Аймак

Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”

Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”

 6 Бардыгы /

“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен үзгүлтүксүз гана шугурланып, буга улай жаш муунду грепп-линг күрөшүнө тынымсыз машыктырып келатат. Ошондуктан, жаш жетекчини АКШнын Чикаго шаарынан кайтаары менен жумушунда дароо кармап, капыл-тапыл кепке тарттык.

  • Темиржан мырза, деги океандан ары жагына –

Американын Чикаго шаарына сапарыңыздар жемиштүү эле болгондур?

АКШнын Чикаго шаарында заманбап грепп-линг күрөшүнүн

Бразилия түрү боюнча таймашы абдан кызуу жүрдү. Бул иш-чарага бүтүндөй Америка боюнча спортсмендер активдүү катышышты. Тилекке каршы, мен 8 баланы алпардым эле. Таймашка аралашканга дээрлик үлгүрбөй калдык. Күрөш бүтүп калыптыр. Ошентсе дагы, зор таасирленип кйттык. Буюрса, эмдиги жылы бул тирешүүгө катышканга үмүтүбүз абдан чоң!

  • Айтмакчы, Сиз жетектеген “Өзгөн-Тазалык”

муниципалдык ишканасында дал ушул тапта техникалык каражаттар жетиштүү эледир? Анан дагы бул өңүттө Ата Мекендик жана Дүйнөлүк донор уюмдар менен иштешпейт белеңиздер?

  • Орчундуу көйгөйүбүз: биздин техникаларыбыз бүтүндөй

дээрлик эскирип бүттү. Ошентсе дагы эскилерин эптеп оңдоп-түзөп, дагыле пайдаланып келатабыз.Жакында эде ХОВА үлгүсүндөгү эки машинелүү болдук. Мындай аракетибиз мындан ары дагы улантылат деген терең ишеничтемин!

          Баса, биздин таштанды полигонубуз деле эбак эскирип бүттү жана абдан эле тар. Муну дагы ата мекендик АРИС уюму аркылуу жаңылоо аракетиндебиз. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаев дагы эки техника убадалаган. Анын деле аткарылышын чыдамсыздык менен күтүп атабыз.

          Кыскасы, “Алма – быш! Оозума – түш!” деп жамбаштап жаткан жерибиз жок. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша АРИС, Өзбекстан-Кыргызстан жана Кыргызстан-Орусия Өнүктүрүү Фонддору менен тыгыз кызматташып, буларга бир катар долбоолорду сунуш этип жатабыз. Эгерде булар колдоо тапса, анда ишибиз ого бетер илгерилемекчи.

  • Аймактык-административдик реформага ылайык

Сиздердин ишканага Өзгөн шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты дагы кошулуп атпайбы. Деги экономикалык кыйчалыш заманда мунун зарылчылыгы бар беле?

  • Ананчы! Мындайча караганда, бириктирилген эки

ишкананын тең функциясы – вазийпасы бир, анан дагы опокшош эле! Негизги максаты: Өзгөн шаарын тазалыкта кармоо жана көрктөндүрүү. “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жылдык бюджети араң 5 миллион сом эле. Азыр эки ишкананы кошкондо, жалпысынан 18 миллион сомду чапчып олтурат. Мынча каражаттар аркылуу, чындыгында, көптөгөн жумуштарды бүтүргөнгө жарайбыз, эй!

  • Өзгөн калаасынын калкы деле калыңдабады?
  • Ооба. Өзгөн шаарында ушул тапта жалпы жонунан 65 миң

калк күн көрөт. Ички жана тышкы миграцияны кошкондо кээде 80 миң кишини чапчыйт.

     Булардын 32 миңи менен биздин ишканабыз атайын келишим түзгөнбүз. Ошого жараша гана иш жүргүзүп келатабыз. Быйыл булардын санын 40-45-миң кардарга жеткилери деген аракетибиз абдан күч!

  • Сөзүңүзгө аралжы, Сиздердин бир өзгөчөлүгүңүздөр –

айрым топторуңуздар түндөсү деле иштейт турбайбы. Эмне үчүн?

  • Туптуура баамдапсыздар. Биз эки нөөмөттө: күндүзү жана

түндөсү иштеген топ негиздегенбиз. Анткени, мамлекеттик жана жеке менчик ишкана-мекемелерге, ошондой эле уюмдарга күндүзү кымындай тоскоолдук жаратпас үчүн бир тайпабыз түндөсү гана иш жүргүзөт. Мындайча айтканда, таштандыларды түндөсү такай тазалап, аймактарды ирээтке келтиребиз.

  • Темиржан мырза, Сиз деги турмушуңузда кандай

принципти бекем карманасыз? Анан дагы тутунган урааныңыз бардыр?

  • Мен эс тарткандан бери чындыкты гана карманам. Карандай

калпты жинимдей жек көрөм! Ал эми туруктуу урунган урааным: Дени сак улут – бакубат мамлекет! Ошондуктан, тазалыкты (пакизалыкты) бекем сактаймын!

          Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып коеюнчу: биздин ишканабыз шаарыбыздын ар бир тургунунан көрсөткөн кызматыбыз үчүн ай сайын 30 гана сом чогултабыз. Албетте, инфляцияга жараша бул өтө аз сумма! Ошондуктан, Өзгөн шаардык Кеңешине бул сумманы жок дегенде 45 сомго көтөрүүнү сунуш этип жатабыз. Ушуга улай ишканабыздын кызматкерлеринин маянасын дагы жогорулатуу көңүлүбүздүн борборунда турат.

                   МАЕКТЕШ ЖӨН/НДӨ МААЛЫМАТ

          Маектешибиз – “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн. Кесиби – юрист. Өзгөн районундагы Көлдүк айылдык кеңешинин депутаты. Бир кыз, үч уулдун атасы. Келинчеги – үй кожейкеси.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17