараша ушундай камкордуктар мындан ары дагы ырааттуу түрдө улантылат.

-Айтмакчы, Ош шаарында пенсия курагандагылардын деле катмары ар кыл өңдөнөт?

-Ооба! Ош шаарында 30 278 адамга жаш курагы боюнча туруктуу пенсия чектелген. Булардын 58 – персоналдык пенсионерлер (мамлекетке өзгөчө эмгек сиңиргендер). Майыптыгына жараша – 4918 пенсионерлер арабызда жашашат. Баса, булардын арасында 1-топтогу майыптыгы боюнча – 472, 2-топтогу майыптыгы боюнча – 3406, ал эми 3-топтогу майыптыгы боюнча – 1040 пенсионерибиз бар.

-Кечиресиз, булардын арасында багуусунан таптакыр ажырагандар деле бардыр?

-Чындыгында, багуусунан биротоло ажырыгандардан дагыле куру эмеспиз! Булардын саны – 1151 киши. Тоголок жетимдер – 21, күйөөсү каза таап, алардын пенсиясы аялына өткөрүлүп чегерилгендер – 184, жарым-жартылай жана дагы тоголок жетимдер – 1481. А булардын 29у – топтоголок жетим. Андыктан, мамлекет өз камкордугуна бөлөп, ар бирине жеткиликтүү пенсия чектеп келатат.

-Күтүүсүз кырсыкка кабылгандарга деги пенсия каралганбы?

-Ооба. Аскер кызматкерлеринин мыйзамына ылайык 40 пенсионер биздин эсебибизде турат. Булардын 18и- Чернобул  АЭСиндеги атом кырсыктарын четтетүүгө катышкандар. Ал эми 7си – ИСАга аралашкандар.

-Эң кызыгы: бекерпоздорго деле акча төлөөчү эмес белеңиздер?

-Жашырып не. Расмий тартипте жумушсуз деп таанылган 4

жараныбызга калктын жашоо минимумунун өлчөмүндө топтолгон Фонддун эсебинен каражат төлөнүп берилди.

-Эң башкысы: кендирибизди куп гана кескен пенсия таратуудагы коррупциялык жоруктардан деле толук арылган өңдөнөсүздөр?

-Ош шаарындагы 21 Банк менен биздин атайын келишимдерибиз бар. Пенсионерлерибиздин 78-79 пайызына  дал ошол Банктар аркылуу эле акчаларын ар биринин өздөрүнүн каржы карточкаларына түз которобуз. Ал эми калгандары пенсиясын өздөрү жашап жатышкан аймактардагы почта түйүндөрүнөн алышат. Демек, Сиздер дагыле күмөн санаган коррупциянын биздин системада аты түгүл, дегеле жыты жок!

-Арстанбек мырза, заман талабына жараша Сиздерге түптүз даттанышкандар деле бардыр?

-Биздин эшигибиз пенсонерлерибиз үчүн дайыма апачык! Ушул күнгө карата Ош шаардык Социалдык Фонд башкармалыгына “ИнфоДокс” Программасы аркылуу 2995 кат-кайрылуу түштү. А булардын ар бирине биздин кызматкерлерибиз тарабынан өз убагында эч кечиктирилбестен ынандыраарлык гана жооптор кайтарылды. Мындан тышкары 38 жараныбыз оозэки түрүндө кабылдамабызга даттанган экен. Буларга дагы башкармалыктын жетекчиси жана ошондой эле тиешелүү адистер тарабынан канаттандыраарлык жооптор кайтарылды.

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

        Ош шаардык Социалдык Фонд башкармалыгынын жетекчиси Арстанбек АБДУЛЛАЕВ 43 жашта. Академик Муса Адышев атындагы Ош технологиялык унвиерситетинин бухгалтер-экономист адистигин аяктаган. Эмгек жолун Ош облусунун Өзгөн райондук камсыздоо бөлүмүндө тескөөчү сыңары баштаган.

        Андан соң Ош облусунун Өзгөн райондук Социалдык Фонд бөлүмүнүн жана Жалал-Абад шаардык Социалдык Фонд бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Базар-Коргон райондук, Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук, Бишкек шаарындагы Ленин райондук, Таш-Көмүр шаардык Социалдык Фонд башкармалыгынын жетекчиси вазийпасын абийирдүү аркалаган. Ара чолодо Кыргыз Республикасынын Социалдык Фонд төрагасынын орун басары кызматында эмгектенген.

        Арстанбек АБДУЛЛАЕВ 2022-жылдын сентябрынан тартып Ош шаардык Социалдык Фонд башкармалыгын ийгиликтүү гана жетектеп келатат.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17