Аймак

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИ ШАЙЛОО КАНДАЙ ӨТӨТ?

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИ ШАЙЛОО КАНДАЙ ӨТӨТ?

 3 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде 2024-жылдын 17- ноябрында өлкө боюнча жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөрүү дайындалган. Мыйзамга ылайык жаңыдан аныкталган мандаттар боюнча Бишкек жана Ош шаарларына 45тен мандат берилсе, башка аймактарда калктын санын эске алуу менен бөлүнөрү кабарланган. Эгерде административдик аймакта жашаган калктын саны 6 миңге чейин болсо 11 депутат, калктын саны 20 миңге чейин  болсо 21 мандат, 20 миң ден көп калк жашаган аймактарда 31 депутат шайланат.  Ошондой эле жергиликтүү кеңештерди шайлоонун босого чени 5 пайыз болуп белгиленди.

Шайлоо эркин жана таза өтүүсү зарыл. Шайлоо мамлекетти өзгөртүүгө, өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизет. Андыктан ар бир кыргызстандык шайлоочу өз укугун туура пайдаланышы керек. Боло турган шайлоого элдин, партиялардын катышуусу кандай болот? Шайлоонун кандай өтөөрү боюнча алдын ала айрым серепчилердин, улуу муун өкүлдөрүнүн пикирин алдык.

Жусупбек КУЛМАТОВ, Жалал-Абад шаарынын тургуну ардагер:

-Мурдагы шайлоо менен азыркы шайлоонун айырмачылыгын айта турган болсок, азыр шайлоонун шайтан оюндарына, бийлик тарабынан административдик ресурстарды колдонууга бөгөт коюлган. Экинчи тарабы мыйзам жолу менен бийлик органдарынын көрсөтмөлөрү менен жергиликтүү органдарды өз алдынча башкаруу органдарын, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин шайлоо өнөктүгүнөн четтетип таштады. Мурда жогоруда аталган кызматтагылар шайлоонун өтүшүнүн кыймылдаткыч күчү болгон. Бул күч жалпы элдин шайлоого катышуусуна таасирлерин тийгизишкен. Натыйжада шайлоочулардын шайлоо өнөктүгүнө болгон мамилеси өзгөрдү. Элдин ага болгон кайдыгерлиги күчөдү. Ага мисал, өткөндө Жогорку Кеңешке Сузак №13 шайлоо округунда болуп өткөн шайлоодо 16 пайыз гана калк шайлоого катышып добушун берген. Аз эле добуш алып Жогорку Кеңешке депутат болуп олтуруп калышты. Бул негизи туура болбой калат. Мурдагы шайлоо мыйзамдарында жакшы көрсөтүлгөн нормативдер бар эле. Тагыраагы шайлоочулардын 50+1 добушун алуу менен гана шайланчу. Ошону менен бирге жалпы катышууда 80-90 пайыз болчу. Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин кайрадан шайлоого тартыш керек. Алар аркылуу элге жакшы маалымат жеткирилет.

Шайлоо системасын жакшыртуу максатында айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ар бир жарандын коомдук саясий иштерге болгон жоопкерчилигин арттырган мыйзам долбоору иштелип чыгарылуусу зарыл.

Партия маселесине келсек, азыркы шайлоого бийликтин партиялары аралашпаганы жакшы жышаана болду. Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоодо элдин өзүнүн каалоосуна коюп бергени туура. Анткени эл жергиликтүү маселелерди ким чече алат деп, өз аймагынан чыккан мыкты иш билги талапкерлерди тандап алат.

Бекболот ИБРАИМОВ, Жалал-Абад облусунда бейтарап сотунун төрагасы:

Кыргыз Республикасынын Шайлоо мыйзамдары негизинен жакшы жазылган деп жүрөбүз. Мыйзам пайдаланылган учурда, убакыт өткөндө элдин шайлоого катышуу маселеси байкалып жатат. Конституциябызда жазылып турат – ар бир кыргызстандык жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу деп. Укугубузду пайдалануу, милдетибизди аткаруубуз керек да. Өткөн айда Бишкекте, Ноокатта, Сузакта болгон шайлоолордо шайлоочулардын катышуусу начар болду. Сузак районундагы №13 округда болгон шайлоодо 126 миң шайлоочудан 21 миң гана киши катышкан. Калган эл каякта? Эмне үчүн алар өз укугун колдонгон жок, келечекке кайдыгер мамиле жасашат? Шайлоо мыйзамына туура эмес берене кирип калган. Буга чейинки шайлоолордо 25 пайыз эл шайлоого катышпаса, шайлоо өтпөдү деп эсептелинчү. 2010-жылдагы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргенде шайлоого катышуунун саны тууралуу беренени алып таштаган.

Бүгүн 5 пайыз эл келип шайласа деле шайлоо лигитимдүү боло береби? Бул кантип болсун? Мурдагы 50+1 деген пайызды борбордук шайлоо комитети, Жогорку Кеңештин депутаттары кайра калыбына келтириши керек.  Антпесе талапкердин аз пайыздагы шайлоочуларына акча берип сатып алуусуна да оңой жол ачылып калчудай. Жогорку Кеңештин талапкерлери 500 агитатор алса болот экен. Ар бир агитаторуна 20 миң сомдон берсе, ар бир агитатору 30дан киши алып келсе, 15 миң добуш алып атат. Кайрадан эле шайлоодо оңой оюн кылууга жол ачылып калды. Мыйзамга катышуучулардын пайызы 25 пайыздан жогору болсун деп киргизип койсо, талапкер 50 миң шайлоочуну сатып ала албайт. Ошондуктан таза шайлоо өткөрүү үчүн шайлоочулардын пайызына көңүл буруу мыйзамда каралышы шарт. 50+1 деген жобону кайтарбаса болбойт. 

Жогорку Кеңештин шайлоосуна караганда жергиликтүү кеңешке шайлоодо шайлоочулардын катышуусу жакшыраак болот. Бул табийгый нерсе, мандат көп, ар бир айылда шайлоо болот. Ошондуктан добушту сатып алуу, тууганчылык деген маселелерди көзөмөлдөө керек.

Азыркы жергиликтүү кеңешке боло турган шайлоодо айрым аймактарда талапкерлер жок экен. Бул эки нерсе менен түшүндүрүлөт. Биринчиси, депутаттардын ыйгарым укуктарынын аздыгы жана кайдыгерлик деп эсептейм.

Узакбай МАМАТКУЛОВ, Жалал-Абад шаарынын тургуну, серепчи:

-Шайлоо компаниясынын жүргүзгөн иштерине да акыркы жылдары өзгөрүүлөр кирип жаңыланды. Азыр бийликтин партиялары катышпай турган болуп калды. Бул да болсо катардагы жаңы муун партияларына жакшы мүмкүнчүлүк берилди десек болот. Албетте, азыркы шайлоо мурдагыдай болбойт. Талапкердин деңгээлине жараша болору бышык. Эл да туура тандайт деп ишенебиз.

Шайлоо өнөктүгүнө элдин катышуусу маселе жаратып келүүдө. Канча шайлоочу катышса, ошонун ичинен көбүрөөк добушка ээ болгон талапкер  мандатка ээ болуп жатат. Канткен күндө да шайлоочулар элге кызмат кыла турган, мамлекеттин келечекте өнүгүүсүнө карай кадам таштай ала турган мүмкүнчүлүгү бар талапкерди туура тандаса болгону.

Бариса ТУРДУКУЛОВА, Жалал-Абад колледжинин директору:

-Менимче жергиликтүү кеңештердин шайлоосу таза өтөт. Шайлоо технологиялары күчтүү, өнөктүк өткөрүүгө баардык иштер, шарттар жолго салынган. Эч кандай административдик кысым болбойт. Мурда мугалимдерди, врачтарды шайлоого куучу. Шайлоого иштейсиңер, шайлатасыңар деп талапкерге иштетет эле. Азыр анын бири жок.

Элдин катышуусу да Жогорку Кеңештин шайлоосуна караганда активдүү болот деп эсептейм. Анткени ар бир шайлоочунун жанында жүргөн, билип тааныган тууганы же досу талапкер болот. Азыр шайлоонун өтүшүнө жаңы өзгөчөлүктөр кирди. Бул өзгөрүүнүн натыйжасы шайлоонун таза өтүүсүнө түрткү, кепилдик боло алат.

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоо мыйзам талабында жакшы өтүүсү үчүн ар бир шайлоочуну өзүнүн шайлоо, тандоо укугун пайдаланууга чакырам.

Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун аймагындагы шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Казыбек Шадыбековдун айтымында аталган аймакта Кербен шаардык кеңешке – 5 партия көрсөтүлгөн. Алар: “Ынтымак”, “Адилет”, “Жаңы Кыргызстан”, “Ишеним”, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиялары. Ал эми Ала-Бука жана Чаткал райондорунда партиялар сунушталбай жаткандыктан талапкерлер өзүн өздөрү сунуштоодо.

Токтогул районунда – 9: “Тынчтык”, “Энергетиктер”, “Ишеним”, “Жаңы Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Эмгек”, “Эркин эл”, “Эл үмүтү”, “Бирге-Вместе” партиялары. Кара-Көл шаарында – 6:  “Эмгек”, “Энергетик”, “Ынтымак”, “Таза Булак”, “Мекендеш”, “Жаңы Кыргызстан” партиялары. Таш-Көмүр шаарында – 4: “Ишеним”, “Ынтымак”, “Жаңы Кыргызстан”, “Жаштар” партиялары, Майлуу-Суу шаарында – 3 партия: “Эл биримдиги”, “Жаңы Кыргызстан”, “Ынтымак”. Ал эми айылдык кеңештер боюнча көрсөтүү иштери 17-октябрга чейин кабыл алынарын Борбордук шайлоо комиссиясынын аталган район-шаарларындагы атайын өкүлү Азамат Ажыканов билдирди.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондору боюнча атайын өкүлү Махмуд Маматовдун айтымында Сузак районуна: “Жаңы Кыргызстан”, “Ак-Нур-Келечек”, “Ынтымак”; Кочкор-Ата шаардык кеңешине: “Жаңы-Кыргызстан”, “Эл биримдиги”, “Ынтымак”; Шамалды-Сай шаардык кеңешине: “Ынтымак”, “Жаңы Кыргызстан”, “Бирге-вместе”, “Ишеним”, “Эл биримдиги”, “Энергетиктер” партиялары; Базар-Коргон шаардык кеңешине: “Жаңы Кыргызстан”, “Адилет”, “Биздин келечек”, “Эл биримдиги”, “Замандаш”, “Ынтымак”, “Бирге-вместе”, “Ишеним”, “Ата-Мекен” партиялары жана Ноокен районунда 9 партиялар катталган. Ал эми Жалал-Абад шаарынан “Жаңы Кыргызстан”, “Эмгек”, “Адилет” партиялары көрсөтүлгөн.

Даярдаган: Нургүл АБДЫЛДАЕВА,  “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17