Аймак

Ырдап жүр АЛТЫН БАЛАЛЫК

 6 Бардыгы /

Сөзү: Ж.Алыбаевдики
Обону: Т.Казаковдуку

Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кете элек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп.
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.

Кайырма:

Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон.

”Кемпир!”- десем мен колуңдан жетелеп,
”Белим ий!” – деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп мени аяп.
Чай кайнаткан күндөрүң,
Али эсимден кете элек.

Кайырма

Коштошордо, коомай кармап колумду,
”Сагынба” деп, санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул күн.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.

Кайырма

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17