Аймак

Куттумидин БАЗАРКУЛОВ жазуучу, журналист: «ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМДЫН ЧОҢ ЭМГЕКТЕНҮҮСҮ ОЙ БАСКАНЫНДА»

Куттумидин БАЗАРКУЛОВ жазуучу, журналист: «ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМДЫН ЧОҢ ЭМГЕКТЕНҮҮСҮ ОЙ БАСКАНЫНДА»

 4,605 Бардыгы /

Басма сөз күнүн утурлай Жалал-Абаддагы чыгаан журналист, жазуучу Куттумидин Базаркулов менен түйшүгү түмөн журналисттик кесиптин азыркы абалы, оош-кыйышы, өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу маектештик.

– Саламатсызбы Куттумидин агай. Биринчи эле суроомду агай деген сөздөн баштайын. Муну берип жатканымдын себеби, сиз ЖТРде башкы директор болуп иштеп жаткан кезде шеф дебей агай жечү эле.

– Шеф деп деле айткандар болду. Бирок көбүнчө кулака сиңген сөздөрү агай деп кайрылышаар эле. Мага шеф дегенге караганга агай деген сөз жагымдуу угулуп жакын сезилет. Анткени, мен өмүр боюу өмүр жолумда агаймын да. Азыр деле Эл аралык окуу жайында иштеп агай болуп жүрбөйүнбү. Агай деген сөз бул агартуу тармагында билим берген адам. ЖТР боюнча айта кетсем андагы кадрларга сабак берип, кийин жумушка алдым. Жаш журналисттер пайда болду. Кээ бирлери телевидениенин башкы директору. Айта кетсем Ильяз Турдубай уулу, Байгазы Раимкулоков, Байсал Кыдыралиев, Мунара Жапарова, Акмарал Андарбекова, Осмон Уламсадыров, Мунарбек Жөргөмов көп экен. Республиканын булуң бурчунда жүрүшөт. А түгүл ФБ баракчасында бүт эле менин кадрларым экен. Мына сени дагы мен окуткам. Гезитке иштеп жатасың, сага да ийгилик. Бул «Аймак» гезити атаандаштыкты сезген, алга умтулууну көздөгөн жамаат.

– Рахмат агай. Сиздин ушул басма сөз журналисттердин майрамы менен куттуктайм. Журналисттерге билим берген тарбиялап өстүргөн инсан катары айтсаңыз бүгүнкү күндүн журналисти кандай болушу керек?

– Сиздерге да рахмат. «Аймак» гезитинин жалпы жамаатын, ошону менен бирге жалпы журналисттерди майрамы менен куттуктайм. Бардыгына чың, тырсыйган ден соолук, өмүр каалап кетем. Өмүр берсин журналисттерге. Муну айтып жатканымдын себеби мына ушул гезиттин негиздөөчүсү, басма сөздүн ишмери, басканы менен из калтырган Орозалы Карасартовдун арабыздан кетип жок болгону биз үчүн кандай жоготуу болду. Мен дайыма калыс сөзүн эстейм. Журналисттерди, элди ынтымакка чакырганын эстейм. Өзүнүн оорусун эл менен алаксытчы. Эл аралаганда айыгып, жеңилдеп калган журналист эле. Жаткан жери жайлуу, бейишин берсин. Эстеп коёлу. Ушул күнү көзү өткөн журналисттер көз алдымдан өтөт. Садыралы Абдукеримов, Алымбек Азимканов, Асилбек Текебаев, Жазгүл Каракозуева. Чогуу тамак ичип, кыргызча айтканда табакташ болдук да. Кантип унутасын. Топурактары торкоо болсун. Эми сурооңо өтсөм. Мен бекеринен көзү өткөн кесиптештерибизди айткан жокмун. Эстеш керек, эс тутуму күчтүү болушу керек. Коомдо болуп жаткан нерсенин талуу жерин кармаганга аракети күч болушу керек. Сезимтал, туюучу, умтулуусу, жан үрөөсү болуп тургану жакшы болоор эле. Өзүнөн өзү жаңылап, жаңы адам болуп туруш керек. Мисалы Союз убагындагы журналисттер өзгөрүүнүн заманга жараша болгону ылайыктуу. Сөздөр, терминдер, колдонгондору канчага өзгөрүү болду. Мен телевидениенин журналисттерине айтчумун силер монтажёр, оператор, сценарист да болушуңар керек дечүмүн жазганды гана эмес. Технология жаңырган сайын журналист да технолог болушу керек. Керек болсо жаңы сөздөр менен алек болушу керек. Эскинин технологиясын жаңыртыш керек. Эски ырларды деле жаңы аранжировка менен чыгып жатпайбы. Эмне үчүн андай жагдайды журналист түзбөш керек.

– Ушуга улай улап кетсек. Сиз убагыңызда сиз жетектеген телевидение ЖТР жаш журналисттер 85 пайыз болгондугунан «Жаш журналисттердин мектеби» аталып калган. Азыр, ушул журналисттерди даярдаган мектеп ачкыңыз келеби?

– Ачкандан, билим бергенден качпайм. Бирок убакыт керек экен. Мына эл аралык университеттин педагогикалык жамааты «Журналистиканы» ачабыз деп аракет кылып жатышат. Ал эми өзүм боюнча айта кете турган болсом эки жылдан бери, ачыла элек сырымды ача турган болуп калдың. Журналистика, басма сөз боюнча методикалык китеп жазып, ишти тилек кылып жатам. Китеп бул билимдин сабагы, салымы да.

– Дагы бир иштин башын баштаптырсыз. Сиздин журналисттериңиздин даярдаган журналисттердин видеорепортаждарынан көрүп калдым эле. Куттумидин Дербишалиевич баштаганын аягына чыгат дегенин. Чынында эле чыгып жүрөсүз. Китеп жазам дедиңиз эле. Жазып жүрөсүз. «Кыбыла» китебин жазам деп айттыңыз эле. Ал китеп жарыкка чыкты. Эмне үчүн алдын ала айтасыз?

– Журналист баамчыл болушу керек. Мына сиздин баамдап калганыңыз өзүңүзгө эле пайда алып келди. Байкап калганыңызга рахмат. Мындайда, алдын-ала айтуу бул дагы күжүрмөн эмгектин алды. Ушул долбоор ишке ашып кетсин деп иш баштайсың. Туура «Кыбыла» деген китебим жөнүндө баштай электе,оюмда жүргөн кезде да айтып койгон жерим бар. Анткени топ адамдарга айтуу менен өзүмө өзүм иш алып жатам. Өзүмө өзүм жоопкерчиликти жүктөйм. Ошонун убадасында сөзгө туруу милдетинде ишке ашырам. Ошондой жоопкерчиликтүү жол менен «Кыбыла» атуу китебим жарыкка чыкты. Дагы бир жоопкерчиликтүү айтып коюп «Биз жоготкон адамдар» аттуу китебимди жазып жатам. Аны дагы тартуулайм окурмандарга.

– Китеп жазууну эмнеден баштайсыз?

– Анын темасынан. Алдын ала ачылыштар ачыла берет. Жаратылыш сыры, адам мүнөзү, персонаждар, сүрөттөмө, философия дегендей. Жадагандай ачылыштар да ачылып кетет. Мени өкүндүргөнү азыр адабий сынчылар жок. Сынды туура, так берген адабиятчылар жок да. Ушунун айынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары да ачылбай жатат. Кээде күлкүң келет. Философияны түшүнбөгөндөр ал түшүнүк жөнүндө сүйлөбөй эле койсо. Ошондуктан адабияттын, көркөм чыгармалардын баа берүүчүлөрү чыкса.

– Чындыгында эле «Кыбыла» романында философия көп жазылгандай.

– Сиз билесизби, бийиктикке чыккан сайын бийиктик боло бергендей. Кыргыз элине өзүнүн философиясын бергендей. Биздин тоолордо өткөн сайын ашуулар, тоого чыккан сайын бийиктик боло берет. Бирок түз жол жок. Биздин философия да ошондой түз айтканга болбойт. Бийиктик бийиктей берет. Биздин философия тоолорубузда. Бул сөз да философия көрдүңүзбү. Эми ойлонуңуз. Кыска ойду эмес, бийик ойду талап кылчу нерсе бекен. Ал эми биздин тоолордо кыска жол жок да. Тоолордо бийиктик гана бар. Төрт тарабың Кыбыла деп айтканы менен Кыбыла бир тарапта да. Дагы бир нерсе түш дагы өзүнө камтыган сырдуу  касиет. Бир нече жыл мурун каза болгон адамды биз аны тирүү көрөбүз да. Көрдүңүзбү, кандай сыр жатат. Бул менин кийинки романным «Биз жоготкон адамдар» чыгармасында берилет. Азыр ыр жазгандары менен ал жерде поэзия жок, кара сөз менен проза жок. Проза, поэзия бул адабий жанр. Чыгармада персонаж, философия, касиет болбосо анын эмнеси чыгарма. Бул жөнүндө менин узун, узак оюм бар. Ошондуктан «Кыбыла» романына философия берилгени ошондой. Мен философиясыз, логикасыз жашай албайм. Дайыма адамдын, жаныбарлардын, жаратылыш кубулушуна анализ жүргүзгөндөрү сапат кылып алдым окшойт.

– Сиздин «Кыбыла» чыгармаңызды окуп алып, кээ бир жеринде ыйладым, күлдүм дегендей. Мисалы сиз эркексиз, аял кишини да түшүнгөн эркек экениңизди китебиңизден билинип турат. Кайдан аласыз?

– 2006-жылдын июль айында кыргыз ойчулу, дүйнө генийи Чыңгыз Айтматовдон интервью алып жатсам улуу жазуучу айтты эле «Кудай Таала бергени менен тагдыр деген болот» деп. Бул турмуштан, тагдырдан баскан жолдондор алынды. Ал адамдардын баскан жолу да. Ошондой эле түштө көзүм шишипуктап кетиптирмин. Түшкү түшүмдө улуу манасчы Жусуп Мамай сүйлөа жатыптыр «Бир демеден бир нерсеге күн себепчи» болот деп. Анын сыңары өмүрдөгү күндөр себепчи. Ал жерде жакшы менен жамандын жаатташышы. Кенен чөйрө менен тар чөйрөнүн кармашышы, көрөгөчтүк менен көрө албастыктын күч сынашышы, өмүр менен өлүмдүн кармашышы турат. Ал жерде жазуу  бар «Аялзатындабүткүл дене керемети турат, эркекте мүчө болгону менен» деген. Сүйүүнүн да ысык, суугу бар. Сезимдин козголушу, козутканы да бар.

– Чыңгыз Айтматов жөнүндө көп кеп кыласыз. Канча жолу жолуктуңуз.

– Мен өмүрүмдө төрт жолу жолуккан экенмин. Улуу адам менен жолуккан күндөрүм менин улуу күндөрүм экен. Бир жолкусунда Бишкекте Филармонияда бир салтанат болуп 2006-жылдын күз айларында, анда ЭлТР телеканалында продюсер элем. Ошол салтанатка ал кездеги өлкө башчысы  да катышкан. Залынан карап турсам министрлер, коомдук ишмерлер өлкө башчысы менен сүрөткө түшүп калалы деп түшүп жатышат. Бир маалда журналисттер менен түштү. Мен Чыңгыз Айтматовду көрүп калып сүрөткө түшүп калдым. Ошондо ал киши менен сүрөткө түшкөнгө башкалары да ыктап калганда кирүүгө чакырып калышты. Ажо менен сүрөткө түшпөй Чыңгыз менен түшкөм. 60-минуттук «Үч бурчтук» автордук көрсөтүүм бар эле. Чыңгыз Айтматов келди. Тартынды. Алып баруучу катары мындайга баштаган Жазуучусу жок элдин тарыхы жок, жазуу билбеген адамдын өмүр баяны жок. Ал эми кыргыз  элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматову бар деп жанына келип суроо берсем, күлүп, көз карашын салып койду эле. Карачы, көз карашын салган. Ошондо билгем адамды кароо дагы маданият экенин.

– Жашоодо эмнеге үйрөндүңүз. Жакшы, жаман жагы барбы?

– Ооба, экөө тең болот. Биринчи жакшы жагынн айтсам, коомго көз жүгүртө билгенди, адамды анализдей баштадым.  Жакшы болобу, мейли жаман болсун ага өзүмдүн аныктоом бар. Жаман адат таап алдым окшойт. Идея жашырганды үйрөнүп алдым. Азыр дагы философия жөнүндө көп нерсени кытып койдум. … жагынан болобу сактап коймой, жашырып, кытып коймок дегендей. Бирок кытып коймойлор чыгат. Чыккыча катылып турат.

– Азыркы МТРКга эмне дейт элеңиз?

– Мен 2010-жылдан 2016-жылдын октябрь айына чейин башкача айтканда алты жылдан ашык жети жылга жакын жетекчи болуп иштептирмин. Жети жылга эки ай жетпептир ноябрь, декабрь дегендей. Муну айтып жатканым менден кийин  да киши иштесин да. Ийгилик каалайм. Заман өзгөрүп жатат, өзгөрүү болсун, жаңы нерселер болуп турсун, жаңылансын. Бөкөнбай Борукеев, Нышанбек Кочкоровдор мага кирип Ырысбек Зулумбеков, Маматкадыр Маматалиевдерди бир айга бер биз менен болсун деп сурап калышчу. Мен макул болуп жооп берчимин. Себеби бизден улуу муундар бири-бири менен сүйлөшүп, чер жазып тургандары жакшы да. Ансыз десе бөкөнбай байкебиздин көзү өтүп кетти. Эгер ал кишинин сөзүн аткарбай койсом азыр өзүм өкүнүп калмак экем. Аксакал журналистибиз Рыспай Жумабеков, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Исаева бар. Ушуларды дагы майрамы менен куттуктайм. ЖТРК менин өмүрүмдүн барагы да. Кесиптештерим менен кыйын учурда, падышалардын кармашы өткөөл мезгилде иштедик. Баарыңарды майрамыңар менен куттуктайм. Аймак гезити алга карай жолуңар шыдыр болсун.

Г.Сабирбекова, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17