Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
43 Бардыгы / Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Октябрский айылынан “Аталар мурасы” чыгармачыл аксакалдар тобу түзүлдү. “Аталар мурасы” чыгармачыл аксакалдар тобу 2024-жылдын май айында уюшулган. Топтун мүчөлөрү 70 жаштын айланасындагы 6 адамдан турат. Анын көркөм жетекчиси Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын директору Муктар Кырбашев. Топтун аксакал мүчөсү өзү акын, 40тай обондун ээси, кесиби […]
44 Бардыгы / Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Октябрский айылынан “Аталар мурасы” чыгармачыл аксакалдар тобу түзүлдү. “Аталар мурасы” чыгармачыл аксакалдар тобу 2024-жылдын май айында уюшулган. Топтун мүчөлөрү 70 жаштын айланасындагы 6 адамдан турат. Анын көркөм жетекчиси Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын директору Муктар Кырбашев. Топтун аксакал мүчөсү өзү акын, 40тай обондун ээси, кесиби […]
ӨЗГӨЧӨ ТАЛАНТТУУ АТАЛАР ТОБУ
17.10.2024 / Автор anarkan_kg45 Бардыгы /
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Октябрский айылынан “Аталар мурасы” чыгармачыл аксакалдар тобу түзүлдү.
“Аталар мурасы” чыгармачыл аксакалдар тобу 2024-жылдын май айында уюшулган. Топтун мүчөлөрү 70 жаштын айланасындагы 6 адамдан турат. Анын көркөм жетекчиси Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын директору Муктар Кырбашев. Топтун аксакал мүчөсү өзү акын, 40тай обондун ээси, кесиби боюнча эсепчи Сабыр Жолдошов. Экинчи мүчөсү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика психология факультетинде ага окутуучу болуп көп жылдар иштеп келген Макамбай Абазов. Андан кийинки мүчөсү Сузак районуна аттын кашкасындай таанымал инсан, кесиби боюнча экономист- бухгалтер Сузак райондук кеңеште депутаттардын төрагасы болуп жүргөн, Жалал-Абад облусунда бейтарап сотунун төрагасы, илимдер академиясынын илимий кызматкери Бекболот Ибрагимов. Бул инсандын демилгеси менен ушул топ ачылган. Маданият тармагында үзүрлүү эмгектенип учурда Октябрь маданият үйүн жетектеп келе жаткан чыгармачыл инсан Таалай Нурумбетов. Андан кийинки мүчөсү Апсамат Осмоналиев бул да маданият техникумун аяктаган, музыкалык аспаптардын баарында кол ойноткон көп кырдуу талант.
“Аталар мурасы” фольклордук ансамбли түзүлгөндөн бери Ысык-Көл облусунда 11 мамлекеттин уюштуруусу менен 6 мамлекеттин катышуусу менен өткөрүлгөн “Дүйнө эли достошот” аттуу эл аралык фестивалга катышып, экинчи орунду багындырып келишти. Аталган сынакта 62 коллективдин ичинен 2-орунду алышкан. Буга кошумча жеке композиция аткарууда Макамбай Абазов “Ысык-Көл сага барам” чыгармасы менен чыгып биринчи орунду багындырган. Кыргызстанда мындай аталар тобу буга чейин болгон эмес. Аталган топ көбүнчө кыргыз элинин унутта калып бараткан элдик чыгармаларды аткарышат. Улукмырза Полотовдун “Кыздар ай”, Атай Огонбаевдин “Гүлкайыр”, Керим Тураповдун “Айылга кат” жана башка эски ырларды кайрадан эл алдына алып чыгышууда.
Топту түзүү идеясын көтөрүп, аны түзгөн Бекболот Ибрагимовдун айтымында мындагы аксакалдар бир булактан суу ичип, бир жамаатта чоңойгон кичинекей Кызыл-Кыя айылынын мырзалары. Ошондой эле “Ар бир кыргыз мукам үндүү келет”- дегендей бул мырзалар дээринен музыка жандуу болушкан. Үй-бүлө мүчөлөрүндө, ата тегинде ырдагандар, музыкалык аспаптарда ойногондор болгон. “Аталар мурасы” фольклордук тобунун аткаруучулары учурунда мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрүшүп, эми минтип ардактуу эс алуу убагында чыгармачылыкка баш оту менен киришишкен кези.
Кыргызстанда биринчи болуп Сузак районунда аталар чыгармачылык тобун уюштуруп, алдыда көп максаттарды коюп иш баштаган аталарга бекем ден соолук чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна КЕРБЕН ШААРЫНЫН МЭРИНЕ КАТУУ СӨГҮШ БЕРИЛДИ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.