Аймак

Розакан МАМАНОВА: «МЕНИ КУУГУНТУКТАГАНДАРДЫН БАШЫНДА АКРАМ МАДУМАРОВ ТУРАТ»

Розакан МАМАНОВА: «МЕНИ КУУГУНТУКТАГАНДАРДЫН БАШЫНДА АКРАМ МАДУМАРОВ ТУРАТ»

 6,050 Бардыгы /

         «Жогорку элдик көзөмөл» коомдук бирикмеси соңку жылдарда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы жана Кызыл-Кыя шаарындагы жемкорлукту абдан  катуу ашкерелеп келатат. Аталган  бейөкмөт уюмдун түштүк жергеси боюнча координатору Розакан МАМАНОВА жемкорлукту ашкерелөөгө кошкон ири салымы үчүн бир ооз жылуу сөз укпастан, тескерисинче, укук коргоо органдарына алмак-салмак чакырылып, дегеле сурактан башы чыкпай келатат.

        – Розакан айым, жаңы эле сурактан чыктыңыз. Милицияга ат тезегин кургатпастан чакыртылышыңыздын жүйөөсү эмнеде?

– Кыргызстандын кадрлар кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров Кадамжай районунун акими кезинде бир катар мыйзамсыз жоруктарга аралашкан. Маселен, мамлекеттин карамагындагы жерди  ит бекер трансформациялап, Бел-Алма көмүр кенине – ууру-кескилерге карматып ийген. Майдан айыл өкмөтүндө эки миллион 600 миң сом каржылык тартип бузулган. Биздин активдүү аракетибизден кийин гана мынча сумма толук бойдон мамлекет казынасына кайтарылган. Тилекке каршы, күнөөкөрлөр жазадан ушинтип гана опоңой кутулушту. Бирөө дагы сот жообуна тартылган жок!

Ал эми Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Акматжан Абдырахманов жер тилкелерин мыйзамсыз сатып ийген. «Достук»  маданият клубун ремонттодук!» деп 5 миллион сомду дагы көз көрүнөө ашап коюшкан. Мындай фактыларды чубай берсек, чынында, дегеле түгөнбөйт.

         – А анда эмне үчүн Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө эмес Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнө сурак берип жүрөсүз?

– Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы вице-мэри Мамыт Ботоев дагы жер тилкелерин жарандарга мыйзамсыз бөлүштүрүп, кадимкидей эле соодалаган. Ошентип, мамлекетке мен билгенден беш миллион сом зыян келтирген. Бул туурасында соттун дагы чечими бар. Ошого карабастан ага шаардык архив кызматын дагыле башкартып ташташты.

– Жарандык активдүүлүгүңүздү көрсөтүп, ушулардын баарын ийне-жибине дейре ашкерелеп, укук коргоо органдарына кайрылсаңыз, кайра адегенде өзүңүздү камап, эми эч жакка таптакыр жылбаганга тыюу салып коюштубу?

– Ооба. Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы вице-мэри, азыркы калаа архивинин башчысы Мамыт Ботоевдин жубайы Акмөөр Маматова менин үстүмдөн укук коргоо органдарына арыз жазыптыр. Анда өткөн жылы бул үйдө уурулук жасалып, ошол маалда анын үйүнөн миллион сомдон ашык акча дагы уурдалыптыр. Ошондо  мен Акмөөр Маматовадан «Ишиңди аягына дейре чыгарам! Ууруларды дагы табам!», – деп 50 миң сом алыпмын. Ыя, айланайын! Жактоочулук лицензиям жок болсо, кантип ушинтмекмин. Мындан тышкары бул аялдан 50 миң сом эмес 50 тыйын дагы алган эмесмин! Жөн эле догурунуп, курулай доомат артып жатат.

         – Деги сага карата козголгон кылмыш иштеринин башында кимдер турушу ыктымал?

– Адегенде убактылуу кармоочу жайда 36 күн кармашты. Эми мени биротоло түрмөгө камаганга далбаса жасап жатышат. Албетте, менин үстүмдөн козголгон кылмыш ишин мен саясий куугунтук сыңары гана эсептеймин! Булардын артында мен билгенден Кадамжай районунун мурдагы акими, ушул таптагы Кадрлар кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров турат. А кишинин түздөн-түз көрсөтмөсүнүн негизинде укук коргоо органдары ар нерсени ойлоп табышып, эптеп мени жок кылуунун аракетин жасап келатышат.

– Розакан айым, «Үмүт акырында өлөт» дешет эмеспи. Демек, Сиз дагыле акыйкаттык издеп жүрөсүзбү?

– Ооба. Эми акыркы үмүтүм Президентибиз Сооронбай Жээнбековдо гана калды. А кишинин жемкорлукка каршы аеосуз күрөшкөн туруктуу саясатын мен дагы толук бойдон колдоймун! Мен деле жемкорлукка каршы үзгүлтүксүз күрөшкөндөрдүн биримин.

Жашырып не. Баткен облусунун Кадамжай районундагы жана Кызыл-Кыя шаарындагы жергиликтүү бийликтердеги жана укук коргоо органдарындагы жемкорлукту, ошондой эле орой мыйзам бузууларды Президентибиз Сооронбай Жээнбеков дээрлик билбейт. Ошондуктан, мага окшогондордун үнүн угуп жана жазгандарын окуп, өлкөбүздүн башчысы мамлекеттик кадрлар кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаровго, Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы вице-мэри Мамыт Ботоевге карата катаал чара көрөөрүнө терең ишенем! Анткени, бекем чырмалышкан жемкорлор системасы Кыргызстандын болочогуна балта чаап жатпайбы.

Розакан айымдын уулу Алманбет

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Кызыл-Кыя шаары

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17