Аймак

Зергербай БОРОНОВ: “АЛАЙДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТИНЕН 950 МИҢ СОМ ЧЫГЫМГА УЧУРАДЫК!”

Зергербай БОРОНОВ: “АЛАЙДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТИНЕН 950 МИҢ СОМ ЧЫГЫМГА УЧУРАДЫК!”

 3 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Алай райондук суу чарба башкармалыгында сезон аяктаганы менен түйшүк ого бетер кайрадан көбөйдү. Келаткан жылдын түшүмүнүн камы эмитен эле көрүлүп, каналдарды катарынан селден тазалоо жана иреттөө, буга улай заманбап лотокторду (бетон арыктарды) орнотуу жараяны абдан кызыган чагы. Ошол себептүү Алай райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Зергербай БОРОНОВду дагы Семеновский каналын бойлото бетондолгон арыктарды орноттуруп жүргөн жеринде таап, анан дароо эле кызуу кепке тарттык.

-Зергербай мырза. Алай району Ош облусундагы өтө тоолуу жана шарты абдан эле катаал аймактардын бири. Ошентсе дагы, канча чарбалык каналаңыздар бар?

-Күңгөй каналы – 9,6, Семеновский каналы – 5,6, Артхозовский каналы – 1,6, Савай каналы – 8,4, /ч-Чат каналы – 15, 1-Май каналы – 4,7, ал эми Сары-Таш каналы – 5,6 чакырымга созулат. Жалпысынан бардык каналдарыбыз 49,5 чакырымды гана түзөт.

-Узаган жайда суунун тартыштыгы кендирди кеспеди бекен?

-Жо-жок! Дыйкандарыбыз жана жеке ишкерлерибиз жай       бою сугат суу менен жетиштүү гана түрдө камсыз этилди. Бул жагынан биздин дарегибизге эч кимисинин таптакыр дооматы жок! Мунун быйылкы мол түшүмүбүз  дагыле айгинелеп турбайбы.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айтып коюуга тийишмин! 2024-жылдын январь айынан тартып эле дал ушул күнгө дейре Алай        райондук суу чарба башкармалыгына караштуу бардык чоң-кичине каналдар толук кандуу ремонттолуп бүттү десем эч жаңылышпаймын. Албетте, мында /сөн Ормонов өңдөнгөн тилке башчыларыбыздын, Калмурза Бекташев сыяктуу башкы инженерибиздин күнү тыным, түнү уйку көрбөгөн мээнеттеринин акыбети толук кайтты.

-Сиз өзүңүз баштап моминтип Семеновский каналын бойлото жүгүрүп жүрөсүздөр. Баса, бул каналдагы сууну эмнеге убактылуу токтоттуруп койдуңуздар?

-Туура баамдапсыз. 2022-жылдан бери эле эбак эскилиги жеткен Семеновский каналынын 2 чакрымына заманбап ЛР-100 лотогун (бетон арыгын) кыдырата коюп келатабыз. А быйыл моминтип 33 даана ЛР-100 бетон арыгын сатып алып, аталган каналдын суусун убактылуу токтотуп, бетон арыктарын моминтип кыдырата орнотуу иштери менен алекпиз!

-Байкашыбызча, Алай районундагы каналдардын дээрлик бардыгы тең тээтигил Союз (СССР) маалында курулган экен. Дээрлик эскирип деле бүтүптүр. Буларды тазалоо жана дагы селден коргоо жагы жеңил эмес го?

-Ананчы! Каналдардын басымдуулугу кол күчү менен чабылып, бүт кайрадан тазаланды. Жээгиндеги тал-теректер кыдырата кыйылды. Буга улай орто жолдо чакан жана заманбап көпүрөлөр дагы курулду.

-Арийне, азыркы заманда акчасыз иш жүрбөйт эмеспи. Бул жараяндын бюджетине каражат каралгандыр?

-Быйылкы жылы бюджеттен 11 миллион сом каралган. Мунун 9 миллион 159 сомун өз максатында гана эч коромжусуз пайдаландык. Мындайча эсептегенде, 5 487 сом – күйүүчү-майлоочу заттарга, 1 748 сом – курулуш материалдарына, 1 924 сом – техникалардын тетиктерине гана сарпталды. Эң алыскы Сары-Таш кыштагындагы Машалы каналынын 8,4 чакырымы кол күчү менен тазаланып, дээрлик 1000 гектарга суу тартылды.

-Зергербай      мырза, узаган жаздагы тынымсыз жамгыр-сел Сиздердин шаштыңыздарды деле куп гана кетиргендир?

-Ооба! Көз ачырбастан нөшөрлөп төккөн жамгырдын кесепетинен районубуздагы 1-Май, Савай, Үч-Чат, Күнгөй жана Семеновский каналдарынын 830 метр3 сел ар жеринен агып түшүп, жалпы жонунан бизди 950 миң сом чыгымга учуратты. Бирок, биз кол куушуруп, анан дагы жамбаштап жаткан жокпуз. Күнү-түнү эмгектенип, сел алган аянттарды кечеңдетпестен тазалап, бардык каналдарга үзгүлтүксүз  гана суу берип турдук.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17