Аймак

Салтанат АСИЛБЕКОВА, Жалал-Абад шаардык маданият үйүнүн жетекчиси: “НААМ БОРБОРДОГУ ЖЫЛДЫЗДАРГА ГАНА БЕРИЛИП, ОБЛУС РЕГИОНДОР УНУТТА КАЛАТ”

Салтанат АСИЛБЕКОВА, Жалал-Абад шаардык маданият үйүнүн жетекчиси:  “НААМ БОРБОРДОГУ ЖЫЛДЫЗДАРГА ГАНА БЕРИЛИП, ОБЛУС РЕГИОНДОР УНУТТА КАЛАТ”

 2,526 Бардыгы /

2-ноябрь маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Маданият тармагынын майрамдык маселелери, дегеле алардын көйгөйлөрү менен тең бөлүштүк.

-Саламатсызбы Салтанат эже, майрамда деле мардайа кайсы бир көйгөйлөр чыга келсе керек?

-Майрам алдынан биздин маданият кызматкерлери кубанып турган кез. Көйгөйлүү маселелерибиз тууралуу сурап калдыңар. Чынында бардык жерде маселе бар. Айрыкча Жалал-Абад шаарында. Анткени депутаттардын башы бирикпестен бюджетибиз алигече чечиле элек. Иш чараларды өткөрүүдө каражат тартышы түйшөлтүүдө. Быйылкы жыл өтө оордугун билдирип жатат. Ага карабастан мамлекеттик маанилүү майрамдарды өткөрүүгө акча каралып жатат. Үстүбүздөгү жылда бизге эң чоң сүйүнүч имараттуу болгонубуз болду. Эми калган кошумча жумуштарын бүткөрүүгө дагы акча маселесин карап берет деген үмүттө турабыз.

-Шаардык деңгээлде өткөн концерттерде көбүнчө жаш жеткинчектер негизги ролду ойноп, сахнаны толтурууда…

-Шаардагы көп иш чараларга жаштар жигердүү катышып жатышат. Бир тарабынан мэриянын алдында жаштар комитети уюштурулгандан бери жаштардын көп колдоо жардамын алып жатабыз.  Жаштардын өз майрамы болгон менен 2-ноябрь маданият күнүндө да Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар комитетинин төрагасын, маданият техникумунун активдүү студенттерине ардак грамотага көрсөткөнбүз.

-Кесиптик майрамдарга жетекчилик анчейин көңүл бурбай калдыбы?

-Чындыгында кесиптик майрамдар көз жаздымда калып кетүүдө. Мисалы кечээ күнү мугалимдердин майрамында деле жалаң гана окуучулар концерт коюшту. Биз тараптан колдоолор бир канча ырчыларыбыз барып ырдап бергени болду. Туура жетекчилик ардак грамота ыйгаруу менен гана чектелип калууда. Акыркы жылы шаар бюджети бекилбегендиктен ал грамота деле берилбей калды. Эгер бюджет бекитилсе акчалай жардамдар да болмок. Биздин колубуздан келгени руханий жактан маданий эс алуу тартуулап колдоо. Аны болушунча аткарып жатабыз.

-Сахна маданияты бүгүнкү күндө канчалык сакталууда?

-Сахна ыйыктыгы жөнүндө айтыш мен үчүн татаал. Кыргыздын ТВдагы залкарлары картайды. Азыр жаңырып аңы муун келди. Сахна маданият билбеген муун келди. Азыр таш ыргытсаң ырчынын башына түшөт. Компьютер менен үндү жасатып алып, ырдай албаганы деле жылдыз болуп жүрөт. Кыргыз эстрадасында мыкты аткаруучу сахна маданиятын көтөргөн кызматкерлер да жүрөт. Алар менен сыймыктанабыз. Маданият тармагы бизнеске айланып кеткендиктен сахна ыйыктыгы эстен чыгып кетүүдө.

-Социалдык түйүндөрдө катуу талкууга алынган наам маселесине кандай көз караштасыз?

-Наам сөзсүз эле сахнада ырдагандын баарына эле берилиши керек эмес. Үнүн компьютерден жасап түзөп жандуу ырдай албагандар канча. Маданият тармагында күйүп бышып сахна артында иштегендер бар. Көчмөндөр оюндарын өткөргөндөр, чоң – чоң концерттерди уюштуруп мамлекеттик деңгээлде өткөрүп жүргөндөр. Мисалы мен 60ка чыктым. Канча жылдардан бери маданиятта жүрөбүз. Кечээ чыккан жылдыздар эле алып атышат. Жең ичинен алгандарын айтпай эле коёлу. Айтайын дегеним наам менен сыйлоодо региондордо, облустарда, райондордо иштеген маданият кызматкерлери унутулуп кала берет. Борбордогулар наамга жетип, аймактар артта калууда дегим келет. Алар күн сайын жумушка келип, өмүрүн маданиятка арнап жүрүшөт.

-Канткенде маданият кызматкерлери үчүн майрамдардын майрамы болмок?

-Биздин майрам атына эле башкалар “артисттердин” майрамы турбайбы деп коюшат. Бизге болгону көңүл эле керек. Кичине эле көңүл буруп коюшса чоң кубанат элек. Айрым кесиптердин майрамдарына аябай көңүл бурушат. Прокуратуранын, соттун майрамдары тимеле чоң уюштурулат. Маданият кызматкерлерине көңүл эле керек. Кимдир бут басып келип абалыбызды сурап, майрамыбыз менен куттуктаса ушунчалык сүйүнүчтө  калабыз.

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17