Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,621 Бардыгы / Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Кадыралы Жапакбаев менен маек -Кадыралы Жоробекович, сот реформасы ишке ашуудабы, же өз ордунда эле турабы? -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылы 8 августунда сот реформасын ишке ашыруу боюнча жарлыгы чыгып анда 2013-жылдан 2017 -жылга чейин Кыргыз Республикасында сот реформасын өнүктүрүү боюнча программасы сунушталган. Биз азыр ушул программаны ишке ашыруунун үстүндө иштеп […]
4,622 Бардыгы / Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Кадыралы Жапакбаев менен маек -Кадыралы Жоробекович, сот реформасы ишке ашуудабы, же өз ордунда эле турабы? -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылы 8 августунда сот реформасын ишке ашыруу боюнча жарлыгы чыгып анда 2013-жылдан 2017 -жылга чейин Кыргыз Республикасында сот реформасын өнүктүрүү боюнча программасы сунушталган. Биз азыр ушул программаны ишке ашыруунун үстүндө иштеп […]
К.Жапакбаев, Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы “Сот реформасы этап менен ишке ашырылып жатат”
29.09.2014 / Автор Orozaly4,623 Бардыгы /
Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Кадыралы Жапакбаев менен маек
-Кадыралы Жоробекович, сот реформасы ишке ашуудабы, же өз ордунда эле турабы?
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылы 8 августунда сот реформасын ишке ашыруу боюнча жарлыгы чыгып анда 2013-жылдан 2017 -жылга чейин Кыргыз Республикасында сот реформасын өнүктүрүү боюнча программасы сунушталган. Биз азыр ушул программаны ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Ал программада сот системасынын сапаты, сооттордун жоопкерчилигин жогорулатуу, соттук өндүрүш иштерин, сот отурумдарын кароонун ачыктыгын мыйзамдык жактан бекитүү, сотторду адистештирүүнү өркүндөтүү ( жарандык, экономикалык, кылмыштык ж.б) каралган. Кыскасы, ал программада соттук реформаны аяктоо, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын, ошондой эле мамлекеттин жана коомдун мыйзамдуу таламдарын коргоодо сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана кадыр-баркын
жогорулатуу жагдайы каралган. Албетте, сот системасында да өзүнө тиешелүү ички көйгөйлөрү көп. Айрым жарандар сыйкырдуу таяк менен шилтеп койсо өзгөрө тургандай бир заматта эле кыялдагы системаны каалашат. Бирок ал иш акырындап ишке ашып жатат. Күчтүү сот бийлигинин болушу экономикалык укуктук мамилелердин туруктуулугунун жана өлкөнүн экономикасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуунун негизи болот. Кыргызстандын азыркы шартында соттордун жана укук коргоо органдарынын колдонуудагы системасын трансформациялоого жана алар сапаттуу жаңы түзүмгө өсүп жетилгенге чейин бузуп-жарбастан жаңылоо кыйла акыл-эстүү жана үнөмдүү болуп саналат.
Сот системасындагы структуралык өзгөртүүлөр колдонуудагы уюштуруу структурасына таянып, аларды акырындык менен сапаттуу жаңы мазмун менен толуктоо аркылуу этабы менен өтүүгө тийиш.
-Аймактагы соттордун жоопкерчилигин жогорулатуу жагдайы кандай?
– Биз бул багытта сотторун билимин өркүндөтүү боюнча окууларды өткөрүп жатабыз. 2014-жылдын 23-24-25-сентябрында, Жалал-Абад шаарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ жана «Укук борбору» коомдук фонду менен биргеликте «Кыргыз Республикасындагы балдар үчүн юстиция» деген аталыштагы тренингдерди өткөрдү.
Жалал-Абад областынын судьялары, прокурорлору, адвокаттары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Социалдык Өнүктүрүү министрлигинин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери катышып Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович, «Укук борбору» коомдук фондусунун юристи Айжан Кадырова, Кыргыз Республикасынын адвокаттар Союзунун директорунун милдетин аткаруучу Ниязалиева Айзана жана Бишкек шаарынын Ленин райондук социалдык Өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Аширбаева Эльмира баяндама жасады. Анда
Ювеналдык юстиция тармагындагы эл аралык стандарттар, Жашы жетпеген соттолуучуга карата жазык ишин кароо өзгөчөлүктөрү ж.б маселелер каралды. мындай окуулар Жогорку Соттун демилгеси менен республиканын бардык аймактарында өтүп жатат. Бул бизге өтө пайдалуу.
– Кечиресиз массалык маалымат каражаттарында Сиздин ишмердигиңизге карата айыптаган маалымат чыгып кетти?…
-Рахмат, менин да пикиримди сурашат бекен деп күткөн элем. Ооба, айрым сайттар айрым белгисиз маалымат булактатарына шылтап туруп, бир беткей куру жалааларды таркатып жиберишти. Албетте, бул өкүнүчтүү. Анткени, иштин жөн жайы таптакыр андай эмес. Иштин жөн-жайы жазылып чыккан же мага карата айып таккандардын пикириндей эмес. Мен ушуну гана айткым келет.
-Анда эмне үчүн ушундай чуу болуп жатат?
-Ал ким-бирөөлөргө керек болсо керек. Бир нерсени айтып коёюн, Аксы райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Эрлан Токтосунов мамилем жакшы, мага карата анын эч кандай нааразылыгы жок деп ойлоймун. ММКларда жазып жаткандай мени эч ким кармаган да жок. Мен азыр эмгек өргүүдөмүн. Чамасы, бул ким-бирөөлөргө керек болгон окшойт, бирок алардын ою тилекке каршы, оңунан чыкпай калды.
Орозалы Карасартов,Aymak.kg
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
01.08.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ №21 МЕКТЕПКЕ АШКАНА КУРУЛУП ЖАТАТ
-
-
11.08.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗБЕКСТАНДА “ДОК-1 МАКС” ДАРЫСЫН ИЧКЕНДЕН КИЙИН 65 БАЛА КАЗА БОЛГОН
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.