Аймак

АЖЫЛЫККА БАРУУДА РУХУҢУЗДУ, ЖҮРӨГҮҢҮЗДҮ, НИЕТИҢИЗДИ ТАЗАРТУУҢУЗ КЕРЕК

АЖЫЛЫККА БАРУУДА РУХУҢУЗДУ, ЖҮРӨГҮҢҮЗДҮ, НИЕТИҢИЗДИ ТАЗАРТУУҢУЗ КЕРЕК

 7,292 Бардыгы /

АЖЫЛЫККА БАРУУДА РУХУҢУЗДУ, ЖҮРӨГҮҢҮЗДҮ, НИЕТИҢИЗДИ ТАЗАРТУУҢУЗ КЕРЕК

2018-жылы уюштурулуп жаткан ажылык сапар боюнча Жалал-Абад Казыятынын ажылык иштеринин адиси Давранбек Жунусалиев менен маек. 

-Ассалому Алейкум, ажылык сапарга даярдануу учуру келип калыптыр. Ажылыкка баруу кимдерге парз?

-Бисмилахир Рохмаанир Рохиим. Жараткан Алла Таалабызга чексиз мактоолорду айтуу менен бирге элибизге ажылык зыяраттына барууга мүмкүнчүлүк берилгенине шүгүрчүлүк келтирели. Бүгүнкү күндө ажылык кимдерге парз, албетте ыймандуу, толук намаз окуган, орозосун кармаган, зекеттин берген жана ислам динибиздеги беш парздын бири болгон ажылыкка барууга кудуретти жеткен ден-соолугу чың, ажылыктын жолуна кадыр болгон инсандар үчүн парз болот. Ажылык милдетти аткаруу учурунда адам тарабынан эч бир күнөөлүү иш жасалбаган ажылык “кемчиликсиз ажылык” болуп эсептелет. Мына ушундай түрдө ажылыкты аткарыш керек.

 

      Ажылык сапарына барууга кантип даярдануу керек?

-Ажылык сапарына баруу үчүн документ тапшыруудан да мурун, адамдар эң алгач өзүнүн рухун, жүрөгүн, ниеттин, ыкласын тууралап алышы керек. Анткени ажылык жөнөкөй амал эмес. Бул өзүнүн каражатты менен барып, ошол жерди көрүп, Алла Таалага чын дили менен сыйынып аткарып келе турган ажылык сапары болгондуктан ыкластын  бекемдигин сөзсүз түрдө талап кылынат. Анткени ал Аллахтан күнөөлөрдү толук кечирилүүсүн сурануучу ыйык жай. Ал жерге тазалануу үчүн барышат.

 –Ажылыкка каттоо иштери башталыптыр, качанга чейин жүргүзүлөт?

-Өлкө аймагында ажылыкка каттоо иштери 2018-жылдын 23-январынан башталды. Жалал-Абад аймагында дагы бир ай мөөнөт ичинде каттоо иштери жүргүзүлөт. Тагыраагы 23-февраль кечки саат 17:00гө чейин. Ошондой эле Жалал-Абад областына калктын санына жараша квота бөлүнүп берилет. Азырынча расмий квота бөлүнүп бериле элек. Себеби ажылыктын баалары да анык эмес. Өзүңүздөргө маалым Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы авиакомпаниялар жана кийим тигүү, эмдөө иштери боюнча тендер жарыялап сынак өткөрүп жатат. 2018-жылда ажылык иштерине байланыштуу өткөрүлүп жаткан сынак жүргүзүлгөндөн кийин, баасы аныкталганда билинет. Жалал-Абад областты боюнча 8 пункта ажылыкка каттоо иштери жүргүзүлүп жатат. Алар Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Таш-Көмүр, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жайгашкан.

 –Өткөн жылдан быйылкы жылкы ажылыктын өзгөчөлүктөрү эмнеде?

-Кыргызстан дин башкармалыгы тарабынан билдиргендей Сауд Арабиясы быйыл Кыргызстан үчүн ажылыкка бөлүнгөн орундардын санын көбөйттү. Өткөн 2017-жылы 4 585 орун берилген болсо, быйыл андан көп (канчага көп же саны тактала элекпи?) ажылыкка баруучулардын тизмеси такталат. Ошондой эле жаңы биометрикалык паспорт жана тышкы паспорт менен катталат. Андан сырткары РСК банкына 500 (беш жүз) доллар, кошумча 1000 сом кайтарылгыс акча дагы төлөнөт. Мына ошол төлөмдөрдүн квитанциясы, 3-4 өлчөмдө төрт даана сүрөт керектелет. Аял киши бара турган болсо, өзүнүн эркек кишилерден бара турган жакын туугандары агасы, иниси, баласы, күйөөсү, же болбосо атасы мына ушундай махрам кишиси жана аларды жакын эркек кишиси экендиги тууралуу тастыкталган документтер керек болот. Мисалы ажылыкка бара турган аялдын баласы экендиги тууралуу күбөлүгү. Күйөөсү аялы кетип жаткан болсо, алардын мамлекеттик нике күбөлүгү. Эгерде бир туугандар кетип жатышкан болсо алардын бир тууган экендигин тастыктоочу күбөлүгү керек. Анткени биздин Имам Аъзам масхабыбыздын негизинде аял киши үч күндөн ашык узак жолго махрамы менен баруу зарыл, башкача айтканда жакын эркек кишиси менен баруу талап кылынат.

 –Окуулар, түшүндүрүү иштери кандай жүргүзүлөт?

-Ажыларыбыз буйруса бир ай ичинде тандалып бүтөт. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында убактылуу Республикалык штабтын комиссиясы бар. Ар бир органдан киргизилип түзүлгөн. Мына ошолор ажы башчыларды тандайт. Ал эми ажы башчылар ар бири өзүнүн ажыларын 50 адамдан бөлүп алып, аларга кам көрөт. Ажы башчыларына өздөрүнүн карамагындагыларды окутуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ажылык кийим кечесин таркатуу жана ал жердеги мыйзамдарды тааныштыруу милдети жүктөлөт. Аэропорттон өткөндөн баштап, Мадинадагы, Меккедеги зыяраттар, ажылыктын парз, важиб, сүннөттөрүн экскурсиялык зыяраттарды, ал жердеги мыйзамдарды, аба ырайынын ысыктыгында андан кантип сактанышы керектигин бардыгын бардыгын ошол ажы башчы үйрөтөт. Ажы башчылар ажылыкка барып келүү боюнча, жылдык практикага караганда 15 жолунан ашык  ажыларына сабак өткөрүшү зарыл.

-Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда ажылык зыяраттын суммасы кандай?

-Кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу бизде ажылык зыяратты арзан. Аларда төрт миң, беш миң доллар болсо, биз үч миң долларга да жете элекпиз, 2700 (эки миң жетти жүз) доллар. Арзандыгынын себеби, Мекке шаарындагы жатаканалардын бекер болгондугу. Анткени илгери заманда барып калган, биздин ата-бабаларыбыз ошол жерде кичинекей мейманканаларды куруп, андан түшкөн акчасына чоңойтуп олтуруп өмүрүнүн аягында биринен-бирине калтырып, Орто Азиядан келген ажылар болсо, ким болбосун ушул Меккедеги жатаканаларда бекер эс алып кетсин деп мурас калтырып кеткен экен. Ошонун негизинде ал жатаканалар бүгүнкү күндө көп кабаттуу болуп кеңейтилген. Ата-бабаларыбыздын калтырып кеткен мурасы болгондуктан Кыргызстандан барган ажылар 20-25  күн Мекке шаарындагы жатаканаларда акысыз эс алышат. Мына ушул жатакананын акысыз болгондугунун негизинде биздин өлкөдө ажылык сапарына баруу арзан. Эгерде Мекке шаарындагы мейманкана акчалуу болгондо бизде деле  төрт, беш миң доллар болмок.

-Ажылык качан, кантип кабыл болот?

-Жогоруда айтканымдай чын ниетти менен ыклас кылып, “Алла Тааладан карыз элем, ажылыктын парзын чын дилим менен аткарып келейин” – деген максат  менен барган инсанга ажылык кабыл болот буйруса. Ошондон кийин оңолуу жолуна түшөт. Мисалы намазы кабыл болгон адамдын дагы мурда жасап жүргөн жаман жоруктары жоюлгандыгынын негизинде намаз кабыл болуптур десе болот. Ажылык деле  кудум ушундай ажыга барып келгенден кийин мурдагы күнөө иштерин жасабай таштап, ислам дининде көрсөтүлгөн парзды дайыма аткарып толук тазаланышы керек, мына ошондо буйруса ажы наамына татыктуу болот. Инсан бул дүйнөгө байлык топтоо, тамактануу, мансап  үчүн келбеген. Аллахка ибадат кылып акыретке даярдануу үчүн жаратылганбыз. Мына ушул жолдо жалпы ажылык сапарына аттанып жаткан мусулман бир туугандарыма сапарыңыздар байсалдуу болуп, эсен-аман барып келүүсүн, ажылыктын жөрөлгөлөрүн жеңил кылуусун, Пайгамбарыбыз Мухаммед САВдин сүннөт жолу менен аткарып ажылыгыңыздар кабыл болуусун Жараткан Алла Тааладан тилейм.  Өлкөбүздө ажыларыбыздын саны дагы да көбөйө берсин. Алла Тааланын жолунда жүргөн бардык мусулмандарга ажылык сапарына баруу насип кылсын. Оомийин.

 

Шахноза Насирова, “Аймак”

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17