Аймак

Камчыбек Ташиев, «Ата Журт” партиясынын лидери: “Жылдыз Жолдошеваны мен эмес, фракция мүчөлөрү лидерликтен кетириши мүмкүн”

 2,316 Бардыгы /

Камчыбек Ташиев, «Ата Журт” партиясынын лидери: “Жылдыз Жолдошеваны мен эмес, фракция мүчөлөрү лидерликтен кетириши мүмкүн”

Камчыбек Кыдыршаевич, акыркы убактарда сиздин дарегиңизге карата бир катар маалыматтар айтыла калып жатат. Мисалы, “Ташиев Бабанов менен сүйлөшүп, биригип жатышыптыр, эми Атамбаев менен бир жээкте болот экен” дегендей. Ошондой эле Отунбаева кызыкдар болуп, Жылдыз Жолдошеваны фракция жетекчилигинен кетирүүгө аракеттер болуп жаткандыгы туурасында да айтылып жатат. Бул маалыматтар боюнча кандай комментарий бересиз?

– “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Токтогулович менен сүйлөшүү жүрүп жаткандыгы чындык.Бирок бул боюнча азырынча кеңири маалымат бере албайм. Анткени, бардык маселелер сүйлөшүлүп, эки тарап тең бирдей пикирге келгенден кийин жыйынтыгын чогуу айтабыз деп макулдашканбыз. Демек, өтө жакын мезгилде сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча бүт элге жарыя кылабыз.

Ал эми Жылдыз Жолдошеваны фракция жетекчилигинен алуу боюнча маселеге Роза Отунбаеванын эч кандай тиешеси жок. Экинчиден, Жылдыз Жолдошеваны мен эмес, фракция мүчөлөрү лидерликтен кетириши мүмкүн,партиянын саясий кеңешинин чечими менен лидерликке келген, эми башка лидер болот, бул эч кандай трагедия эмес, креслого жабышып эч ким калган эмес. Партиянын саясий кеңеши сунушун берди,эми калганын депутаттар чечиши керек.

– “Кыргызтудей” сайты “Камчы Ташиевге реаблитация жасап, соттолгон деген макамын алып салып, парламенттик шайлоого катышууга укук алып беребиз деген бийликтин атамбаевчил комбинаторлору Ташиевдин алдына азырынча алгачкы үч шартты койгон. Биринчиси, “Ахматбек Келдибеков айыбын тартып, абакка олтуруп чыгыш керек” деп ачык билдирүү жасаш керек, аны жасады. Экинчиси, Ташиев өз айыбын мойнуна алып, Атамбаевден ачык кечирим сураш керек, анысын сурады. Үчүнчүсү, Жылдыз Жолдошеваны фракция лидерлигинен кетириш зарыл. Ушундай дагы бир нече сыноолордон өткөндөн кийин гана Алмаз Атамбаев Камчы Ташиевге ырайым кылып, кечирим берет. Соттолгон макамын алып таштап, келерки парламенттик шайлоого Өмүрбек Бабанов, Роза Отунбаева, Адахан Мадумаров, Феликс Куловдор менен болгон кеңири коалицияга кошулуп катышууга уруксат алат” деп жазды. Чын эле бийлик сизге ушундай шарттарды койдубу? Эгер чын болсо анда канча жылдан бери саясатта бирдей идеяда, үзөңгүлөш келе жаткан адамдар сизден кол үзүп кетет деп кооптонбойсузбу?

– “Кыргызтудей”деген ушакчы сайт. Алардын мен жөнүндө жазгандарынын баары калп.Буюрса Акматбек Келдибеков өзүнүн ак экендигин сотто далилдеп берет деген ишеничтемин. Себеби ага карата тагылып жаткан айыптарга себепчи болгон кээ бир кабыл алынган чечимдердин арасында мен дагы болгом, мисалы,парламенттин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачууда бардык депутаттар чогуу чечим кабыл алганбыз.Андыктан, “Ак ийилет, бирок сынбайт” демекчи эртеби-кечпи коомчулук Акматбек Келдибековдун ак экендигине күбө болот.

Ал эми “Кыргызтудей” жазгандай менин Феликс Кулов, Адахан Мадумаров, Роза Отунбаевалар менен парламенттик шайлоого чогуу, биригип барайын деген оюм азырынча жок.

– Дегеле Кыргызстандагы саясий партиялардын катарында бараандуу орунду ээлеп турган “Ата Журт” партиясынын лидери бүгүнкү партиялаштарынын парламенттеги аткарып жаткан иштери туурасында эмнелерди айта алат?

– “Ата-Журт”саясий, мекенчил партиясынын орду мамлекетибиздин саясатында өтө орчундуу орунду ээлегендиги чыны калың журтка маалым. Мамлекетибиздин келечегин аныктоо – бүткүл элдин милдети экендигин сезүү менен биз элибиздин биримдигин, бөлүнбөстүгүн, ынтымактуулугун камсыз кылууга бардык күч аракеттерибизди жумшап келгенбиз жана да жумшайбыз. Менин партиялаштарым менин пикир-сунуштарымды колдоп келген, мен дагы алардын сунуш-пикирлерин ар дайым эске алуу менен иш жүргүзөбүз. Андыктан, “Ата Журт” партиясынын алдында дагы көп аткарыла турган иштер бар. Анын баары коомчулук алдына ар дайым ачык айтылып келатат.

Аида Надырбекова -Башат.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17