Аймак

Жумабай ТОКТОСУНОВ: “КАРА-КУЛЖА СУГАТ СУУГА ЗАР ЭМЕС!”

Жумабай ТОКТОСУНОВ: “КАРА-КУЛЖА СУГАТ СУУГА ЗАР ЭМЕС!”

 6 Бардыгы /

Жашырып не. Азык-түлүк коопсуздугун толук кандуу камсыз кылууда суу чарба тармагынын ролу өтө эле жогору. Анткени, жеткиликтүү сугат суусуз мол түшүм жыйноо дегеле мүмкүн эмес! Буга улай эле кыбыр эткен жан-жаныбарлар жана мал-жандыктар убагында, ошондой эле тойгуча сугарылбаса, албетте, эт деле байлабайт. Мындайда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын дагы мээнети абдан чоң! Ошол себептүү тоолуу аймакка атайылап сапарлап, аталган башкармалыктын жетекчиси Жумабай ТОКТОСУНОВду иш үстүндө кенен-чонон кепке тарттык.

-Жумабай мырза, адегенде ишиңиздер илгери болсун!

-Чоооң ыракмат! Сиз дагы бизди дал азыр жумушубуз ыраса кычаган маалда гана таптыңыз.

-Вегетация (сугат) сезону (өнөктүгү) бүтсө деле дагыле жанталашып иштеп жатыпсыздар. Эмнеге?

-Сугат өнөктүгү аяктаганы менен ага карата камылганы бизэмитен гана көрбөсөк, кийин, албетте, кечигебиз. Ошону үчүн бүгүнтөн баштап арык-каналдарыбызды чекесинен тазалап, анан дагы жыртык-тешин бүтөп, кем-карчын бара-бара толуктап жаткан чагыбыз.

-Бийик тоолуу Кара-Кулжа жергесинде деги пайдаланууга жарактуу канча канал бар?

-Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын карамагында ушул тапта жалпы жонунан 8 ири канал бар. Маселен, Сары-Камыш каналы 7,9 чакырымга созулуп, 799 гектар аянтты сугарганга жарап келатат. Ал эми Теңизбай каналынын узундугу 3,74 чакырым, 385 гектарды сугат суу менен камсыздап турат. А Ылай-Талаа каналы 21,3 чакырымды ээлейт, 455 сектарга суу жеткирет. Эски-Могол каналы 21,3 чакырымды чапчып, 2281 гектарда тейлейт. Баса, Кум каналы 3,3 чакырым, 258 гектарга суу чыгарат. Ак-Турпак каналынын узундугу 3,9 эле чакырым, бирок, 152 гектарды сугат суу менен камсыз этет. Көк-Жар каналы 9,7 чакырымга созулуп, 450 гектарды сугарат. Эң акыркысы Сай каналы 1,1 чакырым, бирок, 120 гектарды гана сугарганга жарайт.

-Ошентсе дагы, биздин байкашыбызча, техникаларыңыздардын баары эле эскирип бүтүптүр го?

-Туура эле баамдапсыздар. Чындыгында, ишканабызга тээ 2013-жылы алып келинген техникаларыбыздын дээрлик бардыгынын эскилиги эбак жеткен. Ошентсе дагы эптеп, утуру оңдоп-түзөп, анан гана жумушка салып жатып биз деле чарчадык. Бирок, башка айлабыз жок! Жоктон көрө жогору деп, бузулгандарын улам оңдоп-түзөп, сай бойлото канал тазалоого, андан ары керектчөөчүлөрүбүзгө суу жеткирүүгө үзгүлтүксүз колдонуп гана келатабыз.

-Тынбай коңгуроо кагып, Кыргыз Өкмөтүнөн заманбап техникаларды доолап-сурабайт белеңиздер?

-Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев катышкан Кара-Кулжадагы элдик жыйында бул маселени үстөккө-босток көтөрүп, жапжаңы техникаларды аябай сурандык эле. Он беш күнгө жетпестен колубузга жапжаңы эксковатор тийди. Эми ички  ирригация тармагына дагы өзгөчө көңүл бурулуп, бактыбызга жараша заманбап техникалардын  келиши күтүлүүдө. Анткени, биздин жумушубуздун басымдуулугу оор техникалар менен гана бүткөрүлөт. Демек, техникалык каражаттарыбыз ошондо толук жаңыланып, анан дагы жумушубуз ого бетер арбыйт деген чоң үмүттөбүз!

Мындан ары деле бизде таптакыр тыным жок! Кышы бою жазгы талаа иштерине камылганы жана камкордукту бара-бара күчөтөбүз. Каналдарыбыз катарынан ремонттолот. Алыскы Алайкуу өрөөнүндөгү Терек каналында тендерден уткан “Сити-Комплекс” компаниясы калыбына келтирүү менен алектенип жатат. Ушул тапта жумуштун дээрлик 90 пайызы аяктап гана калды.

-Бийик тоолуу районсуздар. Андыктан, аймакта сел кырсыктары абдан күч! Муну ойлободуңуздарбы?

-Кантип? Бул жагдай биздин көңүлүбүздүн такай борборунда. Маселен, Эски-Могол каналынын жээктерин жаратылыш кырсыктары көп тооруйт. Ошону үчүн 45 метрге созулган суудан коргоочу дамбаны биз өзүбүздүн күчүбүз менен эле бүткөрдүк.

Былтыр аймагыбызда жазга маал төрт ирет капысынан катуу сел жүрүп, жалпысынан 1 миллион сомдон ашуун чыгымга учураган элек. Ошондуктан, азыртан баштап канал жээктерин кыдырата тазалоо, ал эми ички арыктарды андан ары кеңейтүү менен гана алекпиз!

-Жумабай мырза, иштин көзүн билген кесипкөй команда болбосо, ар кандай аракет баары бир текке гана кетээри айкын. Бул жагынан Сиз деги канттиңиз экен?

-Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгында ушул тапта жалпысынан 28 гана кызматкер эмгектенет. Мына ушулар – менин командам! Булардын алтоосу – Кыргыз Республикасынын суу чарбасынын мыктысы. Ал эми калгандары деле мамлекеттик сыйлыктардан кур эмес. “Атын атасаң, куту сүйүнөт!” демекчи, Кадырмамат Акматалиев, Эркин Калмурзаев, Калык Нурматов, Беделбай Калыев, Өмүрали Мамаев, Адилет Беделбай уулу, Данияр Элдияр уулу, Альбина Корчубекова, Жылдыз Мамаева, Айзирек Таалай кызы өңдөнгөн азаматтарыбыз менен такай гана сыймыктанабыз!

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

        Маектешибиз – Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Жумабай ТОКТОСУНОВ 63 жашта. 1984-жылы Бишкек шаарындагы К. Скрябин атындагы айыл чарба институтун (азыркы Айыл чарба Академиясын) бүтүргөн. Кесиби – инженер-механик. Кара-Кулжа райондук “ГоскомСельхозтезника” бирикмесинин ага инженери, Агроөнөр жай кызматкерлеринин райондук комитетинин катчысы, райондук айыл чарба башкармалыгынын эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча башкы инженери, райондук жер башкармалыгынын адиси, райакимчиликтин жетектөөчү адиси, Кара-Кулжа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси кызматтарын абийирдүү аркалаган.

        Дасыккан адис Жумабай ТОКТОСУНОВ 2011-жылдан тартып Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгын камчы салдырбастан гана жетектеп келатат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 1-класстагы тескөөчүсү чинине ээ.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17